Башкы баракка

Регламент

Тиркеме 1

Кербен шаардык Кенешинин 2013-жылдын 6-февралындагы
№ 2/2 токтому менен бекитилген

Кербен шаардык кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ

I БӨЛҮМ. Жалпы жоболор
1-глава. Шаардык кеңеш
2-глава. Шаардык кеңештин компетенциясы

II БӨЛҮМ. Шаардык кеңештин түзүмү жана органдары
3-глава. Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары
4-глава. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы
5-глава. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

III БӨЛҮМ. Депутаттык фракциялар
6-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
7-глава. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү
8-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.
Шайлоочулардын суроо-талаптары

IV БӨЛҮМ. Шаардык кеңештин ишинин жалпы тартиби
9-глава. Шаардык кеңештин биринчи сессиясы
10-глава. Шаардык кеңештин ишин пландоо
11-глава. Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби
12-глава.Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби
13-глава. Депутаттык мандат
14-глава. Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби
15-глава. Шаардык кеңештин сессияларынын отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары
16-глава. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары

V БӨЛҮМ. Шаардык кеңештин регламенти
17-глава. Шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби

I БӨЛҮМ Жалпы жоболор

1-глава. Шаардык кеңеш

1.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык шаардык кеңеш шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Шаардык кеңеш сессиялык мүнөздө иштеген, шаардын тийиштүү аймагында жашаган шайлоочулары тарабынан жалпы, бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө жашырын добуш берүү менен шайланган депутаттардан турат.
1.2. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген ар кандай маселелерди өз алдынча чечет, алардын чыгарган чечимдерин аткарууну камсыздайт, бул чечимдердин иш жүзүнө ашырылышына көзөмөл жүргүзөт жана юридикалык жак болуп саналат.
1.3. Шаардык кеңештин өз ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кабыл алынган чечимдери шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар жана менчик түрүнө карабастан алардын бирикмелери, шаардык өз алдынча башкаруусунун кызматтык жактары, шаарда жашаган жарандар жана жарандыгы жок жактар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
1.4. Шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, шаардын Уставы жана ушул регламент менен аныкталат.
Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруу-укуктук түрү – сессия болуп саналат.
1.5. Шаардык кеңештин регламенти шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин, анын ишин уюштуруу маселелерин, сессияларды чакыруу жана өткөрүү тартибин, шаардык кеңештин органдарынын калыптануу тартибин белгилейт, ошондой эле анын көзөмөлдөө ишинин жолун жана тартибин аныктайт.
1.6. Шаардык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук, объективдүүлүк, депутаттардын маселени эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет. Маселелерди талкуулоого чакырылган жактар да катыша алышат. Шаардык кеңештин сессиялары ачык өткөрүлөт. Жабык сессиялар эгер каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болгон учурда гана өткөрүлөт.
1.7. Шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Регламент белгилеген кепилдиктердин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин тоскоолсуз ишке ашыра алышат.

2-глава. Шаардык кеңештин компетенциясы

2.1. Шаардык кеңештер Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө» Мыйзамына ылайык төмөнкү маселелерди карайт жана чечим кабыл алат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттик эмес фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамчыгаруусунда каралган учурларда алар боюнча чендерди белгилөө;
5) жергиликтүү жамааттардын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана башкаруунун тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына көзөмөл жүргүзүү;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү;
9) тийиштүү мамлекеттик бийликтин органына киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, шаардык кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
11) шаардык кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өзүнүн чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө;
13) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттык санын Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну, ошондой эле катуу тиричилик таштандыларды чогултуу, алып чыгуу жана жок кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарифтерди бекитүү;
15) алкогол ичимдиктерин жана тамеки түрлөрүн сатуунун убактысы жана орду боюнча аларга тыюу салууга чейин чектөөлөрүн жана каада-салттык иш чараларды өткөрүү тартиптерин аныктоо;
16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй алдындагы участокторду күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттардын Уставы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
2.2. райондук маанидеги Кербен шаардык кеңешинин сессияларында төмөнкү маселелер кошумча чечилет:
– шаардын мэрин шайлоо;
– ушул Мыйзамда белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдирүү;
– мыйзамдарда бекитилген тартипте шаар жерлерине салыктын базалык ставкаларынын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларын белгилөө.

