Башкы баракка

Регламент


Кербен шаардык Кеӊешинин
кезектеги сессиясынын 2022-жылдын
16-февралындагы № 3/4 токтому менен
бекитилди


Кербен шаардык Кеңешинин
регламенти


I Бөлүм. Кербен шаардык Кеңешинин негизги иштери (1-15 главалар)

II Кербен шаардык Кеӊешинин ишин уюштуруу (16-22 главалар)

III Бөлүм. Жергиликтүү кеңеш тарабынан чечимдерди талкуулоонун жана кабыл алуунун жол-жоболору (23-33 главалар)

IV Бөлүм. Кербен шаардык Кеңешинин норма чыгаруу иши (34-36 главалар)

V Бөлүм. Кербен шаардык Кеңешинин айрым ыйгарым укуктарын
ишке ашыруунун тартиби (37-39 главалар)


КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ

Бул Регламент Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган Кербен шаардык Кеңешинин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.

I БӨЛҮМ. КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН НЕГИЗГИ ИШТЕРИ

1-глава. Жалпы жоболор
1.1. Кербен шаардык Кеңеши (мындан ары – жергиликтүү Кеңеш) жашыруун добуш берүү менен жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган 31 (отуз бир) депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү Кербен шаардык Кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
1.3. Кербен шаардык Кеңешинин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
2-глава. Кербен шаардык Кеңешинин компетенциясына кирген маселелер
2.1. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Регламент менен белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде өз алдынча маслелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
2.2. Кербен шаардык Кеңешинин сессияларында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарды кошпогондо, төмөндөгү маселелер чечилет:
1) Кербен шаардык Кеңешинин Регламентин бекитүү;
2) Кербен шаардык Кеңешинин жылдык иш планынын бекитүү;
3) Кербен шаардык Кеңешинин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
4) туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштери жөнүндө отчетторду угуу.
5) аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
6) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
7) жергиликтүү коомдоштуктардын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
8) аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
9) келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкару органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда мамлекеттик органдар жана жергилктүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарын бекитүү, ошондой эле келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
10) Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча иш-чаралардын жана шайлоочулар менен иштөө боюнча башка иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү;
11) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
12) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;
13) муниципалдык менчик обьектилеринин Реестрин киргизүү тартибин бекитүү;
14) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө;
15) жайыт жерлерин пайдалануу, аларды пайдалануунун отчеттору, ошондой эле жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмү боюнча жамааттардын ар жылдык планын бекитүү;
16) жергиликтүү коомдоштуктарынын Уставынын жоболорун жана жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышын контролдоо;
17) аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында аткаруу органдары менен бирдикте биргелешкен иштерди жүзөгө ашыруу үчүн коомдук башталышта активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуунун планын бекитүү;
18) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн методикасын, жергиликтүү бюджеттин каржаттарынын жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди/ долбоорлорду/ программаларды, бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
19) коомдук угууларды өткөрүү, анын ичинде маселени кеңири кароо жана өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды уюштурууну жана өткөрүүнү аткаруу органынын башчысына тапшыруу;
20) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан коомдук башталышта коомдук жардамчыларды тартуунун тартибин бекитүү;
21) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү коомдоштуктун Уставына ылайык башка маселелерди чечүү.

3-глава. Кербен шаардык Кеңешинин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
3.1. Кербен шаардык Кеңешинин жана анын туруктуу комиссиялары бир жылга планын түзөт. Кербен шаардык Кеңешинин планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинки сессиянын күн тартибине киргизилет.
3.2. Кербен шаардык Кеңешинин иш планы Кеңештин төрагасынын орун басарлары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы жана аткаруу органынын башчысы менен бирдикте Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы тарабынан түзүлөт, зарылчылыкка жараша аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери чакырылат.
3.3. Кербен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын иш планы Кербен шаардык Кеңешинин иш планынын негизинде туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы, Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы жана аткаруу органынын башчысы менен бирдикте түзүлөт.
3.4. Иш планына бир жылдын аралыгында Кербен шаардык Кеңешинин сессияларында, туруктуу комиссиянын жыйналыштарында кароого чыгарылган маселелер киргизилет.
3.5. Кербен шаардык Кеңешинин жана анын туруктуу комиссияларынын ишин пландаштыруу Кербен шаардык Кеңешинин жана анын туруктуу комиссияларынын кароосуна иш планына киргизилбеген башка маанилүү маселелерди киргизүүго чектөө койбойт.
3.6. Кербен шаардык Кеңешинин курамы, туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары аймактагы маалымат тактайларында документтердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу аркылуу маалымдалат.

4-глава. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби
4.1. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы тиешелүү Кербен шаардык Кеңешинин сессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен Кербен шаардык Кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
4.2. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талпкерди көрсөтүү укугу төмөндөгүлөргө таандык:
– депутаттык фракцияга;
– саны 5 депутаттан кем эмес депутаттык топко.
Ар бир депутаттык фракция же депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
4.3. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
4.4. Өзүн өзү көрсөтүү жана талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
4.5. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага____мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн___ мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн ___мүнөткө чейин сөз берилет.
4.6. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди колдоп же ага каршы чыгып сүйлөөнү каалаган депутаттарга сөз сүйлөө үчүн ____мүнөткө чейин убакыт берилет.
4.7. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталгангана чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.
4.8. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин фамилияларын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
4.9. Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелинет.
Эгерде:
– бир талапкер көрсөтүлүп, ал депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
– эки талапкер көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын добуштарынын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
– эки талапкерден көп көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көп санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин экөөсү добуштардын тең көп санын алышса, ал эми кийинки талапкерлер добуштардын аз санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын тең алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт.
4.10. Талапкерлерди (же жаңы талапкерлерди) көрсөтүү менен кайрадан шайлоо Кербен шаардык Кеңешинин эрки боюнча биринчи сессиянын күнүндө же башка күнү, бирок биринчи сессиянын күнүнөн баштап 5 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлөт.

5-глава. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктары

5.1. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы:
– Кербен шаардык Кеңешинин сессияларын чакырат жана алып барат;
– Кербен шаардык Кеңешинин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
– Кербен шаардык Кеңешинин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо үчүн жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып Кербен шаардык Кеңешинин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
– Кербен шаардык Кеңешинин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын контролдойт;
– Кербен шаардык Кеңешинин сессиясынын күн тартибин түзөт;
– Кербен шаардык Кеңешинин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына контролдоону уюштурат;
– Кербен шаардык Кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
– катталган депутаттык топтордун ишине көмөктөшөт, алардын ишин координациялайт;
– Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун контролдойт;
– депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
– Кербен шаардык Кеңешинин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
– мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе Кербен шаардык Кеңешинин атынан чыгат;
– Кербен шаардык Кеңешинин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
– Кербен шаардык Кеңешинин , анын органдарынын абройун, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу сунуштайт;
– ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.
5.2. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карма каршы келген учурда, ал Кербен шаардык Кеңешинин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.

6-глава. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары

6.1. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Кербен шаардык Кеңешинин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын альтернативалык түрдө берген сунушу боюнча Кербен шаардык Кеңешинин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын _ орун басары болот.
6.2. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо тартиби жана добуш берүүнүн башка жол-жоболук маселелери Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.
6.3. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.
Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Кербен шаардык Кеңешинин төрагасын алмаштырган учурда Мыйзамда каралган учурларда Кербен шаардык Кеңешинин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө компенсация алат.
6.4. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары:
– Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
– Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын тапшыруусу боюнча Кербен шаардык Кеңешинин сессияларын алып барат;
– Кербен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт;
– жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчиликти ишке ашырат же координациялайт;
– аймакта жайгашкан жергиликтүү коомдоштуктар жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жүргүзөт;
– Кербен шаардык Кеңешинин , анын комиссияларынын компетенциясына кирген маселелерге арналган иш-чараларга катышат;
– Кербен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары менен бирдикте жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
– ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка иш-милдеттерди аткарат.

