Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 23-мартындагы № 10/1 токтому

Админ
Автору Админ April 23, 2018 11:03

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин 
VII чакырылышынын  кезектеги  онунчу  сессиясы
                                           Т О К Т О М

2017-жылга  Кербен  шаарынын  социалдык-экономикалык
жактан
өнүктүрүү   иш-чарасынын  аткарылышы  жөнүндө

2017-жылы  Кербен  шаарында  элдин  социалдык-экономикалык, маданий
абалын  жакшыртуу  боюнча  бир  топ  иштер  аткарылган. № 8  Арча-Бешик
бала  бакчасынын  ашканасы  курулуп  эксплуатацияга  берилди, № 2 «Келечек»
балдар  бакчасынын  чатыры  жаңыланды. Түрткү  берүүчү  гранттын  эсебинен
«Нооруз», «Кыдыралиев»  көчөлөрү  асфальттанып  реабилитациядан   өттү.
Бирок  аткарылган   иштерге   карабастан  кемчилдиктер  да  бар.  А.Бегимкулова
жана  Н.Мамбетов  атындагы  орто  мектептеринин  спорт   залдарынын  полдору
оңдолду, бирок  сапаты  өтө  начар  боюнча  калган. Ошондой  эле  2017-жылы
августта  тендер  өтүп, стадион  үчүн  180,0 миң  сомдук  темир  конструкциялары
сатылып  алынып, спорт  боюнча  адистин  үйүндө  сактап  жатат.  Аткарылып
жаткан  иштердин  сапатына  көңүл  буруп, аны  өркүндөтүү   зарыл. Туура  эмес
пландаштыруунун  натыйжасында  кабыл  алынган   иш – чаранын  30%  аткарууга
алынбаган   же  болбосо  пландалынбаган   иштерге  да  каражаттар   бөлүнүп
кеткен   учурлар  бар. Кербен  шаарынын  борбордук  стадионунда  өсүп  жаткан,
муниципалдык  менчиктеги  15 (он  беш)  түп  теректин  мыйзамсыз  кыркылышына
жол  берилген. 2018-жылдын  иш-чарасындагы  “Кербен”  СПАсына  каралган
500,0 (беш  жүз) миң  сом  кыскартылып, Аксы  районунун  90 жылдык  маарекесинин
алкагында  Кербен  шаарынын  инфраструктурасын  оңдоого  багыттоо  сунушталды. 
Жогорудагы  маселени  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кенешинин
VII-чакырылышынын  кезектеги  онунчу  сессиясы

                                   Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.2017-жылга Кербен  шаарынын  социалдык-экономикалык  жактан  өнүктүрүү
иш-чарасынын  аткарылышы  боюнча  Кербен  шаарынын  мэринин   отчёту
канаатандыраарлык  деп  эсептелинсин.

2.2018-жылга  Кербен  шаарынын  социалдык-экономикалык  жактан  өнүктүрүү  боюнча
иш-чарасы  бекитилсин   (тиркеме   тиркелет). «Кербен» СПАсына  каралган
500,0 (беш  жүз) миң  сом  Аксы  районунун  90 жылдык  маарекесинин  алкагында
Кербен  шаарынын  инфраструктурасын  оңдоого  багытталсын.

3.Кербен  шаарынын  мэриясына, муниципалдык  мекемелерде  электроэнергия  жана
коммуналдык   чыгымдар  боюнча  сарамжалдуу, нормаларга   ылайык
чыгымдоону  уюштурсун.

4.Кербен шаарынын юристи  Б.Айдарбековго, Кербен  шаарынын  борбордук  стадионунда
өсүп  жаткан, муниципалдык  менчиктеги  15 (он  беш)  түп  теректин  шаардын  тургуну
Тиллабаев  Тайырбек  тарабынан  кыркылып, ташылып, алып  чыгып  кетишинин
мыйзамдуулугун   карап  берүү  боюнча  Аксы  райондук   прокуратурасына  кайрылсын.