II БӨЛҮМ Шаардык кеңештин түзүмү жана органдары

3-глава. Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары

3.1. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашырын добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Шаардык кеңештин төрагасынын кызматына талапкерлерди көрсөтүү укугуна көпчүлүктүн фракциясынын же көпчүлүктүн коалициясынын депутаттары ээ.
Шаардык кеңештин төрагасы эгер ага шаардык кеңештин жалпы депутаттарынын ичинен көпчүлүк депутаттар добуш берсе, ал шайланды деп эсептелинет.
Шаардык кеңештин төрагасынын шайланышы тууралуу шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
Шаардык кеңештердин төрагалары илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары акы төлөнүүчү башка кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.
3.2. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин же жергиликтүү кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча, жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
3.3. Шаардык кеңештин төрагасы:
– шаардык кеңештин сессиясын чакырат;
– сессияларга төрагалык кылат;
– шаардык кеңештин сессиясында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт;
– шаардык кеңештин токтомуна кол коет жана алардын аткарылышын контролдооону уюштурат;
– шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
– шаардык кеңештин аппаратынын ишин контролдойт;
– шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын жана туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагаларынын алардын кызматтык милдеттерин аткаруусун контролдойт;
– айрым учурда орун басарына кээ бир ыйгарым укугун өткөрүп бериши мүмкүн;
– депуттартарга алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууларына, жарандарды кабыл алууга, шайлоочулардын алдында отчет берүүгө көмөк көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыздайт, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
– шаардык кеңештин жана анын органдарынын иши жөнүндө коомдук пикирдин айкындуулугун жана эсепке алынышын камсыздайт;
– мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана жарандар менен болгон мамиледе шаардык кеңештин атынан чыгат;
– шаардык кеңештин аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
– өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйрук чыгарат;
– шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгаша сметасына ылайык башкарат;
– шаардык кеңеште иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө жобону бекитет;
– шаардык кеңештин чыгаша сметасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыздайт жана бюджеттик жылдын аякташынан 3 ай мурун аны шаардык кеңештин сессиясына кароого берет;
– бюджеттик жыл аяктагандан кийин 2 айдан кеч эмес шаардык кеңештин сессиясына шаардык кеңештин өткөн жыл үчүн чыгашалары жана алардын бекитилген чыгаша сметасына ылайык келүүсү же андан ашып кетиши тууралуу жазуу түрундөгү кеңири отчетту кароого берет;
Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин сессиясына отчет берет.
3.4. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шаардык кеңештин төрагасынын сунуштамасы боюнча депутаттардын ичинен ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен көпчүлүк добуш алган талапкер шайланды деп эсептелинет.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук негизде жүргүзөт.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын шайланышы тууралуу шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
3.5. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары:
– шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
-айрым учурларда төрага өткөрүп берген ыйгарым укуктарды аткарышы мүмкүн;
– депутаттык фракциялар менен өз ара аракеттенет;
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.

4-глава. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы

Шаардык кеңештин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаардык кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат.
Жооптуу катчы:
4.1. Депутаттарды, өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда тийиштүү маалымат менен камсыздайт;
4.2. Шаардык кеңештин ишинин келечектүү планын аткарууну камсыздайт;
4.3. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишинде өз ара аракеттенет;
4.4. Шаардык кеңешке келген документтерди аткарууну эсепке алат жана аткарылышын контролдойт;
4.5. Шаардык кенештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана аларды шаардык кеңештин депутаттарына фракциялар аркылуу жеткирүүнү контролдойт;
4.6. Сессиянын ишине катышууга депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, өз алдынча башкаруунун коомдук органдарынын өкулдөрүн жана башка жактарды чакырууну уюштурат;
4.7. Шаардык кеңештин сессиясынын материалдарын даярдоону, документтерди аткарууну, контролдоону жана текшерүүнү уюштурат;
4.8. Шаардык кеңештин аппаратынын ишин уюштурат.

5-глава. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

5.1. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык депутаттардын ичинен туруктуу комиссиялар түзүлөт, шаардык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле шаардык кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу жана аларды аткарууну контролдоону ишке ашырат.
Кенеш тарабынан ошондой эле убактылуу коиссиялар да түзүлсө болот. 5.2. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңеш тарабынан шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө тузүлөт. Комиссиянын тизмеси, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби шаардык кеңеш тарабынан аныкталат. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде эгер зарыл болсо, жаңы туруктуу же убактылуу комиссияларды түзө алат, мурун түзүлгөндөрдү жое алат жана кайра түзө алат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
Шаардык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
Туруктуу комиссиялардын курамына шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шайлана албайт.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өзүлөрүнүн курамынан төраганы жана төраганын орун басарын ачык добуш берүү менен шайлайт, аларды шаардык кеңеш ачык добуш берүү менен бекитет. Комиссиялардын төрагасы, төраганын орун басары эгер шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болсо, шайланды деп эсептелинет.
Туруктуу комиссиялардын иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, объективдүүлүк, маселени эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет.
Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына таандык маселелер боюнча тийиштүү чечим жана корутунду чыгарышат.
5.3. Туруктуу комиссияларды жетектөөнү тийиштүү комиссиялардын төрагасы ишке ашырат. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин алдында жооптуу жана ага баш ийет.
Туруктуу комиссиялардын чечими шаардык кенештин сессиясында жокко чыгарылышы мүмкүн.
5.4. Шаардык кеңеш зарыл учурда анын компетенциясына кирген маселелерди иштеп чыгуу жана алдын ала кароо, ошондой эле таанышуу же изилдөө үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат. Убактылуу комиссия, дайыма ал даярдоо үчүн түзүлгөн маселе боюнча негизги комиссия болуп саналат.
Убактылуу комиссия шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы үчүн белгиленген тартипке ылайык өз ишин жүргүзөт.

