2024-жылдын 8-июлундагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 26/10 токтому

Админ
Автору Админ July 30, 2024 10:25

 

  Кербен шаарынын мэриясынын балансында турган “ Нива” жана        “ Жигули-2107 ” автоууналарды Кербен шаардык Кеңешке ошондой эле “ Тазалык “ муниципиалдык ишканасына өткөруп берүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын дэнгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаары менен Жерге-Тал айыл өкмөтү кошулудун ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 жана 2023-жылдын 13-сентябрындагы №468 токтомдорунун  4-тиркемесинин     11-пунктунун негизинде  Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент   жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу   комиссиясынын 2024-жылдын         28-июнундагы № 60 токтомун  карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаарынын мэриясынын балансында турган “ Нива” автоуунасын Кербен шаардык Кеңешинин төрагасына бекитип берилсин.
  2. Кербен шаарынын мэриясынын балансында турган “ Жигули 2107” автоуунасын “ Тазалык” муниципиалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
  3. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын кызмат автоуунасына ар айда 150  ( жүз элүү) литр күйүүчү майын камсыздап берүү жагы Кербен шаарынын мэриясына  жүктөлсүн.
  4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери  боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага  жүктөлсүн.

 

          Кербен шаардык

         Кеӊешинин төрагасы:                                     Р.Назарбеков

 

Кербен ш. 8.07.24-ж.  № 26/10

Админ
Автору Админ July 30, 2024 10:25

Кызмат көрсөтүү