Кербен шаардык Кенеши муниципалдык кызмат орундарынын ички резервине ачык сынак жарыялайт.

Админ
Автору Админ September 5, 2023 15:29

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык Кеңеши  административдик муниципалдык

кызмат орундарынын топторуна кадрлардын ички резервин түзүү үчүн

АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

-тиешелүү багыттагы жогорку билим;

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5  жылдан кем эмес иш стажы

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • КР Министрлер Кабинети жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамы”;
  • КР Эмгек Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
  • “КР ченемдик – укуктук актылары жөнүндө”,
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “КР Мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
  • “КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык  кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” 31.05.2022-ж № 171 Указы”,

Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:

  • КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
  • “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”,
  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”,
  • “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнун тартиби жөнүндө”,
  • ЖӨБ органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”,
  • “Жергиликтүү кенештин депутатарынын статусу жөнүндө” мыйзамдары.
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы
  • № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому;

Билгичтиги:

Иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

Түзүмдүк бөлумдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаӊы ыкмаларды интеграциялоо;

Башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

Кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

Коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

Өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

Чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

Көндүмдөрү:

Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

Түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаРы формаларын жана методдорун издөө);

Маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

Натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеӊешмелерди, жолугушууларды өткорүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Улук топтун административдик муниципалдык кызмат орундарына талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

-тиешелүү багыттагы жогорку билим;

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3  жылдан кем эмес иш стажы

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • КР Министрлер кабинети жөнүндө мыйзамы”,
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
  • КР ченемдик-укуктук актылары жөнүндө”,
  • “КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” 31.05.2022-ж № 171 Указы”,

Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:

  • КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
  • “Жергиликтүү кенештин депутатарынын статусу жөнүндө” мыйзамдары.
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы
  • № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому;

Билгичтиги:

-маалыматты жайноо, талдоо,системалдаштыруу жана жалпылоо;

Аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо      жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаӊы шарттарына адаптациялашуу;

 Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада   колдоно билүү;

-ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык     продуктуларды колдоно билүү, материалдарды тез терип жаза билүү;

– веб-сайттарда жана электрондук кат алмашуу программасында иштей билүү.

               Сынакка катышуу үчүн документтер:

– жеке арыз конкурсттук комиссиянын төрагасына (байланыш телефон номери менен);

-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– кадрларды эсепке алуу  боюнча баракча, сүрөтү менен;

– билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, аскер

билетинин көчүрмөсү (дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

-эмгек китепчеси (эмгек китепчесинин нотариустан же иштеген жериндеги

кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

-паспорттон көчүрмө.

Документтерди кабыл алуу жарыя веб –сайтка жарыяланган  күндөн баштап 2023-жылдын 6-сентябрынан  18-сентябрына чейин  жүргүзүлөт.

            Дареги: Кербен ш.Ныязалы  көч.  № 7  Кербен  шаарынын мэриясынын имараты, Кербен шаардык Кеӊеши

                              сурап  билүү  телефону: 03742-5-02-39

Админ
Автору Админ September 5, 2023 15:29

Кызмат көрсөтүү