2024-жылдын 8-июлдагы Кербен шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясынын №26/12

Админ
Автору Админ August 8, 2024 09:39

Кербен шаарынын мэриясы муниципиалдык менчикке кызматтык  батир жана жер тилкесин сатып алууга  макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2002-жылдын 11- мартындагы №37  “ Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” мыйзамына жана Кербен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 26-июнундагы № 01-20/998  катынын негизинде, ошондой эле Кербен шаардык Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-июнундагы № 44 токтомун карап жана талкуулап  Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

  1. Кербен шаарынын мэриясына муниципиалдык менчикке кызматтык батир  3800000 ( үч миллион сегиз жүз ) мин сомго  сатып  алууга макулдук берилсин.
  1. Кербен шаарынын мэриясына муниципиалдык менчикке 0.10га жер тилкесин  1200000 ( бир миллион эки жүз ) мин сомго сатып  алууга макулдук берилсин.
  1. Муниципиалдык менчикке кызматтык батир жана жер тилкесин сатып алууда  мыйзамдуулугун кароо жана жоопкерлиги Кербен шаарынын мэриясына  жүктөлсүн.
  2. Бул токтом мамлекттик ресстрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Токтом “ kerben.aksy.kg” веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөѳнү өзүмө калтырамын.

 

Кербен шаардык

         Кеңешинин төрагасы:                                            Р.Назарбеков

Админ
Автору Админ August 8, 2024 09:39

Кызмат көрсөтүү