Маалыматтар
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын системасы |
||||
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: Конституция Конституциялык мыйзам Кодекс Мыйзам Мыйзамдык күчү бар жарлык |
||||
Мыйзам алдындагы актылар: КРнын Жогорку Кенешинин Жарлыктары КРнын Президентинин Жарлыктары КР Өкмөтүнүн токтомдору Министирликтердин,админстрациялык ведомостволордун актылары |
||||
ЖОБ жана ЖМА органдарынын ченемдик укуктук актылары:
Жергиликтүү жамааттын уставы,жергиликтүү кеңештин регламенти, токтомдор жана жергиликтүү кеңештин башка чечимдери, жергиликтүү референдумдарды жана жарандардын жыйынында кабыл алынган чечимдер, ЖОБ органдарынын жана кызмат адамдарынын укуктук актылары. |
Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө конституциялык жоболор
өлкөнүн учурдагы мыйзамдары менен такталат жана өнүктүрүлөт.Алар шарттуу түрдө түмөндөгүдөй
үч блокко бөлүнөт.
Биринчи блок-жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерин тикелей жөнгө салган мыйзам актылары:
. “ КРдагы шайлоолор жөнүндө” КРнын Кодекси (мында жергиликтүү кенештердин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоону уюштуруунун жана өнүктүрүүнүн ченемдери. . “ Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КРнын Мыйзамы . “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрация жөнүндө” КРнын Мыйзамы. . “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КРнын Мыйзамы. . “ Аксакалдар соттору жөнүндө” КРнын Мыйзамы. . “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” КРнын Мыйзамы. . “ Муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы. . “ Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө” КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу КРнын Мыйзамы. . “ Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” КРнын Мыйзамы. ж.б. |
Экинчи блок – мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-
экономикалык мамилелери жагындагы жалпы мамилелери, жалпы маселелерди толуктаган жана жонго салган мыйзам актылары. . КРнын жер кодекси. . “КРнын республикалык бюджети жөнүндө” КРнын мыйзамы (жыл сайын) . “КРнын казначылыгынын негизги жоболору жөнүндө” КРнын мыйзамы. . “КРдагы микрофинансалык уюмдар жөнүндө” КРнын Мыйзамы. . “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” КРнын Мыйзамы. . “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” КРнын Мыйзамы. . “Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө” КРнын Мыйзамы. . “Кредиттик союздар жөнүндө” КРнын Мыйзамы. |
Үчүнчү блок- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерине тигил же бул даражада
тиешеси бар мыйзам актылары: . КРнын эмгек кодекси. . “КРнын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” Кодекси . “Юридикалык жактарды каттоо жөнүндө” КРнын Мыйзамы. . “ Мамлекеттик адамдар жөнүндө” КРнын Мыйзамы. . “КРдагы мамлекеттик, мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы. . “КРда турак жай фондун менчиктештирүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы. |
Айылдык жана поселкалык кенештердин депутаттарынын иштеринин негизги формалары
жана ыкмалары.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын иши-нин негизги формалары
|
Жергиликтүү кенештин депутаттарынын ишинин негизги ыкмалары |
Жергиликтүү кеңештин сессиясы | Жергиликтүү кеңештин сессиясында сөз сүйлөө |
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясы | Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясында сөз сүйлөө |
Жергиликтүү кеңештин убактылуу комиссиясы | Депутаттык суроо-талап |
Шайлоо округу | Депутаттык кайрылуу |
Консультациялык-кенешүү органдарынын комиссияларында | Округудун шайлоочуларын кабыл алуу |
Жарандардын даттануулары,арыздары жана кайрылуулары менен иштөө | Округдун жарандарынын коомдук бирикмелеринин ишине катышуу |
Шайлоочулардын алдында отчет же маалымат менен сөз сүйлөө | Консультациялык-кенешүү органдарынын жыйналыштарына катышуу |