Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2020-жылдын 29-декабрындагы № 26/7 токтому

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:37

2020-жылда “Санарип аймак” долбоорун турмушка ашыруу алкагында Кербен шаарынын мэриясына убактылуу 3 (үч) айлык мөөнөткө 3 (үч) адамды контракт менен иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кербен шаарынын мэриясы 25.09.2020-жылдагы № 3-34/551 сандуу катында бардык мекеме-ишканалар “Түндүк” системасына кирип жаткандыгына байланыштуу “Санарип аймак” программасын ишке киргизүүгө даярдоо үчүн убактылуу 3 адистиишке тартып, аларга 73,0 (жетимиш үч) миӊ бөлүп берүү боюнча сунуш киргизген.

            Маселе бюджет, финансы боюнча туруктуу комиссияда каралып 16-декабрь 2020-жылда № 79-токтом кабыл алынган.

            Жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги  жыйырма алтынчы  сессиясы

                                               ТОКТОМ     КЫЛАТ :

  1. “Санарип Аймак” программасын турмушка ашырууга  2020-жылда 3 (үч) ай мөөнөткө 3 (үч) адисти  кармоого макулдук  берилсин.
  2. Кербен шаарынын мэриясы 2021-жылга чейин “Санарип аймак” долбоорун ишке киргизсин.
  3. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  4.  Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.
  5. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы курулуш жана өнөр жай боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы А.Ормоналиевге жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                              Н.Шадыбеков

Кербен ш. 29.12.20ж. № 26/7

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:37