III БӨЛҮМ. Депутаттык фракциялар

6-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор

6.1. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
6.2. Депутаттык фракция (мындан ары-фракция) партиялык тизменин негизинде калыптанат жана шаардык кеңеш тарабынан каттоого алынат.
6.3. Фракция анын түзүлгөндүгү, аталышы, тизмелик курамы, лидердин жана анын орун басарынын аты-жөнү жөнүндө жазуу түрүндө кулактандырылган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
Фракция башка партиялардан өткөн депутаттарды өзүнүн курамына киргизүүгө укугу жок.
Мөөнөтүнөн мурда чыгарылган депутаттын ордун алмаштырган депутат тийиштүү фракциянын мүчөсү болот.
Депутат өзү шайланган партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусу жана көпчулук коалицияга кирүүсү мүмкүн.
6.4. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:
– шаардык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
– шаардык кеңеш өзүн-өзү таркатканда.
Партиянын ишин токтотуу же токтото туруу шаардык кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасир этпейт.
6.5. Фракцияны ал шайлаган лидер жетектейт.
Фракциянын лидеринин ыйгарым укуктары:
– фракциянын атынан шаардык кеңеште жана анын сыртында чыгат;
– фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
– фракциянын чечимине кол коет;
– фракциянын ичинде тартипти контролдойт;
– фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин органына кандидаттарды сунуштайт;
– фракциянын чечимдерин аткарууну контролдойт;
– фракциянын чечими боюнча сессияда талкууланган маселе боюнча анын саясий көз карашын, ошондой эле фракциянын коалицияга киргендиги жөнүндө жарыялайт.
– фракциянын шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;
– катчылыктын жана эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуштайт;
– фракциянын мүчөлөрүнүн шаардык кеңештин сессияларынын, туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишине, ошондой эле шаардык кеңештин иш чараларына катышуусун камсыздайт;
Фракциянын лидери төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызматын бир убакта ээлей албайт.

7-глава. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү

7.1. Фракция төмөнкүлөргө укуктуу:
– шаардык кеңеште каралган маселелер боюнча саясий көз карашын билдирүүгө;
– башка фракциялар менен коалицияга биригүүгө;
– шаардык кеңештин төрагасына шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
– фракциянын отурумуна кызыкдар жактарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;
– шаардык кеңештин жылдык иш планы боюнча сунуш киргизүүгө;
– шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына кандидаттарды сунуштоого жана аларды чакырып алуу боюнча сунуш киргизүүгө;
– шаардын мэри кызматына кандидаттарды сунуштоого;
– өзүнчө маселелер менен таанышуу боюнча жумушчу комиссияны түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
– бул же тигил маселе боюнча угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча фракциянын мүчөлөрүнун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуш киргизүүгө;
– шаардык кеңештин сессияларында протоколго киргизүү үчүн ар кандай талкуулануучу маселе боюнча фракциянын өзгөчө ойун берүүгө;
– фракциянын материалдарын жана документерин жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле шаардык кеңештин сайтында жарыялоого;
– фракциянын иш аракеттерине болгон шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциянын тартибин күчөтүү максатында тийиштүү чараларды көрүүгө;
7.2. Фракциялардын коалициясы (мындан ары-коалиция) коалициялык келишимдин негизинде иш жүргүзгөн фракциялардын жана айрым депутаттардын ыктыярдуу биригүүсү болуп саналат.
Коалицияны коалицияга кирген фракциянын лидери же коалициянын жетекчиси жетектейт, эгер бул коалициялык келишимде аныкталса.
7.3. Фракциялар фракциялардын коалициясына бириге алышат. Каалаган фракциялар жана айрым депутттар шаардык кеңештин көпчүлүк же шаардык кеңештин азчылык коалициясына биригүүсү үчүн бул жөнүндө шаардык кеңештин сессиясында жазуу түрүндө жарыялайт, мындан кийин ал расмий статуска ээ болот.
7.4. Коалициялык келишимде төмөнкүлөр чагылдырылат:
– коалициянын түзүлүшүнө негиз болгон макулдашылган саясий көз караштар;
– коалициянын саясий багыты;
– коалициянын ишинин принциптери;
– коалициянын чечимдерди кабыл алуу тартиби;
– коалициянын ишин токтотуу шарттары;
– коалициянын лидеринин аты-жөнү;
Коалициялык келишимге фракциялардын жана айрым депутаттардын коалицияга киргендиги жөнүндө чечимдери жана алар кабыл алган отурумдардын протоколдору тиркелет.
7.5. Коалиция өзүнүн ишин төмөнкүнү жарыялоодон баштап токтотот:
– фракция же фракциялар, андан чыккандыгын билдиргенде, эгерде анын жыйынтыгында шаардык кеңештин көпчүлүк статусу жоюулса;
– коалицияны таркатууда.

8-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.
Шайлоочулардын суроо-талаптары