7-глава. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
7.1. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы жана анын орун басары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот.
7.2. Өз каалоолору боюнча Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе алардын өздөрүнөн арыздар келип түшкөндө, ошондой эле депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча каралат.

7.3. Өз каалоолору боюнча Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом ачык добуш берүү (же депутаттардын каалоосу боюнча жашыруун добуш берүү) аркылуу Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.4. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда Кербен шаардык Кеңешинин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасын, төраганын орун басарынын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилиши мүмкүн.
7.5. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7.6. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, жергиликтүү кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгу добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.


8-глава. Кербен шаардык Кеңешинин катчысы

8.1. Кербен шаардык Кеңешинин ишин шаардык Кеңештин жооптуу катчысы камсыз кылат.

8.2. Жооптуу катчы Кербен шаардык Кеңешинин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарына жардам көрсөтөт. Кербен шаардык Кеңешинин сессияларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.
8.3. Жоопту катчы Кербен шаардык Кеңешинин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
– Кербен шаардык Кеңешинин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоо журналында);
– Кербен шаардык Кеңешине келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт, Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет;
– Кербен шаардык Кеңешинин сессияларына материалдарды, анын ичинде Кербен шаардык Кеңешинин токтомдорунун долбоорлорун жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
– Кербен шаардык Кеңешинин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга көмөктөшөт, бекилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышына көмөктөшөт;
– сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарын маалымдайт;
– Кербен шаардык Кеңешинин сессияларынын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарын катоону ишке ашырат;
– чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышууну каалаган адамдарды каттону жүзөгө ашырат;
– Кербен шаардык Кеңешинин иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;

– Кербен шаардык Кеңешинин токтомдорун жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарына, тийиштү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;

– расмий жарыялангандан кийин Кербен шаардык Кеңешинин токтомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;

– Кербен шаардык Кеңешинин документтерин, туруктуу(убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;
– туруктуу, убактылуу комиссияларга, депутаттык топторго уюштуруучулук жагынан жардам көрсөтөт;
– башка ченемдик укуктук актыларга, Кербен шаардык Кеңешинин ушул Регламентине ылайык жана Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
8.4. Аткаруу органынын башчысы менен макулдашуу аркылуу Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын тапшырмасына ылайык туруктуу (убактылуу) комиссиялардын ишине көмөк көрсөтүү боюнча аткаруу органынын жооптуу катчысынын иш-милдеттери аппараттын кызматкерлерине жүктөлүшү мүмкүн.


9-глава. Кербен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялары
9.1. Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо үчүн жергиликтүү кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.
9.2. Туруктуу комиссиялар Кербен шаардык Кеңешинин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана Кербен шаардык Кеңешинин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө Кербен шаардык Кеңешинин токтому менен түзүлөт.
9.3. Туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы жергиликтүү кеңешке шайланган депутаттардын сандык курамын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
9.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын санынан: ____ кем болбоого жана ____ көп болбоого тийиш.
9.5. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн Кербен шаардык Кеңешинин депутаттары шайлашат.
9.6. Кербен шаардык Кеңешинин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат
9.7. Туруктуу комисиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы жана анын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.
9.8. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагалары Кербен шаардык Кеңешинин сессияларында бекитилет.
9.9. Комиссиянын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
9.10. Туруктуу комиссиялар Кербен шаардык Кеңешинин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө жергиликтүү кеңешке отчет беришет.
9.11. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, жергиликтүү кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
(Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын орто курамын эске алуу менен жергиликтүү кеңеште төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн:
– Экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
– Мыйзамдуулук, социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, Регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
– Өнөр жай, транспорт, курулуш, архитектура жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
– Суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы).

10-глава. Кербен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары

10.1. Кербен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде:
– иш планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды Кербен шаардык Кеңешинин кароосуна киргизет;
-кийинки жылга туруктуу комиссиянын иш планын иштеп чыгат;
– Кербен шаардык Кеңешинин кароосуна аймактын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды Кербен шаардык Кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизет;
– өзүнүн аймагынын экономикалык өнүгүүсүнүн планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн корутундусун даярдайт, керек болгондо аларды кеңешке сунуш кылат;
– Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын тапшырмасы боюнча Кербен шаардык Кеңешинин кароосуна келип түшкөн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт;
– өз ишинин уюштуруу маселелерин чечет;
– жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын жоболорун аткаруу боюнча контролду жүзөгө ашырат;
– каралып жаткан маселени башка комиссияга өткөрүп берүү тууралуу сунушту Кербен шаардык Кеңешинин төрагасына киргизет;
– башка комиссиялар карап жаткан маслелер боюнча пикирин билдирет;
– ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
10.2. Туруктуу комиссиялар төмөндөгүлөргө укуктуу:
– өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга;
– өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин, ошондой эле аткаруу органынын башчысын жана анын аппаратынын тийиштүү адистерин угууга;
– өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, аткаруу органынын аппаратынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана илипоздорду тартуу укугу менен Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын ичинен убактылуу комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
– туруктуу комиссиянын кароосуна берилген маселени иликтөө үчүн маалыматтарды, материалдарды жана документтерди кызмат адамдарынан, аткаруу органдарынан, мамлекеттик органдардан, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, аймагында жайгашкан башка уюмдардан суратып алууга, алар суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө же суроо-талап берилген күндөн бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды туруктуу комиссияларга берүүгө милдеттүү;
– өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча Кербен шаардык Кеңешинин төрагасына жана аткаруу органынын башчысына каралып жаткан маселени кеңири талкуулоо жана коомдук пикирлерди эске алуу максатында коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
– башка туруктуу комиссиялар менен кошмо жыйын өткөрүүгө.
10.3. Кербен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялары аймагында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдик-чарбалык жана финансылык-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок.

11-глава. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
11.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.
11.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
11.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
11.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
11.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, Кербен шаардык Кеңешинин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.
11.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укукченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын добушу менен кабыл алынат.
11.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.
11.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын, аткаруу органынын башчысынын катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.
11.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.
11.10. Кербен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) аткаруу органдарына жүктөлөт.

12-глава. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйындары
12.1. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргеликте даярдалат жана каралат.
12.2. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди иликтөө жана кароо кошмо жыйындарда жүргүзүлөт.
12.3. Эгерде кошмо жыйынга ар бир комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Кошмо жыйынды өз ара макулдашуу боюнча ошол комиссиялардын төрагалары алып барышат.
12.4. Кошмо жыйында каралган маселелер боюнча чечим туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана ошол комиссиялардын төөрагалары тарабынан кол коюлат. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.

13-глава. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары

Туруктуу комиссиянын төрагасы:
– комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуу катчы аркылуу маалымдайт;
– комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы, Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы, аткаруу органынын башчысы же анын орун басары менен бирдикте бир жылга туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;
– туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
– комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди жана башка материлдарды даярдоону уюштурат;
– комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;
– убактылуу комиссиялардын ишине комиссия мүчөлөрүнүн катышуусун сунуш кылат;
– Кербен шаардык Кеңешинин жооптуу катчысынын жардамы менен жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду туруктуу комиссиянын жыйындарына катышуу үчүн чакырат;
– комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат:
– Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы жана төраганын орун басары менен туруктуу байланышта болот, комиссиянын жыйындарында каралган маселелер, ошондой эле чечимдерди жана комиссиянын сунуштарын жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынган чаралар тууралуу маалымдайт;
– Кербен шаардык Кеңешинин, туруктуу комиссиялардын чечимдерин аткаруу боюнча ишти уюштурат, тапшырылган милдеттердин аткарылышы тууралуу Кербен шаардык Кеңешинин төрагасына, комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт;
– жыл сайын Кербен шаардык Кеңешинин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет, отчетто камтылган малыматтарды кеңири жайылтуу үчүн чараларды көрөт.

