2024-жылдын 8-июлундагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 26/3 токтому

Админ
Автору Админ July 30, 2024 11:43

       Кербен шаарынын Курулуш айылындагы № 1371, 2027 жана 1333 ирригациалык 3 (үч) скважинаны жана Жетиген               каналын менчикке алынып, суу ресурстар кызматынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кербен СПАсынын катын карап жана талкуулап чыгып  Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаарына караштуу Жетиген айылынын тургундарынын Кербен СПАсы менен болгон 10-апрель 2024-жылдагы чогулушунун токтому аткарууга алынсын.
  2. Кербен шаарынын Жетиген айылындагы 2106м узундуктагы “Жетиген” каналы жана  Курулуш айылынын үлүш жерлеринде жайгашкан №1371, №2027, № 1333 (үч) скважиналары мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
  3. Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн  Жалал- Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан  кийин күчүнө  кирет.
  5. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  Кербен  шаардык  Кеңешинин  суу ресурстары, муниципалдык  мүлк, экология  жана  агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Т.Арзыматовго жүктөлсүн.

 

         Кербен шаардык

         Кеӊешинин төрагасы                                   Р.Назарбеков

 

Кербен ш. 08.07.24-ж.  №26/3

Админ
Автору Админ July 30, 2024 11:43

Кызмат көрсөтүү