8.1. Шаардык кеңештин фракциялары шаардын социалдык, экономикалык, маданий өнүгүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда жана бюджетин түзүүдө шайлоочулар менен туруктуу байланыш жүргүзөт, алардын кызыкчылыктарын жана сурамдарын көрсөтөт жана эске алат.
8.2. Шаардык кеңеш бедгилеген тартипке ылайык шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, фракциялардын лидерлери, шаардык кеңештердин туруктуу комиссияларынын төрагалары дайыма шайлоочулар менен кабыл алууларды жана жолугушууларды өткөрүп турат.
8.3. Шаардык кеңештин фракциялары шайлоочулар менен байланышта болуп турат. Шайлоочулардын фракцияларга, депутаттарга суроо-талаптарды берүү мүмкүнчүлүгү бар.
8.4. Шаардык кеңештин фракциялары мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүлөрүнүн иши жөнүндө отчет берип турууга милдеттүү.
Фракциянын отчету каалаган убакта шайлоочулардын жыйындарында жүргүзүлөт.
Фракциянын отчет берүүсү жөнүндө белгиленген тартипте шаардык кеңеш же анын органы маалымдайт.
8.5. Шаардын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү фракциянын мүчөлөрүнө отчет берүү жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн зарыл шарттар менен камсыздайт.
Шаардык кеңеш фракция мүчөлөрүн отчет үчүн зарыл болгон тийиштүү сурап билүү жана маалымдоо материалдары менен өз убагында камсыздайт.
Отчеттор жана шайлоочулар менен жолугушуулар жалпыга маалымдоо каражаттарында баяндалат.
8.6. Шайлоочулардын суроо-талаптарын жалпылоо, аларды алдын ала макулдашуу жана шаардык кеңештин сессиясына кароого берүү фракциянын жетекчиси аркылуу жүргүзүлөт.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планынын даярдалган долбоору шаардык кеңештин сессиясына кароого берилет.
8.7. Шаардык кеңештин сессиясы бул чакырылыштагы шайлоочулардын суроо-талаптары жөнүндө токтом кабыл алат жана аларды ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын бекитет.
Шаардык кеңештин сессиясы кээ бир суроо-талаптарды аткаруунун максатсыздыгы жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга укуктуу.
8.8. Аймакты экономикалык жана социалдык өнүктүрүү жана шаардын калкын социалдык коргоо, бюджетти калыптандыруу пландарын жана программаларын иштеп чыгууда, ошондой эле башка маселелер боюнча чечим даярдоодо шайлоочулардын суроо-талаптары эске алынат.
8.9. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну шаардын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүгү ишке ашырат.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууну контролдоону шаардык кеңештин аппаратынын бөлүмдөрү менен бирге фракциялар жана туруктуу комиссиялар жүргүзөт.
8.10. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну камсыздаган органдар сөзсүз түрдө, шаардык кеңештин токтому менен белгиленген мөөнөттөрдө суроо-талаптарды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берет.
Шаардык кеңештин фракцияларынын жетекчилери шайлоочуларды суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз маалымдап турушат.

IV БӨЛҮМ. Шаардык кеңештин ишинин жалпы тартиби

9-глава. Шаардык кеңештин биринчи сессиясы

9.1. Шаардык кеңештин ишинин негизги уютуруучулук-укуктук түрү -сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгили шаардык кеңештин ушул Регламенти менен аныкталат.
9.2. Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумадан кеч эмес мурунку чакырылыштагы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясын шаардык кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эң улуусу ачат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шаардык кеңештин Регламентин бекитүү, кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо маселелери, ошондой эле шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирет.
9.3. Шаардык кеңештин сессиясы кварталда бир жолудан кем эмес жана шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талаптары боюнча ачык өткөрүлөт.

10-глава. Шаардык кеңештин ишин пландоо

10.1. Шаардык кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Шаардык кеңештин иш планын даярдоо шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
10.2. Шаардык кеңештин иш планына маселелерди киргизүүгө шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, депутаттык фракциялар жана шаардын мэри укуктуу.
Шаардык кеңештин бекитилген иш планындагы маселелердин мазмунун өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу шаардык кеңештин сессиясынын токтому менен жол жоболоштурулат.
10.3. Шаардык кеңештин иш планын бекитүү учурунда сунушталган маселелер боюнча документтердин долбоорлорунун болушу талап кылынбайт.
Шаардык кеңештин ишин пландоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пландан тышкары документтердин долбоорлорун даярдоо жана шаардык кеңешке киргизүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.

