2024-жылдын 30-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 25/5 токтому

Админ
Автору Админ July 29, 2024 16:46

    Кашка-Суу айыл аймагын Кербен шаарынын административдик чек арасынын жол картасына жайгаштырууну карап        чыгуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кербен шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кербен шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 18-апрелиндеги №23/4 токтомуна ылайык, Кашка-Суу айыл аймагы ѳз алдынча аймак болуп түзүлүүсүнѳ берилген макулдугунун негизинде Кербен шаарынын административдик чек арасынын жол картасына киргизилбесин.
  2. Кербен шаарынын административдик чек арасына кирген, Кербен шаары менен Жерге-Тал айыл аймагынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
  3. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасына жана Кербен шаарынын мэрине Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
  1. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана Аксы районунун мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
  1. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

              Кербен шаардык

              Кеңешинин төрагасы                                                Р. Назарбеков

 

Кербен ш. 30.05.24-ж.  25/5

Админ
Автору Админ July 29, 2024 16:46

Кызмат көрсөтүү