14-глава. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
14.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:
– туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
– комиссиянын иш планы, комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
– комиссияда каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө;
– комиссиянын чечимдеринин, корутундуларынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
– өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
– комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
14.2. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
– ушул Регламенттин жоболорун сактоого;
– өзү мүчөсү болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден улам катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда комиссиянын төрагасына билдирүүгө;
– Кербен шаардык Кеңешинин жана анын комиссияларынын компетенцияларына кирген маселелерлерге арналган иш-чараларга катышууга;
– ал кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.
14.3. Комиссия тарабынан каралаган бардык маслелерди чечүүгө активдүү катышуу үчүн комиссиянын мүчөсүнө шарт түзүлөт жана керектүү материалдар берилет.
14.4. Комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшырмасы боюнча комиссиянын карамагына кирген маслелерди жеринен иликтейт, өзүнүн тыянактары жана сунуштары тууралуу комиссияга билдирет.
14.5. Сунушу комиссияда колдоого ээ болбогон комиссиянын мүчөсү ошол маселе Кербен шаардык Кеңешинин сессиясында талкууланган учурда, аларды жазуу же оозеки түрүндө киргизүүгө укуктуу.

15-глава. Убактылуу комиссия
15.1. Кербен шаардык Кеңеши зарылчылыкка жараша убактылуу комиссияларды түзүүгө укутуу.
15.2. Убактылуу комиссиялар жергиликтүү кещешинин төрагасынын, анын орун басарынын, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын сунушу, ошондой эле жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча түзүлөт.
15.3. Убактылуу комиссиялардын иши төмөндөгү учурлар менен чектелет:
– убактылуу комиссия түзүлгөн тийиштүү мезгил менен;
– убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тийиштүү тапшырма менен.
15.4. Убактылуу комиссияны түзүү жергиликтүү кещештин токтому менен жол-жоболоштурат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
– убактылуу комиссиянын аталышы;
– убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн сандык жана жеке курамы;
– убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тапшырма;
– убактылуу комиссиянын ыйгарым укугунун мөөнөтү.
15.5.Убактылуу комиссиянын мүчөлөрү Кербен шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Добуш берүү ошондой эле убактылуу комиссиянын курамы боюнча да жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы алардын курамын шайлоо тууралуу Кербен шаардык Кеңешинин токтому менен бекилет.
15.6. Өзүнүн курамынан убактылуу комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнүн жалпы санын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат.
15.7. Өзүнүн ишинин жыйынтыктары боюнча убактылуу комиссия жергиликтүү кеңешке отчет берет. Өзгөчө пикири бар комиссиянын мүчөсү аны Кербен шаардык Кеңешинин сессиясында жарыялоого укуктуу.
15.8. Убактылуу комиссия төмөндөгү учурларда өзүнүн ишин токтотот:
– өзү түзүлгөн мезгил аяктаганда;
– убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлүп, чечүүгө тийиш болгон тапшырмалар аткарылган учурда;
– Кербен шаардык Кеңешинин чечими боюнча башка учурларда.
15.9. Зарылчылкка жараша адистер, эксперттер, демилгечи топтор жана башка кызыкдар адамдар убактылуу комиссиянын ишине тартылышы мүмкүн.
15.10. Каралып жаткан маслеле боюнча убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен убактылуу комиссия чечим же корутунду кабыл алат.
15.11. Убактылуу комиссиянын жыйынын өткөрүүнүн тартиби туруктуу комиссиялар үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
15.12. Кербен шаардык Кеңешинин убактылуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) аткаруу органына жүктөлөт.

II БӨЛҮМ. КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ИШИН УЮШТУРУУ

16-глава. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясын даярдоонун жана өтөкөрүүнүн тартиби

16.1. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясы Кербен шаардык Кеңешинин карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоону жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алууну камсыз кылган Кербен шаардык Кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
16.2. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясы Кербен шаардык Кеңешинин дептуттарынын жалпы санынын жарымынан аз эмеси катышканда укук ченемдүү болот.
16.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 15 мүнөттүн аралыгында кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу 30 мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде 30 мүнөттүн ичинде кворум камсыз кылынбаса, анда сессия болбой калды деп эсептелинет.
16.4. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясын Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы чакырат:
– өзүнүн демилгеси боюнча;
– Кербен шаардык Кеңешинин дептуттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча;
– аткаруу органынын башчысынын сунушу боюнча;
– жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин сунушу боюнча.
16.5. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу Кербен шаардык Кеңешинин сессиясынан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
16.6. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга аткаруу органынын башчысы, анын орун басары, жергилктүү коомдоштук мүчөлөрү, каралуучу маселе боюнча чакырылган адамдар, ошондой эле ушул Регламенте каралган тартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.
16.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, жергиликтүү кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.
16.8. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессия башталганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен, аймактарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.
16.9. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясына катышуучулардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Дептуттарды каттоону жооптуу катчы жүргүзөт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депуттарды каттоо журналы жооптуу катчыда (же Кербен шаардык Кеңешинин төрагасында) сакталат. Сессияга катышкан депутат өзүнүн катталуусун жокко чыгарууну талап кылууга укуксуз.
16.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык документ түрүндө тастыкталган ооруу, иш сапары жана башка себептер Кербен шаардык Кеңешинин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат Кербен шаардык Кеңешинин төрагасына Кербен шаардык Кеңешинин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.
16.11. Сессияларга катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата Кербен шаардык Кеңешинин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу Кербен шаардык Кеңешинин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

17-глава. Кербен шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
17.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы өзүнүн демилгеси же аткаруу органынын башчысынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин, Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча Кербен шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.
17.2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин, аткаруу органынын башчысынын же Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин, Кербен шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча сунушу кезексиз сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын кыскача негиздемеси менен жазуу жүзүндө Кербен шаардык Кеңешинин төрагасына берилет.
17.3. Кербен шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын сунушу каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын негиздемеси менен маалымдама аркылуу жол-жоболоштурулат жана жергиликтүү кеңешти депутаттарына жөнөтүлөт.
17.4. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес убакытта чакырылат.
17.5. Кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарына маалымдоо кезексиз сессияны чакыруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн баштап 4 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
17.6. Кербен шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча жарыяда кезексиз сессияда каралуучу маселелер көрсөтүлүп, кезексиз сессия башталганга чейин 4 календардык күндөн кечиктирилбестен, аймактарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.
17.7. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн маалымдоонун мөөнөтүн милдеттүү түрдө сактабастан эле кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
17.8. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессиянын 1 (бир)
календарлык күнүнө чейин, калган бардык катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
17.9. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кезексиз сессиянын күн тартиби жана материалдары депутаттарга жана бардык чакырылгандарга жана катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.

18-глава. Сессиянын күн тартиби
18.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору Кербен шаардык Кеңешинин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, аткаруу органынын башчыларынын сунуштарынын негизинде жыйын өткөрүүгө чейин Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы тарабынан 10 күн мурда жана Кербен шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясына чейин 5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.
18.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар Кербен шаардык Кеңешинин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.
18.3. Өткөрүлүүчү убактысы жана жери көрсөтүлүү менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга жөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда маалымат тактайларына жайгаштырылат, ошондой эле жергиликтүү калктын таанышуусу үчүн аймактагы көрүнүктүү жерлерге илинет.
18.4. Эгерде Кербен шаардык Кеңешинин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү гезиттерде, телекөрсөтүүдө жана радиода жарыя кылынат.
18.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору сессияда төрагалык кылуучу тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.
18.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизлиши мүмкүн.
18.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда Кербен шаардык Кеңешинин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.
18.8. Күн тартибинин долбооруна киргизилген маселелерди алып салуу же сессиянын күн тартибиндеги маселелерге өзгөртүү киргизүү (техникалык маанидеги) тууралуу сунуштар Кербен шаардык Кеңешинин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралбастан эле катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
18.9. Сессиянын күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төрага тарбынан сессиянын күн тартиби жалпысынан кабыл алуу үчүн добушка коюлат, сессиянын күн тартиби Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
18.10. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясында кошумча материалдар Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын кол коюусу болгондо гана таркатылат.