11-глава. Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби

11.1. Шаардык кеңешке кароого берилген документтердин топтомунда ушул Регламентте белгиленген тартипте төмөнкүлөр камтылышы керек:
– баяндамачыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу жактын колу коюлган коштомо кат. Эгер документ шаардык кеңештин мурун кабыл алынган токтомун аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катта тийиштүү шилтеме көрсөтүлөт;
– шаардык кеңештин токтом долбоору;
Эгер шаардык кеңештин токтом долбоору материалдык жана финансы ресурстарды алып келүүнү же сарптоону караштырган сунушту камтыган учурда, иштеп чыгуучулар тийиштүү эсебин да көрсөтөт (экономикалык негиздеме).
11.2. Шаардык кеңештин токтом долбоору шаардык кеңештин аппараты тарабынан шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт. Шаардык кеңештин төрагасы токтом долбоорун алдын ала талкуулоону шаардык кеңештин бир же бир нече туруктуу комиссияларына сунуштоого укуктуу.
Токтом долбоорун шаардык кеңештин сессиясында кароого чейин аны жалпы шаардык талкуулоо, элдин алдына же депутаттык угуулар түрүндө алдын ала талкуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
11.3. Шаардык кеңештин сессиясында маселелерди кароонун негизги жол-жоболору:
– баяндама, азыркы Регламентте каралган тартипте кошумча баяндамалар;
– баяндамачыларга жана кошумча баяндамачыларга суроолор жана суроонун жооптору;
– талкуулануучу маселе боюнча жарыш сөз;
– баяндамачылардын жана кошумча баяндамачылардын жыйынтыктоо сөзү;
– добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө;
– документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу;
– негиз катары кабыл алынган документке оңдоолорду киргизүү;
– документти толук кабыл алуу боюнча добуш берүү.
11.4. Токтом долбоорун шаардык кеңеште кароодо анын негизги жоболору, аны кабыл алуунун зарылдыгы талкууланат, токтом долбоорунун концепциясына жылпы баа берилет.
11.5. Шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, шаардын мэри алдын ала жазылбай туруп, кезексиз сөз сүйлөө укугуна ээ.
11.6. Сессиядагы төрагалык кылган сөз сүйлөгөндөрдүн күн тартибиндеги маселелерге жооп беришин, сөз сүйлөөнүн белгиленген узактыгын сактоосун көзөмөлдөйт.
11.7. Жарыш сөздөн кийин баяндамачы жана кошумча баяндамачы жыйынтыктоочу сөзгө укуктуу, добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө жүргүзүлөт жана добуш берүүгө документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө маселе коюлат.
Туруктуу комиссия жарыш сөздүн жыйынтыгы боюнча документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана ал жөнүндө шаардык кеңештин сессиясында билдирүүгө укуктуу. Туруктуу комиссиянын сунушу боюнча шаардык кеңеш протоколдук чечим менен документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу боюнча добуш берүүнү кийинки сессияга чейин жылдырып коюуга укуктуу.
11.8. Шаардык кеңештин сессиясында документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чейин (анын ичинде жарыш сөздүн жүрүшүндө) депутаттар шаардык кеңештин сессиясында добуш берүү жолу менен жазуу түрүндө же оозеки арыз менен документтин долбоорун расмий түрдө кайтарып алууга укуктуу. Бул учурда жарыш сөздөр токтотулат. Сессияда документтин долбоорунун үстүндө андан аркы иштердин тартиби белгиленет.
11.9. Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңеш төмөнкү чечимдердин бирөөнү кабыл алат:
1) токтом долбоорун толук кабыл алуу;
2) анын жоболорун талкуулоо менен токтом долбоорун кабыл алуу;
3) токтом долбоорун биринчи окулушта эле кабыл алуу жана айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эсепке алуу менен анын үстүндө иштөөнү улантуу.
11.10. Токтом долбоорун анын жоболорун талкуулоо менен кароодо талкуулануучу жана добуш берүүгө коюулуучу жазуу түрүндө келген сунуштар угулат.
Кабыл алынбаган сунуштар шаардык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясына жеткире иштөөгө жөнөтүлөт, эгер ал буга кошулбаса, ал өзүнүн сунушун берет.
Добуш берүүгө депутаттардын сунуштары биринчи коюлат, андан кийин туруктуу комиссиянын сунуштары. Эгер шаардык кеңеш бир да сунушту жактырбаса, пункт кабыл алынган жок деп эсептелинет.