5.Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык
юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

6.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

7.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча   туруктуу
комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

 
                      Кербен   шаардык
                      Кеӊешинин   төрагасы:                     Н.Шадыбеков

Кербен  шаары,23.03.2018-ж. № 10/1

                                                                                             Кербен  шаардык  Кеңешинин  2018-жылдын
                                                                                      23-мартындагы  № 10/1 токтому  менен  бекитилген

Кербен  шаарынын  2018-жылга  социалдык-экономикалык
 өнүгүү   планынын   ИШ-ЧАРАСЫ

К/     № Иш – чаралардын аталышы Керекте-лүүчү финансалык  каражат (мин.сом) Каражат булагы Аткаруу мөөнөтү Кутулуучу жыйынтык Жооптуулар Эскер-түү
I ӨНӨР –ЖАЙ,   КУРУЛУШ
1 Кербен шаарынын аймагындагы ички арыктарын оңдоо жана тиешелүү жерлерге диаметри 400-500 мм труба орнотуу 120,0 Мэрия Май, август Айылдын  жашоочу-ларына  шарт  түзүлөт Коммунал-дык чарба, 

Айыл башчылар

2 Ныязалы-Алдосов көчөсүнүн кесилишиндеги сел кетүүчү  каналдын үстүнө адам өтүү үчүн  көпүрө  суу өтүүгө түтүк   куруу 120,0 Мэрия Май, август Айылдын  жашоочу-ларына  шарт  түзүлөт Коммунал-дык чарба, 

Айыл башчылар

3 Кербен шаарынын ген. планын  түзүү 500,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын инфраструктурасы жакшырат С.Апсаматов

Айыл башчылар

4 Шаарыбыздын Уметалиев көчөсүнө (Лениндин эстелиги тарабына) тротуар куруу 530,0 Мэрия Жыл ичинде Айылдын  жашоочу-ларына  шарт  түзүлөт Коммунал-дык чарба
5 №7 “Алтын балалык” балдар бакчасына кошумча  зал, чай ичүүчү  жай  кошуп курууга 310,2 Мэрия 2-3 квартал ичинде Балдар бакчасындагы балдарга ойноо үчүн жана тамактануу үчүн ынгайлуу шарт түзүлөт. Э.Усубалиев, С.Кенжебаев  Г.Койчубекова, А.Токтобаева 2017-ж.
6 №4 “Тан-Шоола” балдар бакчасын имараттын айланасына сокол жана отмоска куюуу 97,6 Мэрия 2-3 квартал ичинде Балдар бакчасынын имаратын алдын ала жаан чачындан сактоого шарт түзүлөт Ш.Таштанов

С.Кенжебаев  Г.Койчубекова, Т.Абишова

7 Кербен   суу  каналынын  жаңы  иш  баштоо  капиталын  колдоого 150,0 Мэрия Жыл  ичинде Кербен  шаарынын  ар  бир  жашаган  үйдө  суу  менен  камсыз  кылуусун  жакшыртат М.Токтомушев,  айыл  башчылар
8 Т.Уметалиев мектебинин балдар бакчасынын бурчунан мектепке чейинки аралыктагы тротуарды оңдоого 41,4 Мэрия Жыл ичинде Мектепте окуган окуучуларга мектепке барууга  ынгайлуу шарт түзүлө К.Торобеков

С.Кенжебаев  Г.Койчубекова, Ы.Ташбаев

2017-ж
9 Шаар  аймагындагы  ички  жолдорду  шагалдоо   100,0 Мэрия Май, июнь Шаардын  айдоочулары  үчүн  жолдогу  эрежелерге  карап  жүрүүгө  ынгайлуу  болот Коммуналдык чарба
10 Борбордук  Уметалиев көчөсүнө   жол жээгиндеги арыктарды оңдоо  суу   өтүүчү труба   орнотуу 650,0 Мэрия Июль,октябрь Жүргүнчүлөр жүрүүгө  жана транспорт ээлерине ынгайлуу шарт түзүлөт Коммуналдык чарба
11 Инвестицияларды каржылоо  үчүн 3000,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын инфраструктурасы көтөрүлөт З.Мырзамамытов Айыл башчылар
12 Муниципалдык  менчиктерди  тактоо, көрүстөндөргө  жана  таштанды  таштоочу  жайга  мамлекеттик  акт  алуу  200,0 Мэрия Жыл ичинде Муниципалдык менчиктеги объектилер документ менен камсыздалат С.Апсаматов,