19-глава. Сессияга төрагалык кылуучу
19.1. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясын сессияга төрагалык кылуучу алып барат. Сессияга төрагалык кылуучу Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы болуп саналат, ал жокто Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары болот.
19.2. Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
– Кербен шаардык Кеңешинин сессиясын алып барууга;
– маселелерди талкуулоого катышууга;
– депутаттарга жана кызмат адамдарына маалым-кат алуу үчүн кайрылууга;
– эгерде депутат Регламентти бузуп жатса, күн тартибинен башка маселе боюнча сүйлөсө, кемсинтүүчү сөздөрдү пайдаланса, чыгып сүйлөөчүнү эскертүүгө, эгерде кайталап мындай бузууларга жол берсе, чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө добушка коюуга;
– чечим кабыл алынган учурда көпчүлүгүнүн добуш берүүсү ачыктан-ачык белгилүү болуп турганда добуштарды саноого убакыт кетирбөөгө;
– сессияда пайда болгон пикир келишпестиктерди четтетүү жана маселелерди чечүү максатында депутаттар, адистер менен кеңешүүлөрдү өткөрүүнү жүргүзүүгө;
– ушул Регламентте белгиленген тартипте сессияга катышуу тартибин бузган депутат болуп саналышпаган адамдарга сөз бербөө, жыйындар залынан чыгарып жиберүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;
– залда өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле коомдук тартипти одоно бузуулар жаралган учурда сессияны токтото турууга.
19.3 Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
– ушул Регламентти сактоого жана аны ушул жыйынга катышуучулардын баарынын сактоосун камсыз кылууга;
– чыгып сүйлөө убактысын сактоону камсыз кылууга, белгиленген убакыттын бүтүп жаткандыгы тууралуу өз учурунда эскертүүгө;
– сессиянын күн тартибине ылайык келип түшкөн сунуштардын ирети боюнча сөз сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
– сессиянын күн тартибинде турган маселелерди добушка коюуга;
– келип түшкөн дептуттардын сунуштарын иретине жараша добушка коюуга;
– дептуттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын жана кайрылууларын жарыя кылууга, суроо-талаптар үчүн сөз берүүгө, аларга суроо-жооп, маалымкат, билдирүү, жарандардын кайрылуулары, жарыялар үчүн, ошондой эле жыйынды алып баруу боюнча сын-пикирлер, Кербен шаардык Кеңешинин токтомунун долбоору боюнча сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизүү, добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
– сессиянын протоколун жүргүзүүнү уюштурууга, Кербен шаардык Кеңешинин сессияларынын протоколдоруна жана токтомдоруна кол коюуга;
– сессиянын катышуучуларына карата сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жекече сын-пикирин билдирүүдөн жана алардын сөздөрүнө баа берүүдөн, комментарий жасоодон карманууга;
– сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жоболору боюнча билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алууга;
– эгерде Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы каралып жаткан маселе боюнча баяндамчы болсо же аны Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу маселени жергиликтүү кеңеш караган учурда, сессияны алып барууну орун басарына берүүгө.

20-глава. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясында депутаттын укугу жана милдети
20.1. Кербен шаардык Кеңешинин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:
– Кербен шаардык Кеңешинин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
– Кербен шаардык Кеңешинин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
– Кербен шаардык Кеңешинин жана анын органдарынын жыйындарынын күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун ирети жана алардын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
– токтомдордун долбоорлорун, жергиликтүү кеңеш же анын органдары кабыл алуучу документтерди жана аларга түзөтүүлөрдү кароо үчүн демилгелөөгө жана киргизүүгө;
– жергиликтүү кеңеш түзүүчү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамы жана жергиликтүү кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча пикирин билдирүүгө;
– жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлүүчү органга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой эле жергиликтүү кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маслени коюуга;
– жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга сессияга төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө;
– жергиликтүү кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын кеңештин сессиясында отчетун угуу, ошондой эле Кербен шаардык Кеңешинин , аймагында жайгашкан башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маслелелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
– өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
– Кербен шаардык Кеңешинин сессиясында, анын органдарынын жыйындарында жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, билдирүүлөрүнүн, петицияларынын текстерин, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо, жарыя кылууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.
20.2. Кербен шаардык Кеңешинин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:
– ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;
– Регламенти, сессиянын күн тартибин жана сессияга төрагалык кылуучунун укук ченемдүү талаптарын сактоого;
– колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөнү суранууга;
– сессияга төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөөгө;
– жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
– чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр-баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көзкөрүнөө жалган маалыматтарды пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына алардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнө баам бербөөгө, кимдир бирөөнүн дарегине карата негизсиз жалаа жабууга жол бербөөгө;
– сессия учурунда төрагалык кылуучунун уруксаты менен чыгып кетүүгө.
20.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутат мыйзамдарга ылайык жооп берет.
20.4. Кербен шаардык Кеңешинин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелелер кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
20.5. Кербен шаардык Кеңешинин депутаттары Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен төмөндөгү маселелерди демилгелөөгө укуктуу:
– өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же тийиштүү деңгээлде аткарбаган учурларда Кербен шаардык Кеңешинин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотууга;
– Кербен шаардык Кеңешинин сессиясын кезексиз тартипте чакырууга;
– мурда кабыл алынган жергиликтүү коомдоштук уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө.
20.6. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясында депутаттар тарабынан айтылган жана жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берилген сын-пикирлер жана сунуштар жергиликтүү кеңеш тарабынан же анын тапшырмасы боюнча туруктуу (убактылуу) комиссиялар тарабынан каралат же тиийштүү мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын кароосуна жөнөтүлөт, алар жергиликтүү кеңеш тарабынан башкача каралбаса, ошол сунуштарды жана сын-пикирлерди бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча сунуш жана сын-пикир киргизген депутатка, ошондой эле Кербен шаардык Кеңешинин төрагасына билдирүүгө милдетүү.
20.7. Сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарга жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын, депутаттардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин, шайлоочулардын сууроо-талаптарынын жүзөгө ашырылышын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле Кербен шаардык Кеңешинин жана анын органдарынын иштеринин башка маанилүү маселелери мазгил-мезгили менен маалымдалат.

21-глава. Кербен шаардык Кеңешинин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына Кербен шаардык Кеңешинин депутаты эмес адамдардын катышуу тартиби
21.1. Аткаруу органынын башчысы, райондун акими, анын орун басары, ошондой эле тиешелүү аймакта иш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар Кербен шаардык Кеңешинин ачык сессияларына жана анын органдарынын ачык жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышууга укуктуу.
21.2. Жогоруда аталган адамдар ачык сессияга жана/же анын органынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоо журналына аларды каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.
21.3. Кербен шаардык Кеңешинин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары (ф.а. а., жашаган жери, иштеген орду) катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагалык кылуучуга берилет.
21.4. Кербен шаардык Кеңешинин депутаттары болуп саналышпаган адамдар катталган учурдан тартып сессиянын, жыйындын катчысы аларды ушул Регламенттин 22-главасында белгиленген Кербен шаардык Кеңешинин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартиби жана Кербен шаардык Кеңешинин Регламентин бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралу тааныштырат.
21.5. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы Кербен шаардык Кеңешинин сессиясын ачар алдында, сессияга катышып жаткан жергиликтүү кеңешке депутат болуп саналышпаган адамдардын сессияга катышып жаткандыктары жөнүндө депутаттарга маалымдайт.
21.6. Сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн жыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде сессия, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары өтүп жаткан жыйындар залы катышууну каалагандардын баарын батыра албаса, төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча Кербен шаардык Кеңешинин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары аталган адамдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк бир көчөдөн, бир кварталдан, бир райондон, бир айылдан, бир уюмдан, бир мекемеден, бир бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.

