Кербен шаардык кеңешинин кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы №27/15 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын кызматтык батирди муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 30-августундагы № 3-44/404 катына негиз , Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык Кербен шаардык кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 3-сентябрындагы дагы № 65 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин электрондук порталына кызматтык батир сатып алуу боюнча конкурс жарыяланып,жыйынтыгында 3 500 000 (үч миллион беш жүз мин) сомго сатылып алынган кызматтык батир муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин .
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрында № 610 токтом менен бекитилген « КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25- пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресустар, кадастр, геология жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Аксы филианынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков
Кербен ш. № 27/15 04.092024-ж.