Айыл башчылар

13 № 6 Ак-Куу  балдар  бакчасына  жаңыдан  ажааткана  курууга 180,0 Мэрия 2-3 квартал  ичинде Бакчадагы  балдарга  шарт  түзүлөт С.Кенжебаев, А.Момунова
14 “Токтогул” атындагы эс алуу парктын ичиндеги жолдорду оңдоп асфальттоо, ремонттоо жана  Улуу  Ата Мекендик  Согуштун  Женишинин  72-жылдыгына  карата  даярдык  көрүү  жалпы күтүүгө 692,0 Мэрия, Жыл ичинде Парктын ичи кооздолот М.Маразаев
Бардыгы: 6691,2
Бардыгы: 12807,6
II                  КОММУНАЛДЫК   ТЕЙЛӨӨ            
15 Мэриянын  аймагындагы жолбун  ит – мышыктарды  атуу  100,0 Мэрия I, IV квартал  Шаардын  тургундарына  коркунучу  жок  жүрүүгө  шарт  түзүлөт Коммуналдык чарба  
16 Түнкү  жарык  берүүчү точкаларды  оңдоо  жана  алардын  лампочкаларын  алмаштырып  туруу  190,0 Мэрия Үзгүлтүксүз Шаардын  тургундарына  коркунучу  жок  жүрүүгө шарт  түзүлөт Коммуналдык чарба  
17 Шаар  ичиндеги  жолдорго      МАИ  кызматкерлери  менен  биргеликте  жол  белгилерин  орнотуу,  жол сызыктарды сызуу, светофорду  оңдоо,  анын лампочкаларын  алмаштыруу  90,0 Мэрия Март, апрель Шаардын  айдоочулары  үчүн  жолдогу  эрежелерге  карап  жүрүүгө ынгайлуу  болот Коммуналдык чарба  
18 Жол  жээгиндеги куураган бутактарды санитардык тазалоо 85,0 Мэрия Март, май Шаардын  көркү  иретке  келип  кооздолуп  көрктөндүрүлөт Коммуналдык чарба  
19 Уран-чакырыктарды, накыл  сөздөрдү  жаздыруу,  илүү  жана  жаңылоо   125,0 Мэрия Учурун-да Шаардын  тургундарына  ылайыктуу  жарнамалар көрүнүп    кооздолот Коммуналдык чарба  
20 Борбордук  көчөлөрдөгү  бузулган  асфальт  жолдорду    асфальт  менен  жамоо жана битум куюуу  100,0 Мэрия Июнь, октябрь Жүргүнчүлөр жүрүүгө  жана транспорт ээлерине ынгайлуу шарт түзүлөт Коммуналдык чарба  
21 Майрам  күндөргө  карата  көчөлөрдү  иретке  келтирүү, сырдоо, актоо  70,0 Мэрия Август Шаардын  көркү  иретке  келип  кооздолот Коммуналдык чарба  
22 Жаны – жылга  карата  балаты  жасалгалоо  жана  балаты  майрамын  өткөрүү  100,0 Мэрия Декабрь Шаардын  элине  жаңы  жыл  майрамын  өткөрүүгө шарт  түзүлөт Коммуналдык чарба  
23 Жалпы таштанды төгүлгөн   полигонду жазда-күздө  тазалап сүрдүрүү 70,0 Мэрия апрель-сентябрь Шаардын көркү кооз көрүнүшкө ээ болот жана алдын-ала зыяндуулуктан сак болууга  мүмкүнчүлүк  түзүлөт Коммуналдык чарба  
24 Мэриянын атайын техникаларына ГСМ жана аларды запастык бөлүктөр  менен камсыз кылууга 2718,0 Мэрия Жыл ичинде Атайын техникалардын үзгүлтүксүз иштеп туруусуна мүмкүнчүлүк  түзүлөт Коммуналдык чарба  
25 Борбордук  көчөлөрдү анын тротуарларын жана  арыктарын ичтерин тазалап шыпырып туруу  үчүн шыпыргы, ж.б күндөлүк керектелүүчү буюмдар 180,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын көркү  кооз көрүнүшкө  ээ болот Коммуналдык чарба  
Бардыгы: 3828,0  
 

III

 

