Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 12/4 токтому

Админ
Автору Админ June 6, 2018 10:41

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  экинчи  сессиясы

                                        Т О К Т О М

Кербен  шаарында  инерттик (кум, шагал, топурак) материалдарды
өндүрүү,  даярдоо   үчүн   карьерлерди   уюштуруу  жана   башка
                                     маселелер   жөнүндө

Кербен  шаарында  курулушка  керектелүүчү  топурак  ар  кайсы  жерден  алынып  жатат.
Аны  тартипке  салып,  атайын  топурак  казуучу  карьерлерди  уюштуруу  зарыл.
Мындан  сырткары  шаардын  ичинде  топурак, шагал, кум  ташыган  машиналардын 
үстү  шалча  менен  жабылбагандыктан  жол кыймылынын  катышуучуларына  кооптуулук 
жаратуу  менен  бирге шаардын  тазалыгына  жана  экологияга  чоң  залал  келтирүүдө.  
Кербен   шаарынын борбордук  көчөлөрүндө  орнотулган  жарнамалык  шиттер  шаардын 
архитектуралык-курулуш  көрүнүштөрүн  бузуп  турат.“Жоогазын”ишканасынын 
алдындагы  жарнама  шитте  ар  кандай  кагаздар  илинип  коюлууда. Жарнама  шиттерди 
борбордук  бөлүктөн  алып  башка жакка  орнотуу  максатка  ылайыктуу  болот.
       Жаңы  көрүстөндүн  кароолчусу  Тагай  уулунун  турмуш  шарты  өтө  оор.
Бул  адам  көп  мезгилден  бери  көр  казып  элге  кызмат  кылып  келет.
Анын  турмуш  шартын  эске  алып, үй  салуу  үчүн  там  арка  участкасын  бөлүп 
берүү 
шартка ылайык  келет.
       Кербен  шаарынын  Чангылов  атындагы  көчөсү  базарга  айланып 
автомашиналардын   жүрүүсүнө  тоскоолдук  жаратууда.
Жогорудагы маселе  боюнча  шаардык Кеңештин  финансы,бюджет боюнча 
туруктуу  
комиссиясынын  2018-жылдын  29-майындагы  № 40 токтомун  карап
жана  талкуулап  чыгып,Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII  чакырылышынын 
кезектеги 
он  экинчи  сессиясы

                                                    Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен  шаарынын  мэриясына, курулуш  үчүн  топурак  карьерасын 
уюштуруу  жагы  милдеттендирилсин  жана  аны  «Барпы»  каналынын  жаңы 
көрүстөнгө  бараткан  участкасында  жана  шаардык  таштандылар  полигонунун 
жанында  уюштуруу  жагы 
сунушталсын.
2.Кербен  шаарынын  мэриясы, инерттик  (топурак,шагал,кум) материалдарды 
ташыган   автомашиналардын  шаар  ичинде   шалча (тент)  менен   жабылган   
түрүндө   жүрүүсүн  уюштурсун  жана  камсыздасын.
3.Кербен шаарынын мэриясы, инерттик  (топурак,шагал,кум) материалдарды
сатуу  үчүн  стадиондун  жанынан  атайын  жай  уюштурсун.
4.Аксы  райондук  ички  иштер  бөлүмү  жана  жол  коопсуздугун  камсыздоо   
боюнча  мамлекеттик  инспекциясынын, инерттик  (топурак,шагал,кум) курулуш
материалдарын  ташыган  автомашиналардын  шаар  ичинде  үстү  шалча  (тент) 
менен  жабык  жүрүшүн  камсыздоого көмөктөшүү  жагы  суралсын.
5.Кербен  шаарынын   мэриясы  төмөнкүлөргө  милдеттендирилсин:

– Кербен  шаарынын  борборундагы  жарнама  шиттерди  алуу;

– Пландалынган  жарнама  шиттерди  Уметалиев   көчөсүнүн  чыгыш  тарабынан 
Токтогул  көчөсүнө чейин, Уметалиев   көчөсүнүн   батышынан   «Кербен»
дүкөнүнө  чейин,  Ниязалы  көчөсүнүн   түштүгүнөн   маданият   үйүнө чейин,
Низалы  көчөсүнүн  түндүгүнөн  Ак-Кайың  кафесине  чейинки   аралыкта 
архитектуралык  нормага  ылайык  шаардык  Кеңештин  макулдугу  менен  берүү;

-Шаардын  Чангылов  атындагы  көчөсүндө  автотранспорттордун  каттоосуна
шарт   түзүү;

-Кербен  көрүстөнүнүн  кароолу  Тагай  уулуна  үй  салуу  үчүн  жер  аянтын 
караштырып  таап  берүү.
6.Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад 
областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
7.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин 
күчүнө   кирет.
8.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  
туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

 

                              Кербен   шаардык 
                              Кеӊешинин   төрагасы:                                        Н.Шадыбеков

 Кербен  шаары, 30.05.2018-ж. № 12/4

 

 

 

Админ
Автору Админ June 6, 2018 10:41