Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/6 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
Т О К Т О М
Кербен шаарынын Курулуш айылынын Живпром участкасынын тургуну Сатыбалдиев Алимбекханга турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жѳнүндѳ
Кербен шаарынын мэриясынын 29.03.2023жылы №01-20/239 “Сатыбалдиев Алимбекханга Кербен шаарынан турак-жай салуу үчүн жер участогун бѳлүп берүү жѳнүндѳ” кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Тоголок жетим Кербен шаарынын тургуну А.Сатыбалдиевге турак-жай куруу үчүн жер тилкесин табуу жана бѳлүп берүүнү кезексиз кароо жагы Кербен шаарынын мэриясына сунушталсын.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал- Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Турдалыевге жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы Ж.Омуралиев
Кербен ш. 25.04.2023-ж. Токтом №10/6