11.11. Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, тактап айтканда:
1) мөөнөттөр такталат жана пунктарды же токтомду толук ишке киргизүүнүн ыкмасы аныкталат;
2) мыйзамсыз актылар боюнча органдарга жана кызматтык жактарга айкын тапшырмалар берилет, ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу, аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүү үчүн мөөнөттөр аныкталат.
11.12. Шаардык кеңештин ар бир токтомунда жана чечиминде аны контролдогон жак (шаардык кеңештин түзүмдүк калыптануусу) көрсөтүлөт.
Контролдоонун максаты документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулугунун деңгээлин, аларды аткарууну кыйындаткан себептерди, аткарууга жолтоо болгон белгилүү жактарды (органды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле документтин жоболорун сот тартибинде аткарууну камсыздоо зарылдыгы болуп саналат. Саналган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн шаардык кеңеш контролдоону жүктөгөн жактан (орган) эч кандай атайын ишеним кат талап кылынбайт.
Токтомдун же чечимдин тапшырма берүү пунктунда аткаруучу (бирөө же бир нече) же шаардык кеңештин түзүмдүк калыптануусу жана эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
11.13. Токтомду аткаруунун жүрүшү жөнүндө билдирүү угулгандан кийин шаардык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
– аткарылган катары токтомду контролдон алып салууга;
– аткарылган катары токтомдун кээ бир пунктарын контролдон алып салууга;
– контролдук ыйгарым укуктарды узартууга;
– контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө;
– токтомду жокко чыгарууга;
– кошумча токтом кабыл алууга.
11.14. Контрол боюнча отчеттуулук мөөнөтү токтомдун өзүңдө же шаардык кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет, ал токтомдун аткарылышын контролдоочу жакка (органга) шаардык кеңештин сессиясында билдирүү жасоону тапшырууга укуктуу.
11.15. Сессиянын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
– сессияны өткөрүүнүн датасы, орду, шаардык кеңештин чакырылышынын жылы, сессиянын катар номери;
– шаардык кеңешке белгиленген депутаттардын саны, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны жана сессияга катышкан депутаттардын саны;
– сессиянын күн тартибинин маселеси жана баяндамачынын (кошумча баяндамачынын) аты-жөнү;
– сессияда сөз сүйлөгөндөрдүн тизмеси;
– добуш берүүнүн жыйынтыгы;
– сессиянын жүрүшүндө көрсөтүлгөн кошумча материалдар.
Депутаттардын аты-жөнү алардын шайлоо округун көрсөтүү менен, ал эми башка жактардын аты-жөнү кызматы жана иш ордун көрсөтүү менен коштолот.
11.16. Сессиянын протоколу сессия аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде жол жоболоштурулат жана шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат. Шаардык кеңештин сессиянын токтомдорун жеткире иштөө үчүн сессиялардын протоколдорунун көчүрмөсү бир жумалык мөөнөттө жол жоболоштурулат.
11.17. Протоколдун туп нускасы шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмүнө сактоого берилет. Депутаттын суранычы боюнча аппарат ага протоколдун көчүрмөсүн берет.
11.18. Депутаттарды табелдик каттоо баракчалары шаардык кеңештин аппаратында сакталат.
Негиз катары кабыл алынган документтердин долбоорлорунун текстинин түп нускасы жана алардын оңдоолору шаардык кеңештин аппартында сакталат.
11.19. Документти кабыл алгандан кийин бир жуманын ичинде шаардык кеңештин аппартынын кызматкерлери документтин долборунун аткаруучусу менен бирге аны жол жоболоштурууну жүргүзөт. Шаардык кенештин сессиясынын токтому каралган документтин текстине сунуш киргизген депутаттардын кол коюусунан кийин шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
11.20. Шаардык кенештин сессиясында кабыл алынган ченемдик укуктук актылар аларды кабыл алуудан кийин 3 күндүк мөөнөттө шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмү тарабынан туруктуу комиссиялардын төрагаларына, шаардын мэрине, документтин жооптуу аткаруучусу түзгөн тизме боюнча башка кызыкдар жактарга жөнөтүлөт.
Шаардык кенештин кайрылууларынын текстери кезеги менен алардын даректерине жөнөтүлөт.

