Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 9-февралындагы №9/4 токтому

Админ
Автору Админ March 12, 2018 09:03

Кербен   шаардык  Кенешинин   VII  чакырылышынын  
кезектеги  тогузунчу  сессиясы

                                            Т О К Т О М

КР  Эсептөө  палатасынын “01.01.2016-31.12.2016-жыл  аралыгында
Кербен  шаарынын  бюджетинин  түзүлүшү   жана  аткарылышы
боюнча  текшерүүсүнүн  жыйынтыгы  тууралуу” кайрылуусу  жөнүндө

КР  Эсептөө  палатасынын  “Кербен   шаарынын   01.01.2014-жылдан  31.12.2015-жылга 
чейинки  бюджетинин  түзүлүшү   жана  аткарылышы  боюнча  текшерүүсүнүн” 
жыйынтык  отчету  тууралуу  Ош  шаары, Ош, Жалал-Абад  жана  Баткен  областтары 
боюнчабөлүнүшүнүн  жетекчиси А.Тажиевдин  28.06.2016-жылдагы   № 01-12/475 сандуу 
билдирүүсүн  караган  Кербен  шаардык  Кенешинин  бюджет, финансы  маселелери  
боюнча  туруктуу  комиссиясынын  2016-жылдын   3-августундагы  № 48 токтомун 
талкуулап  чыгып, Кербен     шаардык  Кеңешинин  VII  чакырылышынын   кезектеги  
тогузунчу  сессиясы
                                                      ТОКТОМ   КЫЛАТ :

1.2014-жылдын  1-январынан  2015-жылдын  31-декабрына  чейинки  мезгил  аралыгында
Кербен шаарынын  бюджетинин  түзүлүшү  жана  натыйжалуу  аткарылышы  боюнча
Кербен  шаарынын   мэриясы  тарабынан  бюджеттик  мыйзам  бузууларга  жол
берилгени  белгиленсин.

2.Кербен  шаарынын  мэри: 
– мэрия  тарабынан   мыйзам  бузууга  жол  берген  тиешелүү  кызматкерлерге   чара
көрүлгөндүгү   эске  алынсын;
– КР  эсептөө  палатасынын  аудитинин  отчеттунда  көрсөтүлгөн  сунуштары  боюнча  иш
чараларды  иштеп  чыксын  жана  бюджеттик  мыйзамдарга  ылайык   иш  алып  барсын;
– Кербен  шаардык  Кеңешинин   бюджеттин  түзүлүшү  жана  аткарылышы  боюнча
токтомдорунун  чегинде  иш  алып  барууну   жетекчиликке  алынсын.

3.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад
областтык   юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

4.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб – сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

5.Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  шаардык  Кеңештин  финансы,бюджет  жана
арыз  даттануулар  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  төрагасы Н.Зыябековго  жүктөлсүн.

 

                                    Кербен   шаардык
                                    Кенешинин   төрагасы :                                  Н.Шадыбеков

Кербен  шаары,09.02.2018-ж. №9/4

 

Админ
Автору Админ March 12, 2018 09:03