22-глава. Депутаттын жана Кербен шаардык Кеңешинин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдардын тартиби жана этикасы
22.1. Өз ишинде Кербен шаардык Кеңешинин депутаты жалпыга таанылган моралдык нормаларын кармоого, өзүнүн наркын сактай билүүгө, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын ызаттоого, Кербен шаардык Кеңешинин , шайлоочулардын жана жалпысынан мамлекеттин беделине шек келтирген аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан алыс болууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке кызыкчылыктары үчүн колдонууга жол бербөөсү керек.
22.2. Депутат төмөндөгүлөрдү жасоого тийиш эмес:
– Кербен шаардык Кеңешинин саясий максаттар үчүн жана жеке пайда табуу үчүн конфиденциалдуу маалыматтарды колдонууга;
– Кербен шаардык Кеңешинин жабык сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тийиштүү маалыматтарды жарыя кылууга, анткени алар депутатка аларды жайылтпоо шартында ишенүү менен айтылат;
– өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек жазык жана жарандык иштер боюнча фактылар жөнүндө айтууга;
– Кербен шаардык Кеңешинин мүлкүн жеке максаттары үчүн пайдаланууга;
– депутаттык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардан белек, акча каражаты жана аракети жана аракетсиздиги үчүн кызмат түрүндө сый акыларды алууга.
22.3. Депутаттар, Кербен шаардык Кеңешинин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого милдеттүү, чыгып сүйлөгөндө орой, мазактаган сөздөрдү колдонууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз күнөө жабууга жол берүүгө, талкууланып жаткан темадан чыгып кетүүгө укугу жок.
22.4. Ушул жоболор бузуган учурда сессияга төрагалык кылуучу сүйлөп жатканга эскертүү берет, Регламенттин талаптарын кайталап бузуулар болгон учурда төрагалык кылуучу сыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укуктуу, талкууланган маселе боюнча ага кайталап сүйлөөгө сөз берилбейт.
22.5. Сессия учурунда депутаттар чыгып сүйлөөчүнүн жана катышуучулардын сөз сүйлөөсүнө жана угуп олтуруусуна жолтоо болгон аракеттерди (кыйкыруу, кол чабуу, тура калуу, комментарийлерди берүү ж.б.у.с.) жасоого тийиш эмес.
22.6. Сессияга чакырылган жана катышып жаткан адамдар Кербен шаардык Кеңешинин , анын органдарынын ишине сессиянын, жыйындын төрагалык кылуучунун уруксатысыз кийлигише албайт (сөз сүйлөө, билдирүү жасоо, өз пикирин билдирүү, комментарий жасоо).
22.7. Сессия учурунда залда катышып олтургандардын баары, депутаттарды кошуп алганда, түйүндүк байланыш аппараттарын өчүрүп коюуга (же үн чыкпас режимге коюуга) милдетүү.
22.8. Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузса, сессияга, жыйынга төрагалык кылуучу анын жеке өзүн эскертет жана тартипке чакырат.
22.9. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясына төрт жолу катары менен жүйөлүү себептерсиз катышпаган, ошондой эле туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштерине, Кербен шаардык Кеңешинин иш-чараларына туруктуу катышпаган, шайлоочулардын алдында отчет беришпеген депутаттар жөнүндө маалыматтар Кербен шаардык Кеңешинин сессияларында жарыя кылынат жана тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга берилет.

III БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШ ТАРАБЫНАН ЧЕЧИМДЕРДИ ТАЛКУУЛООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

23-глава. Кербен шаардык Кеңешинин сессияларында маселелерди кароонун тартиби
23.1. Кербен шаардык Кеңешинин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында Кербен шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан бекитилген маселелер каралат.
23.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароо тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы баяндама менен чыгып сүйлөйт, эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнөндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.
23.3. Кербен шаардык Кеңешинин депутаты, сессияга катышкан адамдар каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) берүүгө укуктуу.
23.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлери жана сунуштары (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.
23.5. Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийин баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.
23.6. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунун текстине депутаттардан сунуштар (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) келип түшсө, төрагалык кылуучу депутаттардын бардык сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) түшкөн ирети боюнча добушка коет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген депутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.
23.7. Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору Кербен шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясында каралышы мүмкүн.
23.8. Кербен шаардык Кеңешинин депутаттары талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, эгерде берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канаатанышбаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы жетишерлик эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, Кербен шаардык Кеңешинин кийики сессиясына киргизүү укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укутуу.
23.9. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирүү менен төрагалык кылуучуга расмий түрдө жазуу же оозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуулоо токтотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.
23.10. Төрагалык кылуучунун, туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасынын же депутаттардын үчтөн биринин кем эмесинин сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш кыскартылган жол-жобо боюнча маселелерди кароо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Кыскартылган жол-жобого төмөндөгүлөр кирет:
– негизги баяндамачынын баяндамасы;
– ар бир дептутаттан эки суроо жана аларга жооптор;
– 5 мүнөттөн ашык эмес жарыш сөз (талкуу);
– баяндамачынын корутунду сөзү;
-токтомдун долбоорунун текстине келип түшкөн депутаттардын сунуштары боюнча добуш берүү;
– токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.