12-глава.Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби

12.1. Шаардык кеңештин сессиясы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кварталда бир жолудан кем эмес чакырылат. Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сессиянын ишинин башталышына үч күн калгандан кечиктирилбестен депутаттарга билдирилиши керек.
Шаардык кеңештин сессиясынын жыйналышы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү каышса укук-ченемдүү болот.
Сессияда каралуучу маселелер демилгечилер тарабынан сессиянын башталышына 20 күн калганда киргизилет.
Шаардык кеңештин белгиленген мөөнөттөрдө чакырылуучу сессияларынан тышкары кезексиз сессиялар да өткөрүлөт.
Сессияда каралуучу маселелер шаардык кенештин төрагасы, туруктуу комиссия жана депутаттардын фракциясы жана шаардын мэри тарабынан киргизилиши мүмкүн.
Шаардык кеңештин жабык сессиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
12.2. Жаңы чакырылыштагы шаардык кеңеш өзүнүн биринчи сессиясына «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте чогулат.
12.3. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери шаардык кеңеште төмөнкү уюштуруучулук-техникалык камсыздоону жүргүзөт:
– депутаттарды кезектеги сессиянын күн тартибиндеги маселелер боюнча документтердин долбоорлорун жана башка зарыл болгон маалымат менен сессиянын башталышына үч күн калганга чейин, анын ичинде шаардык кеңештин маалымат тутуму аркылуу камсыздайт;
– шаардык кеңештин депутаттарына сессиянын күн тартибиндеги долбоорлорду, документтердин долбоорлорун жана алардын оңдоолорун сессияга даярдоо маселелеринде жардам көрсөтөт, анын ичинде шаардык кеңештин депутаттарынын заманбап өз ара мамилесин уюштуруу жолу менен;
– шаардык кеңештин депутаттарынын сунушу боюнча сессияда каралуучу маселелерди талкуулоого зарыл болгон жактарды шаардык кеңештин сессиясына чакырат;
– депутаттарды каттоону жүргүзөт;
– төрагалыкка сессияны өткөрүүгө жардам берет;
– шаардык кеңеш кабыл алган документтерди жол жоболоштурат жана аларды чыгарат;
12.4. Шаардык кеңештин сессиясы үчүн материалдарды таркатуу
шаардык кеңештин төрагасынын, анын орун басарынын же сессияда төрагалык кылган депутаттын визасы менен гана жүргүзүлөт.
12.5. Шаардык кеңештин сессиялары (күн тартибинин өзүнчө маселелерин кароо) жабык өтүшү мүмкүн. Бур учурда (күн тартибинин маселелерин жабык кароо) сессия шаардык кеңештин сессиясынын жабык сессияларды өткөрүү жөнүндө (күн тартибинин маселелерин жабык кароо) чечимине ылайык өткөрүлөт.
12.6. Сессияга катышкан шаардык кеңештин депутаттарынын саны каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат.
12.7. Бир жылдын ичиндеги жүйөлүү себептерсиз сессияга катышпаган депутаттардын тизмеси шаардык кеңештин чечими менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо үчүн берилиши мүмкүн.
Шаардык кеңештин сессияларын бир жылдын ичинде жүйөлүү себептерсиз дайыма калтырганы, ошондой эле шаардык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаганы үчүн кеңештин депутаттары жалпы сандын көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин депутатын чакыртып алуу тууралуу маселесин көтөрүүгө укуктуу.
Депутаттын шаардык кеңештин сессиясын калтыруунун жүйөлүү себептери документ менен тастыкталган оору, иш сапар, өргүү жана башка жүйөлүү себептер эсептелинет.
12.8. Шаардык кеңештин протоколдук чечими менен шаардык кеңештин сессиясынын жумушчу органдары (катчылык, эсептөө комисиясы, зарыл учурларда башка комиссиялар) түзүлөт.
12.9. Шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибинде бүгүнкү күндө сессиянын күн тартибинин кезектеги маселелери жана аларды кароо тартиби камтылышы керек.
12.10. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин аппараты менен бирге даярдаган шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тарибинин долбоору депутаттарга таратылат.
12.11. Шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тариби шаардык кеңештин аппараты тарабынан кезектеги сессиянын башталышына эки жума калгандан кечиктирилбестен, шаардык кеңештин аппаратынын сунуштарын эсепке алуу менен жана ушул Регламентке ылайык аныкталат.
Муну менен бирге шаардык кеңештин аппараты шаардык кеңештин кезектеги сессиясына үч күн калгандан кечиктирбестен (эгер ушул Регламентте башка каралбаса) бардык депутаттарга фракциялардын жетекчилери аркылуу кезектеги сессиянын күн тартибинин долбоорун жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдарды жеткирет.
Кезексиз сессия өткөрүү учурунда күн тартибинин долбоору жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдар депутаттарга сессиянын алдында каттоо жүргүзүүдө таратылат.
12.12. Шаардык кеңештин сессиясын сессияда төрагалык кылган алып барат. Сессиядагы төрагалык кылган шаардык кеңештин төрагасы болуп саналат. Анын жогунда сессияда төраганын орун басары же төрага, төраганын орун басары тапшырган же шаардык кеңештин протоколдук чечими менен башка депутат ( өзүнөн-өзү баш тартпаган) төрагалык кылат. Сессияда төрагалык кылган, ал баяндамачы (кошумча баяндамачы) болгон учурда маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.
12.13. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө укуктуу:
– эгер сөз сүйлөп жаткан Регламентти бузса, күн тартибинен тышкары сөз сүйлөсө, жүрүш-туруш этика эрежелерин сактабаса, ага сөз берилбейт;
– шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерин сессиянын өтүшүн камсыздоо үчүн чакырууга;
– депутаттарга жана кызматтык жактарга маалым кат алуу үчүн кайрылууга;
– пландалбаган кайым айтыштарды токтотууга;
– депутатты тартипке чакыруу, азыркы Регламенттин жоболоруна ылайык депутатка сөгүш берүүнү шаардык кеңешке сунуштоого;
– сессиянын жыйындар залында өзгөчө жагдайлар пайда болгон учурда, ошондой эле коомдук тартип одоно бузулганда сессияны токтотууга;
12.14. Шаардык кеңештин сессиясынын учурунда төрагалыктын уруксатысыз сессияда бир да сессиянын катышуучусунун сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгү жок.
12.15. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө милдеттүү:
– Регламентти сактоого жана сессиянын күн тартибин карманууга;
– сессияда депутаттардын укугун сактоону камсыздоого;
– сессиянын жыйындар залында тартипти сактоону камсыздоого;
– сөз сүйлөө регламентинин убактысын сактоого, сөз сүйлөп жатканга белгиленген убакыттын өтүшү тууралуу өз убагында эскертүүгө контрол жүргүзүүгө;
– бардык келип түшкөн сунуштарды белгилөө жана келип түшкөн тартиби боюнча добушка коюуга, добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирүүгө;
– кезеги менен сөз берүүгө;
– сессияны өткөрүүнүн тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын угууга (окуу) жана добушка кезексиз коюуга, анын ичинде өзүнүн альтернативалуу сунуштарын;
– сессиянын катышуучуларына сый-урмат көрсөтүүгө, сессиянын катышуучуларынын сөз сүйлөгөндөрүнө жеке эскертүү жана баа берүүдөн өзүн өзү тыюуга, сөз сүйлөөдөн кийин түшүндүрмө берүүгө;
– эреже жана жол жобо боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн эске алууга;
– аталыш боюнча добуш берүүгө коюлган сунуштарды редакциялоого жана аталыш боюнча добуш берүүнүн бланктарын толтурууну жетектөөгө.

