Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 22-февралындагы № 27/5 токтому

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:53

Кербен шаарынын Жетиген айылындагы бала-бакчаны муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө.

         Кербен шаарынын Жетиген айылындагы курулуп,бирок иштебей турган  бала-бакчаны муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин 2021-жылдын 26-январындагы  № 3-35/61 кайрылуусун, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 11-февралындагы № 26 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин  VII-чакырылышынын  кезектеги  жыйырма жетинчи сессиясы

                                      Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

1.Кербен шаарынын  Жетиген айылындагы 50 орундуу бала бакчаны муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

2.Кербен шаарынын мэриясына, кабыл алуу боюнча иш чараларды жүргүзсүн,  бала бакчаны инвентаризациядан өткөрүп, тийиштүү каражат бөлүп, ремонт иштерин аягына чыгарып, эмеректер менен камсыздоо жагы жүктөлсүн.

3.Кербен шаарынын мэриясы КР билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте штат маселесин чечсин.

4.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

5. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ы.Сарыевге  жүктөлсүн.

Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы:                                    Н.Шадыбеков

Кербен ш. 22.02.21ж. № 27/5

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:53