24-глава. Кербен шаардык Кеңешинин сессияларындагы жол-жобо маселелери
24.1. Жол-жобо маселелерине сессияны алып баруунун тартибине байланышкан төмөндөгү маселелер кирет:
– сессияда тыныгуу, аны жылдыруу, жабуу же узартуу жөнүндө;
– добуш берүүнүн жолун өзгөртүү жөнүндө;
– чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;
-кошумча каттоону жүргүзүү жүнүндө;
– кворумду тактоо жана добуштарды кайра саноо жөнүндө;
– талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздөрдү жылдыруу же токтотуу жөнүндө;
– маселени кароону туруктуу же убактылуу комиссияларга өткөрүп берүү жөнүндө;
– чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын чектөө же узартуу жөнүндө;
– күн тартибинин башка маселелерине өтүү (кайрылып келүү) жөнүндө;
– сессияда маслелелерди кароонун жана талкуулоонун ирети жөнүндө;
– добуш берүүнүн түрүн белгилөө жөнүндө;
– маслени кароону кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө;
– маселелерди талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө жөнүндө;
– күн тартибине маселелерди киргизүү жана алып салуу жөнүндө;
– чыгып сүйлөөлөрдүн жана маселелердин санына чектөө белгилөө жөнүндө;
– суроо жооптордун убактысына чектөө киргизүү же узартуу жөнүндө;
– каралып жаткан маселе боюнча адамдарды жыйынга чакыруу жөнүндө;
– чакырылган адамдарга сөз берүү жөнүндө;
– күн тартибинин маселесин талкуулабай туруп добушка коюуга өтүү жөнүндө;
– добуштарды кайра саноо жөнүндө;
– жол-жобого кирген башка маселелер.
24.2. Жол-жобо маселелери боюнча Кербен шаардык Кеңешинин чечими катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен тастыкталбайт.
25-глава. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
25.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын убактысынын узактыгы каралат:
– баяндама – 10 мүнөткө чейин;
– баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн – 5 мүнөткө чейин;
– күн тартибин талкуулоо үчүн – 2 мүнөткө чейин;
– талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз үчүн – 2 мүнөткө чейин;
– шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсү үчүн – 5 мүнөткө чейин;
– талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн -3 мүнөткө чейин;
– добуш берүүнүн жүйөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн – 1 мүнөткө чейин;
– жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөө үчүн – 1 мүнөткө чейин;
– сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн – 2 мүнөткө чейин;
– кайталап сөз сүйлөө үчүн – – 2 мүнөткө чейин;
25.2. Катышып олтурган депутаттардын макулдугу менен төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын 3 мүнөткө чейин узартууга укугу бар.
25.3. Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сөз сүйлөөсүн жол берилбейт.
25.4. Шайлануучу кызматка талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгып сүйлөөлөр – трибунадан же олтурган ордунан жүргүзүлөт.
25.5. Депутат жыйында төрагалык кылуучу тарабынан өзүнө сөз берилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.
25.6. Сөз берүү жөнүндө сунуш төрагалык кылуучуга жазуу түрү сыяктуу эле, оозеки түрүндө да берилет.
25.7. Аткаруу органынын башчысы, райондун акими жана анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөө үчүн кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.
25.8. Сессияны алып баруунун тартиби, добуш берүүнүн түрү, маалымат, түшүнүк берүү боюнча сөз сессияга төрагалык кылуучу тарабынан берилиши мүмкүн, анын узактыгы 2 мүнөттөн ашпайт.
25.9. Депутаттардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары күн тартибинин «Ар канадай маселелеринде» каралат. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясынын же төрагалык кылуучунун чечими боюнча «Ар канадай маселелерге» убакыт берилиши мүмкүн.
25.10. Күн тартибинин кезектеги маселесин кароого өтүү же бүтпөй калган мурдагы маселелердин бирине кайрылып келүү, ошондой эле маселелерди кароонун иретин өзгөртүү сессияга төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.
25.11. Сессияга төрагалык кылуучу тарабынан сессиянын ишине 20 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу (добуш берилбей туруп) жарыяланышы мүмкүн.
25.12. Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калганда төрагалык кылуучу 40 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого жана/же аны белгилүү убакка же күнгө которууга укуктуу.
(Чыгып сүйлөөлөрдүн жана тыныгуулардын убактысы ар бир Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын өз каалоолору боюнча аныктала тургандыгын белгилөө зарыл).
26-глава. Жарыш сөз (талкуулоо)
26.1. Төрагалык кылуучунун уруксаты жок Кербен шаардык Кеңешинин сессиясында эч кимдин сөз сүйлөөгө укугу жок.
26.2. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр талкууланып жаткан маселенин темасын карманууга тийиш. Чыгып сүйлөөчү темадан чыгып кеткен учурда, төрагалык кылуучу ага эскертет, ал эми Регламенттин талаптарын кайталап бузган учурда төрагалык кылуучунун чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укугу бар.
26.3. Төрагалык кылуучу жарыш сөздөрдү токтотуу тууралуу сунуш келип түшкөндө депутаттарга чыгып сүйлөөнү каалагандардын, бирок сөз жетпей калгандардын саны жөнүндө баяндайт, кимиси чыгып сүйлөөнү талап кылып жатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добушка коет.
26.4. Жарыш сөз токтотулгандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай калган депутаттык топтун өкүлүнүн, депутаттардын төрагалык кылуучуга сүйлөөчү сөздөрүнүн текстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу үчүн берүүгө укугу бар.


27-глава. Чечим кабыл алуу үчүн кворум
27.1. Кербен шаардык Кеңешинин чечимдери төмөндөгүдөй кабыл алынат:
– Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен;
– Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен;
27.2. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
– Кербен шаардык Кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо;
– Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
– жергиликтүү коомдоштуктун уставын бекитүү.
27.3. Депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
– Кербен шаардык Кеңешинин төрагасын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
– Кербен шаардык Кеңешинин дептутаттарынын демилгеси боюнча жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуу;
– мурда кабыл алынган жергиликтүү коомдоштуктун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
27.4. Депутаттардын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен жол-жобо маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат.

28-глава. Добуш берүү жана анын түрлөрү
28.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн колдонулган төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
– Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы саны – 31 депутат
– жыйынга катышкандардын саны – каттоодон өткөн Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын саны.
28.2. Кербен шаардык Кеңешинин сессияларда ачык жана жашыруун добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алат. Добуш берүү Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын кол көтөрүүсү аркылуу жана төрагалык кылуучунун добуштарды саноосу аркылуу (ачык добуш берүү) же депутаттар атайын кабинада бюллетендерди толтуруп, аларды чапталып бекитилген үкөккө салуу (жашыруун добуш берүү) аркылуу жүргүзүлөт.
28.3. Тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү кворум жок болгондо төрагалык кылуучу кворум камсыз кылынганга же кийинки сессияга чейин добуш берүүнү жылдырат.
28.4. Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы Кербен шаардык Кеңешинин сессиясынын протоколуна түшүрүлөт.
28.5. Кербен шаардык Кеңешинин депутаты добуш берүүгө өзүнүн укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын добуш берүү укугун башка депутатка ишеним кат же башка жол менен өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.
28.6. Бир маселе боюнча добуш бергенде Кербен шаардык Кеңешинин депутаты чечим кабыл алуу үчүн “макул” же “каршы”, болбосо чечим кабыл алууда “калыс” добуш берүү менен бир добушка ээ.
28.7. Добуш берүү учурунда жок болгон Кербен шаардык Кеңешинин депутаты добуш берүү аяктагандан кийин өзүнүн добушун берүүгө укугу жок. Жыйындар залында катышып олтурган шартта депутаттын добуш берүүгө катышпай калышы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо үчүн негиз болуп саналбайт.
28.8. Добуш берүүнүн башталгандыгы жарыялангандан кийин эч кимдин аны үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.

29-глава. Ачык жана жашыруун добуш берүү

29.1. Ачык добуш берүү – ар бир депутаттын жооптун варианттарынын (“макул”, “каршы”, “калыс”) бирөөсү боюнча өзүнүн эркин билдирген добуш берүү ыкмасы.
29.2. Ачык добуш берген учурда добуштарды саноо төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.
29.3. Добуштар саналгандан кийин сессияга төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.
29.4. Добуш берүүдө жол-жоболук ката кетирилген учурда (же төрагалык кылуучунун катасы) Кербен шаардык Кеңешинин депутаттары кайталап добуш берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
29.5. Жашыруун добуш берүү – добуш берүүгө катышкандардын жашыруун жүргүзгөн добуш берүү ыкмасы, бул учурда жооптордун варианттарынын (“макул”, “каршы”, “калыс”) бири боюнча добуш берүүчүнүн эркин контролдоо жокко чыгарылат.
29.6. Жашыруун добуш берүү милдеттүү болгон маселелер, ошондой эле Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими боюнча жашыруун добуш берүү жүргүзүлөт.
29.7. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү, бюллетендерди толтуруу аркылуу ар бир депутаттын жеке өзү тарабынан ишке ашырылат, бюллетендер депутаттардын тизмесине ылайык ар бир депутатка берилет жана депутаттын өз эркин жашыруун билдирүүнү камсыз кылган атайын кабинада толтурулуп, эсептөө комиссиясы мөөр басып бекиткен добуш берүүчү үкөккө салынат.

30-глава. Эсептөө комиссиясынын иши

30.1. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын натыйжаларын белгилөө үчүн Кербен шаардык Кеңешинин депутаттары ачык (же жашыруун) добуш берүү менен эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүн шайлашат, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны так сандардан турат.
30.2. Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлайт, ошондой эле эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт.
Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоо жөнүндө, ошондой эле мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу эсептөө комиссиясынын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат, протокол Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
30.3. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер Кербен шаардык Кеңешинин чечими менен сунуш кылынган жана бекитилген форма боюнча эсептөө комиссиясы тарабынан дайындалат, анын саны Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын санына барабар болот. Добуш берүү үчүн бюллетенде “макул”, “каршы”, “калыс” деген жооптордун варианттары турат. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендин ар биринин арткы бетине кол коюшат.
30.4. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүн кабинаны орнотуу менен депутаттар өз эркин жашыруун билдирүү үчүн шарттарды түзөт.
30.5. Добуш берер алдында эсептөө комиссиясы Кербен шаардык Кеңешинин бардык депутаттарынын катышуусунда добуш берүүчү үкөктү бекитет.
30.6. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетень алып, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди берүү ведомостундагы өзүнүн фамилиясынын тушуна кол коёт жана жашыруун добуш берүү үчүн кабинага келет. Добуш бергенден кийин депутат добуш берүүчү үкөккө бюллетенин таштайт.
30.7. Добуш берүү бүткөндөн кийин эсептөө комиссиясында калып калган бюллетендер эсептелинет жана депутаттардын катышуусунда эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан бюллетендин оң бурчун кесүү аркылуу жок кылынат.
30.8. Депутаттардын добушун саноодо белгисиз формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эркин билдирүүнү аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды саноодо эске алынбайт.
30.9. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана сессияда эсептөө комиссиясынын төрагасы аны жарыя кылат.
30.10. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде сессияга төрагалык кылуучу чечимдин кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу жарыя кылат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол Кербен шаардык Кеңешинин токтому менен бекитилет.