13-глава. Депутаттык мандат

1. Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
2. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
2) депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
3) ушул Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4) депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);
5) депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда;
6) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) жыл ичинде кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз экиден ашуун катышпаганда;
8) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) кеңеш таркатылганда.

14-глава. Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби

14.1. Регламентте добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн пайдалануучу төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
– шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы менен аныкталат.
– жыйынга катышкандардын саны – добуш берүүнүн алдындагы акыркы каттоо учурунда катталган шаардык кеңештин депутаттарынын саны.
14.2. Шаардык кеңеш чечимдерди сессияда ачык же жашырын добуш берүү жолу менен кабыл алат.
Ушул Регламентте белгиленген добуш берүүнүн түрүн өзгөтүү тууралуу шаардык кеңештин чечими шаардык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүлүк добушу менен кабыл алынат.
Бардык маселелер боюнча добуш берүү шаардык кеңештин жыйынынын протоколуна киргизилет.
14.3. Бир маселе боюнча добуш берүүдө, чечим чыгарууга «Макул», «Каршы» же «Чечим кабыл алууда калыс калуу» укугу менен шаардык кеңештин депутаты бир добушка ээ.
14.4. Ачык добуш берүүнүн алдында төрагалык сессияда добуш берүүгө канча сунуш коюларын, канчалык көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынарын (шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан, сессияда катышкан депутаттардын санынан) билдирет. Добуш берүү жарыялангандан кийин аны бузууга эч кимдин укугу жок.
Добуштарды эсептөөдөн кийин сессиядагы төрагалык чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын (четке кагылгандыгын) билдирет. Кворум жок болсо, сессиядагы төрагалык добуш берүүнү шаардык кеңештин сессиясынын кийинки отурумуна жылдырат.
14.5. Жашырын добуш берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жашырын добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт.
Жашырын добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн шаардык кеңеш шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен эсептөө комиссиясынын курамын аныктайт. Шайлоочу органдардын курамына көрсөтүлгөн депутаттар эсептөө комиссиясынын курамындагы өзүнүн ишин добуш берүү учурунда токтото турушат.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлайт. Эсептөө комиссиясы өзүнүн чечимдерин өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
Жашырын добуш берүү үчүн бюллетендер эсептөө комиссиясынын сунушу жана шаардык кеңештин чечими менен бекитилген формада жана санда шаардык кеңештин депутаттарынын тийиштүү саны боюнча эсептөө комиссиясынын контролунда даярдалат. Добуш берүү бюллетендеринде чечимдин долбоору боюнча «Макул», «Каршы» жооптордун түрлөрү каралышы керек. Эсептөө комиссиясында калган бюллетендер эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда анын төрагасы тарабынан жок кылынат. Добуш берүүнүн убактысы жана орду, аны өткөрүү тартиби ушул Регламентке ылайык эсептөө комиссия тарабынан белгиленет жана эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
14.6. Шаардык кеңештин ар бир депутатына анын депутаттык кубөлүгүнүн көрсөтүүсүндө депутаттардын тизмесине ылайык, жашырын добуш берүү үчүн бир бюллетень берилет, ал жөнүндө депутат көрсөтүлгөн тизмедеги аты-жөнүнүн тушуна кол коет. Ар бир бюллетендин арткы бети эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан кол коюлууга тийиш.
Жашырын добуш берүү үчүн бюллетень эсептөө комиссиясы мөөр баскан атайын ящикке салынат.
Эсептөө комиссиясы депутаттардын жашырын ойун билдирүүгө шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.
Депутаттардын добушун эсептөөдө белгисиз түрдөгү, депутаттардын ойу аныкталбаган бюллетендер жараксыз деп эсептелинет. Добуштарды эсептөөдө бюллетенге кошумча киргизүү эсептелбейт.
Жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюулат. Эсептөө комиссиясынын төрагасынын баяндамасынын негизинде сессиянын төрагалыгы чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт. Жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгы шаардык кеңештин токтому менен жол жоболоштурулат.
Добуш берүүнүн жүрүшүндө каталыктар аныкталса, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими менен добуш берүү кайрадан өткөрүлөт.
14.7. Тартиптик маселелер боюнча чечим добуш берүүдө катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, эгер ушул Регламентте башка тартип каралбаса.
14.8. Добушка коюлуучу сунуштар жана оңдоолор жарыяланат жана алардын демилгечилери аталат.

15-глава. Шаардык кеңештин сессияларынын отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары

15.1. Шаардык кеңештин сессияларында протокол жүргүзүлөт. Сессиялардын жыйындарынын протоколдорун жол жоболоштуруу шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт. Шаардык кеңештин жыйындарынын протоколдорунда төмөнкүлөр чагылдырылат: отурумду өткөрүү датасы, убактысы, орду; отурумда катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибиндеги маселелер; бул сессия үчүн депутаттардын арасына таркатылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессиянын төрагалыгынын жана сөз сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү; добушка коюлган бардык маселелер жана сунуштар, алардын чечилиши; добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер.
Протокол сессиянын жыйынын төрагалыгы тарабынан кол коюлат.
15.2. Шаардык кеңештин сессиясында стенограмма үчүн жазуу жүргүзүлөт. Стенограмманы шаардык кеңештин аппараты жүргүзөт. Сессиянын ачык жыйындарынын стенограммасы атайын чыгарылыш менен жарыяланышы мүмкүн.
Сессиянын стенограммасы талкуунун жана чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүн, ошондой эле сессиянын отурумун өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду; сессиянын күн тартибин; сессиянын төрагалыгынын аты-жөнүн толук чагылдырышы керек.

16-глава. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары

16.1. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.
16.2. Шаардык кеңештин токтомдору сессияда шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, ушул Регламентте каралган учурлардан башкасы.
16.3. Шаардык кеңештин токтомдору шаардык кеңештин төрагасы тарбынан кол коюлат. Шаардык кеңештин төрагасы жок болгон учурларда, шаардык кеңештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
16.4. Шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелерин кароонун жыйынтыгы, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте аларды жол жоболоштуруунун тартиби белгиленбесе, токтом менен жол жоболоштурулат.

V БӨЛҮМ. Шаардык кеңештин регламенти

17-глава. Шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби

17.1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин Регламентине өзгөтүүлөрдү жана толуктоолоду киргизүү тууралуу сунуштары шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана биринчи кезекте каралат.
17.2. Шаардык кеңештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышын контролдоо шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Шаардык кеңештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү шаардык кеңештин сессияларында берилет жана зарыл учурда шаардык кеңештин токтому менен бекитилиши мүмкүн.
17.3. Шаардык кеңештин Регламентин бузуу менен кабыл алынган чечимдер аларды кабыл алган учурдан тартып жараксыз деп эсептелинет.
.
Бул Кербен шаардык Кенешинин регламенти Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо”, “ Жергиликтуу кенештердин депутаттарынын статусу жонундо” Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кербен шаардык кенешинин иш тартибин аныктайт