Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 8/3 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кеңешинин
VII чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
Т О К Т О М
2018-жылга Кербен шаардык Кеңешинин
иш-планы жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 31-беренесине негиз,
2018-жылга Кербен шаардык Кеңешинин иш-планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып,
Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2018-жылга Кербен шаардык Кеңешинин иш-планы бекитилсин (тиркелет).
- 2018-жыл ичинде зарылчылыкка жараша Кербен шаарынын аймагында жайгашкан
мамлекеттик мекеме-уюмдардын маалыматтары угулуп турулсун. - Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык
юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. - Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Ч.Мамытовго жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеңешинин
төрагасынын орун басары: Ж.Шакиев
Кербен шаары, 21.12.2017-ж. № 8/3
Тиркеме
Кербен шаардык Кеңешинин
2017-жылдын 21-декабрындагы
№ 8/3токтому менен бекитилген
2018-жылга Кербен шаардык Кеңешинин
ИШ – ПЛАНЫ
Iквартал
- 2017-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш-чараларынын аткарылышы
жана 2018-жылга планы жөнүндө - 2017-жылда Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
- 2016-2017-жылдар аралыгында Кербен шаарынын айдоо аянттарын сугат суу менен
камсыздоодо Кербен СПАнын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
II квартал
- 2016-2017-жылдарда Кербен шаарындагы ФПС жерлерин башкаруунун абалы жөнүндө
III квартал
- Парк, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын абалы жөнүндө
IV квартал
1.2016-2017-жылдарда Кербен шаарынын мэриясынын туракжай жана коммуналдык
чарбасынын аткарган иштери жөнүндө
Кербен шаардык Кеңешинин
жооптуу катчысы: Д.Алиев