Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 7/1 токтому

Админ
Автору Админ November 28, 2017 15:44

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII  чакырылышынын   кезектеги  жетинчи  сессиясы

                                          Т О К Т О М 

Кербен  шаарынын  борборунун  курулуш-архитектуралык абалы
жана   автотыгынды  жөнгө  салуу  боюнча  Кербен  шаарынын
мэриясынын  аткарып  жаткан   иштери  жөнүндө

                             Кербен  шаардык  Кеӊешинин  сессиясы  белгилейт:

Кербен  шаарынын  борбордук  бөлүгүндө  2016-жылы  биртоп  жумуштар  аткарылып
Уметалиев, Ныязалы  көчөлөрү  кеӊейтилди. Көчө   боюна  жаӊы  бетон  арыктары  жасалып
орнотулду  жана  көчө  жээгиндеги  бак-дарактар  алынды. Бирок  жогоруда  аткарылган
иштер  менен  катар  бир  топ  кошумча  маселелер  келип  чыгып,  аны  аткаруу  созулуп  жатат.
Көчө  бойлорундагы   дарактардын   дүмүрлөрүн  алдырып, анын  ордуна   жаш  көчөттөрдү  отургузуу
иштери   колго  алынбай,  аткарылбай   келет. Жогоруда   аты  аталган  эки  көчөдө  мыйзамсыз
курулуштар   кеӊири   кулач   жайган. Кербен   шаарынын  түштүк  тарабына  курулуп  жаткан
АЗС  чоӊ  жолдун   боюна   жайгашып  жолду  тарытып  жол  кыймыл  эрежелери  бузулуп  кооптуу
абал  жаралды. Анын  май  сактоочу  жайы  асфальттын  четинен  5-6 метр  гана  аралыкта  жайгашып
өрт  коопсуздук  эрежелери  сакталбагандыгы  байкалат.
Кербендин  борбордук   бөлүгүндө   автомобилдер  баш-аламан, иретсиз  токтоп  автотыгынды
пайда  кылууда. Ныязалы,Уметалиев  көчөлөрүнүн  бойлорун   чаӊ  басып  калктын  ден  соолугуна  зыян
келтирип, экологияны  бузууда. Бул  жана  башка  багытта  Кербен  шаарынын   мэриясы  жеткиликтүу
иш  жүргүзбөгөндүгү   массалык  маалымат  каражаттары  тарабынан  да   бир  нече  жолу   сындалган.
Кыргыз   Республикасынын  Жергиликтүү  өз  алдынча   башкаруу  жөнүндө  мыйзамынын
 31-беренесинин  2-пунктунун  6-пунктчасына  негиз   шаардык   Кеӊештин  өнөр-жай, транспорт,
курулуш, соода  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  2017-жылдын  30-октябрындагы
№ 4  токтомункарап  жана  талкуулап  чыгып,Кербен   шаардык   Кеӊешинин  VII  чакырылышынын
кезектеги   жетинчи   сессиясы

                                                       ТОКТОМ   КЫЛАТ :

1.2016-2017-жылдар  аралыгында   Кербен  шаарынын  мэриясынын  Кербен  шаарынын  борборундагы
курулуш, архитектуралык  абалы, автотыгынды  жɵнгɵ  салуу  боюнча  аткарып  жаткан  иштери
кɵптɵгɵн  кемчиликтери  менен  канааттандырарлык  деп  эсептелинсин.

  1. Кербен шаарынын мэриясына:

– Мэрия  тарабынан  Ныязалы  көчөсүнө  белгиленип  жаткан  тосмолорду  орнотуу-автотыгынды  жөнгө
салууда  таасирдүүлүгү (эффект)  жок  экендиги  белгиленсин  жана  бул  аракеттер  токтотулсун;
– Кербен  шаарынын  борбордук  бөлүгүндөгү  Уметалиев, Ныязалы  көчөлөрүн   кеӊейтип  асфальттоо
2018-жылдын   планына  киргизилсин;
– 2018-жылдын  жарым  жылдыгына  чейин  “Алтын  казык”  кинотеатрынын, райондук  прокуратуранын,
универмагдын  каршы  тарабындагы  көчө  бойлоруна  автотоктоочу  жайларды  уюштурсун;
– муниципалдык   жерлерди  сатуу  жана  ижарага   берүү  КР  Мыйзамдарына, КР  Өкмөтүнүн  токтомдоруна
ылайык   жүргүзүлсүн;
– Кербен   шаарындагы   мыйзамсыз  курулуштарды   жөнгө   салуу   боюнча  ыйгарым  укуктуу  мамлекеттик
органдарга   кайрылып  (экотехинспекция  ж.б.), мыйзамсыз  аракеттерге  бөгөт  коюлсун.
– Кербен  мал  базарынын  ижара  мөөнөтү  бүткөндүгүнө  байланыштуу  аны  тез  арада  аукционго
алып  чыгуу  тапшырылсын.

3.Кербен шаарынын түштүк  жагында  жаңы  курулуп  жаткан  АЗС (  май  куюуучу  жай)  боюнча  тиешелүү
курулуш  нормативдеринин  талаптарына  туура  келер-келбөөсү  жөнүндө  маалымат  берүү  жана  чара
көрүү  жагы  КР  экотехинспекциясына, КР  жол  жана  транспорт  министрлигине   сунушталсын.

4.Бул  токтом   мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн   Жалал-Абад   областтык  юстиция
башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

5.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

6.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  Кербен  шаардык  Кеӊешинин  өнөр  жай,
транспорт, курулуш  жана  соода  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  төрагасынын
орун  басары З.Мамытовага   жүктөлсүн.



                                     Кербен   шаардык  
                                     Кенешинин   төрагасы :                                Н.Шадыбеков

 

Кербен  шаары,21.11.2017-ж. № 7/1

Админ
Автору Админ November 28, 2017 15:44