31-глава. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби

31.1. Жооптуу катчы баяндамачы менен бирдикте жергиликтүү кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жол-жоболоштурат.
31.2. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.
31.3. Документти жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган Кербен шаардык Кеңешинин токтомунун мазмундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.
31.4. Кербен шаардык Кеңешинин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:
– тиешелүү аймакта кеңири жайылтылган басылмалардын ичинен жергиликтүү кеңеш өзү аныктаган тийиштүү басма сөз басылмасында;
– Кербен шаардык Кеңешинин расмий веб-сайтында;
31.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.
31.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылма жарыкка чыккан күн эсептелинет.
31.7. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердик ишти жөнгө салган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет.
31.8. Кербен шаардык Кеңешинин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен Кербен шаардык Кеңешинин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу жооптуу катчы ишке ашырат:
-актынын түрүн көрсөтүү;
-ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин билдирген аталыш;
-кабыл алынган жери жана датасы;
-каттоо номери.
31.9. Расмий жарыяланган күнү Кербен шаардык Кеңешинин токтомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
31.10. Кербен шаардык Кеңешинин токтомунун көчүрмөсү кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу үчүн тиешелүү аймактын маалымат илинүүчү тактайларына милдеттүү түрдө жайгаштырылат.

32-глава. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу

32.1. Кербен шаардык Кеңешинин сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында протокол жазуу жүзүндѳ жүргүзүлөт, ошондой эле электрондук стенограмма колдонушу мүмкүн ага катар номери берилет. Мындан сыркары аудио, видео тартууларга жол берилет
32.2. Сессиялардын жана жыйындардын протоколдорун жүргүзүү жана жол-жоболоштуруу протоколдорду жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу болгон жооптуу катчы тарабынан жүргүзүлөт. Зарылчылык болгон учурда аткаруу органынын башчысы менен макулдашуу боюнча Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын тапшырмасы менен туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү жана жол-жоболоштурууну аткаруу органынын аппаратынын кызматкери жүргүзөт.
32.3. Протоколдун тексти киришүү жана негизги бөлүктөрдөн турат:
– Кербен шаардык Кеңешинин сессияларынын жыйындарынын протоколунун киришүү бөлүгүндө номери, датасы, өткөрүлгөн убактысы жана орду; Кербен шаардык Кеңешинин чакырылган жылы, Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык адам чакырылса, чакырылгандардын тизмеси тиркелет), баяндамачынын фамилиясын көрсөтүү менен күн тартиби, эгер түзүлгөн болсо эсептөө комиссиясынын курамы чагылдырылат;
-негизги бөлүгүндө сессияны алып баруунун жүрүшү, каралган маселелер, баяндама менен чыгып сүйлөгөндөр жана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр, добушка коюлган маселелер жана сунуштар, аларды кабыл алуунун жолдору; добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар чагылдырылат.
32.4. Депутаттардын фамилиялары алардын фамилияларын жана аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, башка адамдардын – фамилияларын, аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, кызмат ордун жана иштеген ордун, эгерде иштебеген болсо жашаган жерин көрсөтүү менен коштолот. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү катышкан учурда алардын фамилиялары жана жашаган жери көрсөтүлөт.
32.5. Сессиянын протоколу сессиянын иши аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат, ага Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы жана Кербен шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынын протоколу алар аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат жана комиссиянын төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлат.
32.6. Жабык сессиялардын материалдарын кошпогондо, жыйындардын протоколдорунун көчүрмөлөрү ачык кол жеткендей болууга тийиш. Жооптуу катчы Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарына жана башка кызыкдар адамдарга протоколдордун жана токтомдордун көчүрмөлөрүн берет, алардан көчүрүп алууларды жүргүзөт.
32.7. Кербен шаардык Кеңешинин сессияларында жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында видео-аудио жазып алуулар жүргүзүлүшү мүмкүн, алар Кербен шаардык Кеңешинин депутаттары үчүн жеткиликтүү болот.
32.8. Протоколдордун, видео жазып алуулардын түп нускалары жооптуу катчыда сакталат. Жыйындардын жана сессиялардын протоколдору, алардын тиркемелери тийиштүү Кербен шаардык Кеңешинин ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн аралыгында сакталат. Кербен шаардык Кеңешинин ыйгарым укуктары аяктаганда жыйындардын, сессиялардын протоколдору жана алардын тиркемелери туруктуу сактоого архивге тапшырылат.
32.9. Кербен шаардык Кеңешинин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.

33-глава. Кербен шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышын контролдоо

33.1. Токтомдо аны жүзөгө ашыруунун тартиби белгиленилет, атап айтканда:
– жалпысынан токтомдун же анын пункттарын же колдонууга киргизилишинин конкреттүү мөөнөттөрү жана жолдору;
– токтомду жүзөгө ашыруу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалардын, аткаруу органынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (зарылчылыкка жараша) кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын кабыл алынышы, аткаруу органынын башчысынын актыларынын Кербен шаардык Кеңешинин токтомуна ылайык келтирүү;
– аны аткаруу үчүн мөөнөттөр белгиленилет.
33.2. Кербен шаардык Кеңешинин ар бир токтомунда токтомдо көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу жүктөлгөн кызмат адамы же орган, ошондой эле токтомдун аткарылышын контролдоо жүктөлгөн кызмат адамы же орган көрсөтүлөт.
33.3. Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат угулгандан кийин, жергиликтүү кеңеш төмөндөгүлөргө укуктуу:
-аткарылган катары токтомду контролдон алып коюу;
-аткарылган катары токтомдун айрым пункттарын контролдон алып коюу;
-ошол токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн жылдыруу;
-башка кызмат адамына же органга контролдоо ыйгарым укуктарын жүктөө;
-токтомду жокко чыгаруу;
-токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
-кошумча токтомду кабыл алуу.
33.4. Контролдоо боюнча отчёттун мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы токтомдун аткарылышы үчүн контрол жүктөлгөн кызмат адамына же органга Кербен шаардык Кеңешинин сессиясында анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүнү тапшырууга укуктуу.

IV БӨЛҮМ. КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН НОРМА ЧЫГАРУУ ИШИ

34-глава. Норма чыгаруу ишинин негизги принциптери
34.1. Кербен шаардык Кеңешинин норма чыгаруу иштери төмөндөгү принциптерде жүргүзүлөт:
– жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун;
– мыйзамдуулуктун;
– негиздүүлүктүн;
– максатка ылайыктуулуктун;
– акыйкатчылыктын;
– ачыктыктын.
34.2. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн компетенциясынын чектеринде токтом кабыл алат.
34.3. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган Кербен шаардык Кеңешинин токтомдору аймагында жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
34.4. Кербен шаардык Кеңешинин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү маалымат тактайларында жайгаштыруу аркылуу жана «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.

35-глава. Кербен шаардык Кеңешинин токтомун жол-жоболоштуруунун тартиби

Кербен шаардык Кеңешинин токтомунун текстин жол-жоболоштуруунун тартиби жана түзүмдүк элементтери, Кербен шаардык Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн тартиби, аны күчүн жоготту деп таануу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12 жана 17-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.


