Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 7/3 токтому

Админ
Автору Админ November 28, 2017 14:58

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
    VII  чакырылышынын   кезектеги   жетинчи  сессиясы

                                          Т О К Т ОМ

2017-жылга  Кербен  шаарынын  бюджетине  айрым 
өзгөртүүлөрдү  
жана  толуктоолорду  киргизүү  жөнүндө

 2017-жылга  Кербен  шаарынын  бюджетинин  киреше  бөлүгүндөгү  киреше  салыгы
планы  негизсизжогорку  деӊгээлде  коюлуп  калган. Аны  аткаруу  мүмкүн  эместигинен
Кербен  шаарынын  мэриясы   КР  финансы  министрлигине   бир  нече  жолу  кайрылгандан
кийин  бул  салыктын  көлөмдөрү  тогуз  айдын  жыйынтыгы  менен  1000,6 миӊ  сомго
кыскартылды. Жыйынтыгында шаардын  бюджетинин  киреше   бөлүгү  өзгөргөндүгүнө
байланыштуу  анын  чыгаша  бөлүгүн 748,5 миӊ  сомго  кыскартуулар  боюнча
Кербен  шаарынын  мэриясы  тарабынан  сунуш  берилген. Ошондой  эле  2017-жылдын
1-январына  калган  калдык  эсебиндеги  2500,0 миң  сом  каражат  эсебинен Уметалиев
жана  Ленин  кѳчѳлѳрүндѳгү  жаңы  коюлган  лотоктордун  жээгин  асфальттоо  каралган,
бирок  аталган  жумуш  бүгүнкү  күнгѳ  карата  аткарылбай  калгандыктан  бул  каражатты
максаттуу  пайдалануу  үчүн  2017-жылдагы  бекитилген  иш  чара  планындагы  жумушту
аткаруу  максатында  башка  статьяларга  жылдыруу  зарылчылыгы   келип  чыгат.
Кербен  шаарынын  мэриясы  тарабынан өзгөртүүлөр  боюнча   берилген  сунуштарын
жана финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиянын  2017-жылдын  15-ноябрындагы
№ 24  токтомун   карап  жана  талкуулап  чыгып,Кербен  шаардык  Кеӊешинин
VII  чакырылышынын  кезектеги   жетинчи   сессиясы

                                                       ТОКТОМ   КЫЛАТ :

 1.2017-жылга Кербен шаарынын  бюджетиин  киреше  жана  чыгаша  бөлүктөрүнө
төмөнкүдөй  өзгөртүүлөр  киргизилсин:
Киреше  бөлүгү  боюнча  жалпы  киреше  салыктан – 1000,6 миӊ  сом  кыскартылсын.

2.Чыгаша бөлүгү боюнча  жалпы-748,5 миӊ  сом кыскартылсын.  Анын   ичинен,
70111-Аппарат бөлүмүнүн  3111-курулуштар  жана  имараттар  беренесинен – 748,5 миӊ сом.

3.2017-жылдын 1-январына калган  калдык  эсебиндеги  2500,0 миӊ  сом  каражат  эсебинен
1818,5 миӊ  сом  төмөнкүлөргө   багытталсын:
– Коммуналдык  чарба  бѳлүмүнүн   3111-Курулуштар  жана  имараттар  беренесине – иш  чара
планында  каралган  шаардын  борбордук  кѳчѳлѳрүндѳгү  лотоктордун  чектешкен  жерлерине
труба  орнотуп  чыгуу  үчүн  – 200,0 миң  сом ;
– Балдар  бакча  бѳлүмүнүн   3111- Курулуштар  жана  имараттар  беренесине  – иш  чара
планында  каралган  №2 «Келечек»  балдар  бакчасынын  чатырын  жабууга – 500,0 миң  сом,
№18  «Арча  бешик»  балдар  бакчасына  жаңыдан  ашкана  куруу  үчүн  205,0 миң  сом,
№ 6  «Ак-Куу»  балдар  бакчасына  ажааткана   куруу  үчүн -180,0 миң  сом ;
– Орто  мектеп  бѳлүмүнүн   3111-Курулуштар  жана  имараттар  беренесине – иш  чара
планында  каралган  Н.Мамбетов  атындагы  орто  мектебинин  спорт  залынын  полун
толугу  менен  алмаштыруу   үчүн  – 166,4 миң  сом, А.Жоробеков  атындагы  орто  мектебинин
имаратынын  алдына  асфальт  тѳшѳѳ  үчүн – 103,6  миң  сом, Т.Уметалиев  атындагы  орто
мектебинин  бала  бакчадан  баштап  мектептин  имаратына  чейинки  аралыкка  жалпак
таш  тѳшѳѳ  үчүн – 40,0 миң  сом ;
– Аппарат  бѳлүмүнүн   2215 -Башка  кызматтарга  байланышкан  ар  түрдүү  кызматтарга
акы  тѳлѳѳ  беренесине – жалпы  433,5  миӊ  сом, анын  ичинен
– «2017-жыл – Ыйман,  адеп  жана  маданият  жылына»  карата  Кербен  шаарынын
тарыхын  жазуу  иштери  үчүн  – 383,5 миң  сом.Кербен  шаарынын  тарых  китеби
басмаканадан  чыкканга  чейин  50%   өлчөмдөн  ашырбай  каржылоого  уруксат  берилсин;
– шаардык  Кеӊештин  депутаттарынын төш  белгисин  жасоо  үчүн – 50,0 миӊ  сом.

4.Кербен шаарынын мэриясынын  ФЭБ  башчысы,  жогорудагы  өзгөртүүлөр  боюнча
2017-жылдын  бюджетине  тактоолорду, өзгөртүүлөрдү   киргизсин.

5.Бул  токтом   мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн   Жалал-Абад
областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

6.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

7.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  Кербен  шаардык  Кеӊешинин  финансы,
бюджет  жана  экономика боюнча  туруктуу  комиссиясынын  төрагасы  Р.Момуновго  жүктөлсүн.

 

                                       Кербен   шаардык  
                                       Кенешинин   төрагасы :                                    Н.Шадыбеков

Кербен  шаары,21.11.2017-ж. № 7/3

Админ
Автору Админ November 28, 2017 14:58