2024-жылдын 30-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 25/10 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарындагы Курулуш участкасында жайгашкан мэриянын муниципиалдык менчигиндеги жеринен инвесторлорго уруксат берүүдө, мэрия өздөрү чечим алуу жѳнүндѳ
« Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кырыгз Республикасынын мыйзамынын 34- беренесинин 5- пунктуна ылайык Муниципиалдык жерлердин пайданалусуу жөнүндө, Кербен шаарынын мэриясынын 2024- жылдын 13-майындагы № 01-20/710 сандуу кайрылуусун жана шаардык Кеңештин суу ресустары, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-майындагы № 41 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын Курулуш участкасында мэриянын муниципиалдык менчигинде турган жер аянтынан, инвесторлорду өздөрү тандап 2,5 га жер аянтын бѳлүп берүү жагы мэриянын өздөрүнө калтырууга макулдук берилсин.
- Кербен шаарынын мэриясына муниципиалдык менчикте турган 2,5 га жер аянтын тиешелүү мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын тѳрагасы Т.Арзыматовго жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков
Кербен ш.30.0524-ж №25/10