36-глава. Жергиликтүү кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби

36.1. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясына киргизилүүчү документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
– тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары менен макулдашуу боюнча Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы тарабынан жактырылган, Кербен шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы даярдаган токтомдун долбоору;
– токтомдун долбооруна маалымкат-негиздеме (маалымат);
– салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);
– тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундусу же чечими;
– токтомдун долбоорун мамлекеттик органдардын тийиштүү бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер, ишканалар, жергиликтүү жамааттар (зарылчылыкка жараша) менен макулдашылганы жөнүндө маалымат камтылган документтер;
– экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар.
36.2. Кербен шаардык Кеңешинин токтому мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет жана кабыл алынат.
Аймагында жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шартта жана Кербен шаардык Кеңешинин токтомун мамлекеттик тилде киргизүү жана кабыл алуу тууралуу Кербен шаардык Кеңешинин чечими болсо, Кербен шаардык Кеңешинин токтомун мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.
36.3. Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин кайтарылып берилүүгө жатат.
36.4. Кербен шаардык Кеңешинин кароосуна киргизилген токтомдун долбоорунун текстинде:
– беттин оң жактагы жогорку бурчуна «Долбоор» деп жазылат;
– «Долбоор» деген сөздүн алдына долбоорду киргизген демилгечи (же кимге тапшырылганы) жана долбоор киргизилген дата көрсөтүлөт;
– төмөнүрөөктө, беттин ортосунда документтин аталышы берилет «________________________ ЖӨНҮНДӨ КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ»;
– андан ары «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12, 17 жана 30-беренелеринде белгиленген тараптарды сактоо менен токтомдун долбоорунун тексти баяндалат;
– андан ары токтомдун күчүнө киришинин мөөнөтү такталат;
– органдарга жана/же кызмат адамдарына конкреттүү тапшырма берилет жана төрагалык кылуучунун колу коюлат;
– токтомдун аткарылышы үчүн кызмат адамына жана /же органга контроль жүктөлөт;
– токтомдун текстинин алдында төрагалык кылуучунун фамилиясы жана колу көрсөтүлөт.
36.5. Токтомдун долбоорунун маалымкат-негиздемесинде (маалыматында) мына бул маалыматтар камтылууга тийиш:
– ушул токтом кабыл алынгандан кийин жетишилүүчү же чечилүүчү максаттар жана милдеттер;
– кабыл алынган токтомдон кийинки болжолдонуучу социалдык, экономикалык, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттер;
– эгер ал өткөрүлсө, коомдук талкуулоонун натыйжалары тууралуу маалымат;
– мыйзам долбоорунун өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келишин талдоо;
– эгерде токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл финансылык каражаттар керек болсо, аны каржылоонун булактары.
36.6. Тикеден-тике жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын козгогон токтомдун долбоору, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган токтомдун долбоору аткаруу органынын, Кербен шаардык Кеңешинин маалымат тактасында жайгаштырылуу же коомдук угууларды, чогулуштарды өткөрүү менен коомдук талкууланууга жатат.
36.7. Талкуулоонун жүрүшүндө коомдук талкуулоонун катышуучуларынан түшкөн сунуштар кабыл алынат, каралат жана жалпылаштырылат.
Коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча аларды токтомдун долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен келип түшкөн сунуштар тууралуу жыйынтыктоочу маалымат даярдалат.
Жыйынтыктоочу маалымат токтомдун долбооруна тиркелген маалымкат-негиздемеде чагылдырылат.
36.8. Коомдук талкуулоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча финансылык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каражаттардан ишке ашырылат.
36.9. Токтомдун долбоору боюнча коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем эмес болот.
36.10. Ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каржылоону талап кылынган токтомдун долбоору, ал боюнча каржылоо булагы табылганга чейин каралууга жатпайт.

V БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ

37-глава. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби

37.1. Бюджеттик процесстин ачыктыгын жана айкындаган, жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын катышуусун жана жергиликтүү бюджетти аткаруунун натыйжалары тууралуу отчетту кароону камсыз кылуу максатында Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы бюджеттин долбоорун ошондой эле жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча очетту бюджет боюнча жергилктүү кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизгенге чейин бюджет боюнча коомдук угууларды демилгелөөгө жана аны уюштурууну жана өткөрүүнү аткаруу органынын башчысына тапшырууга укуктуу.
37.2. Бюджет боюнча коомдук угуулардын натыйжалары жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана анын аткарылышынын отчетун караган жана бекиткен учурда бюджет боюнча туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө, Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарына маалымат булагы катары кызмат кылат.
37.3. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы аткаруу органынын, мамлекеттик салык кызматынан жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу түзүү үчүн керектүү болгон бардык маалыматтарды суратып алууга жана өзүнүн жыйындарында ошол органдардын жетекчилерин, коомдук угуулардын активдүү катышуучуларын, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыкдар адамдарды чакырууга жана угууга укуктуу.
37.4. Жергилиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
37.5. Бюджет боюнча туруктуу комиссия бюджеттин долбоорун алдын ала кароону жүргүзөт жана аткаруу органынын отчетун угат, коомдук угуулардын катышуучуларынан жана башка кызыкдар жактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен Кербен шаардык Кеңешинин сессиясына бюджеттин долбоору боюнча корутундусун берет.
37.6. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясында жергиликтүү коомдоштуктун жана башка кызыкдар жактардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин такталган долбоору ачык-айкын каралат, ошондой эле коомдук угуулардын натыйжалары боюнча бюджеттин аткарылышы тууралуу аткаруу органынын отчету каралат.
37.7. Тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу Кербен шаардык Кеңешинин токтому жергиликтүү ЖМК гезити аркылуу жалпыга жайылтууга жатат жана документтердин көчүрмөсү маалымат тактайларына жайгаштырылат.


38-глава. Кербен шаардык Кеңешинин жарандарынын мыйзам чыгаруу демилгесин кароо

38.1. Мыйзамдардын жана жергиликтүү коомдоштуктун уставына ылайык жарандар мыйзам чыгаруу демилгесине ээ.
38.2. Жергиликтүү коомдоштук тарабынан Кербен шаардык Кеңешинин кароосуна киргизилген
жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ченемдик укуктук актынын долбоору (токтомдун долбоору) демилгечи топтун катышуусу менен тийиштүү туруктуу комиссия тарабынан каралат.
38.3. Кербен шаардык Кеңешинин кароосуна киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору туруктуу комиссиянын корутундусун эске алуу менен демилгечи топтун, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда жергиликтүү кещештин кезектеги же кезексиз сессиясында каралат.
38.4. Жергиликтүү коомдоштук тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган Кербен шаардык Кеңешинин чечими аны киргизген демилгечи топко, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнө расмий жазуу түрүндө жеткирилүүгө тийиш.


39-глава. Регламентти сактоо үчүн контролду ишке ашыруунун тартиби

39.1. Кербен шаардык Кеңешинин Регламентинин жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен Кербен шаардык Кеңешинин сессиясында кабыл алынат.
39.2. Депутаттар, депутаттардын тобу, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген Кербен шаардык Кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин Кербен шаардык Кеңешинин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана Кербен шаардык Кеңешинин сессиясында биринчи кезектеги тартипте каралат.
39.3. Кербен шаардык Кеңешинин Регламентинин жоболорун чечмелеп түшүндүрүүнү Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы жана төраганын орун басары ишке ашырат.
39.4. Кербен шаардык Кеңешинин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу Кербен шаардык Кеңешинин төрагасына жана төраганын орун басарына жана тийиштүү туруктуу комиссияга жүктөлөт. Кербен шаардык Кеңешинин сессиясы учурунда Кербен шаардык Кеңешинин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу сессияга төрагалык кылуучуга жүктөлөт.


Кербен шаардык Кеӊешинин
жооптуу катчысы:                                                                            Д.Алиев