Кербен шаардык кеңешинин кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы №27/13 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын Кашка-Суу айылынын Тосту участкасындагы кирүүчү негизги Тосту- Сары-Таш жолду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 30-августундагы № 03-44/406 катынын негизинде Кербен шаарынын Кашка-Суу айылынын Тосту- Сары- Таш участкасынын киричүү негизги 11 800 метр жолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрилигине өткөруп берүү боюнча кайрылган. Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын Кашка-Суу айылынын Тосту участкасындагы кирүүчү негизги Тосту – Сары-Таш 11 километр 800 метр жолду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин.
- Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал- Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы Кербен шаарынын мэри Э.Зияйдиновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков.
Кербен ш. №27/13 04.09.2024-ж