АЙЫЛ – ЧАРБАСЫ

           
26 Табигат  кырсыктарын жана  жугуштуу оорулардын алдын  алуу  боюнча  иш  алып  баруу (Эпид. фонд) 200,0 Мэрия,              МЧС Жыл ичинде Шаардагы табигат кырсыктар жана жугуштуу оорулар  алдын алынат А.Биймырзаев,   С.Апсаматов  
27 Аксы  районунун  90 жылдык  мааракесине 500,0 Мэрия 2-3 квартал ичинде Шаар  тургундарына  шарт  түзүлөт У.Кудайбердиев            

Айыл башчылар

 
28 «Кербен-Таза-Суу» болгон  төлөм 589,0 Мэрия Жыл ичинде Шаар  тургундарына  шарт  түзүлөт С.Апсаматов

С.Кенжебаев         

Айыл башчылар

 
  Бардыгы: 1289,0          
IV МАДАНИЯТ             
29 Мэрияга канцелярдык товарларды алууга, имараттын бөлмөлөрүнүн эшиктерин толугу м/н алмаштыруу, капремонттоого, эмеректерди алууга 2150,0 Мэрия 2-3 квартал ичинде Мунципалдык кызматкерлерге ынгайлуу шарт  түзүлөт А.Райимбеков,  
30 Кербен шаарындагы жыл ичинде өткөрүлүүчү  даталуу күндөргө белектер, сый тамактар, акчалай сыйлоо муктаждыктарды чечүүгө 900,0 Мэрия Жыл ичинде Кербен шаарынын аймагындагы өткөрүлүүчү даталуу майрам күндөрдү өткөрүүгө шарттуу мүмкүнчүлүктөр  түзүлөт С.Кенжебаев,

Абдыкаар уулу Н.

Айыл башчылар

 
31 Кербен шаарынын мэриясындагы кызматкерлердин кесиптик майрамдарын  өткөрүү жана куттуктоо, сыйлоо, сый тамактарды уюштурууга, 95,0 Мэрия Жыл ичинде Кербен шаарынын мэриясынын кызматкерлерине  майрам күндөрдү өткөрүүгө шарт түзүлөт С.Кенжебаев,

Абдыкаар уулу Н.

Профсоюз уюму

 
32 Мэриядагы аксакалдар сотунун төрагасынын кайрылуусунун негизинде ар квартал сайын каржылоого жана канцелярдык буюмдары  үчүн 65,0 Мэрия Жыл ичинде Мэриянын аксакалдар сотунун кызматкерлерине ынгайлуу шарт  түзүлөт А.Райимбеков, М.Токтомушев  
Бардыгы: 3210,0  
 

V

 

СПОРТ

           
32 Спорттук  клубдарды  колдоо  300,0 Мэрия Жыл ичинде Жаштардын  спортко кызыгуусу  жогорулайт А.Таникулов  
33 “А.Дуйшобаев” атындагы  борбордук стадионунун  жылдык иш-чарасын  аткарууга 50,0 Мэрия Жыл ичинде Жаштардын  спортко кызыгуусу  жогорулайт А.Таникулов  
  Бардыгы: 350,0          
VIII БИЛИМ  БЕРҮҮ            
34 Жалпы  балдар  бакчаларынын  кир  жуучу  жана  идиш-аяктарды  жуучу  каражаттар  менен  камсыз  кылуу 600,0 Мэрия 2-3 квартал ичинде Бакчадагы  балдарга  шарт  түзүлөт  жана  бакчадагы  балдардын  санитардык  абалы  таза  көрүнүшкө  ээ С.Кенжебаев  мектепке  чейинки  уюмдардын  жетекчилери  
35 Жалпы  балдар  бакчаларынын  жайкы  мезгилде  учурдагы  ремонт  иштерине  камсыз  кылуу 508,7 Мэрия  Жыл  ичичнде Бакчанын  кошумча  балдарды  дагы  кабыл  алып  тарбиялоого  шарт  түзүлөт С.Кенжебаев, Ж.Камбарова, Б.Кыдыев  
36 Жалпы  балдар  бакчаларынын  жыл  ичинде  дары-дармектер  (медикамент)  менен  камсыз  кылууга 120,0 Мэрия 2-3 квартал ичинде Балдар  бакчасындагы  тарбияланып  жаткан  балдарга  оорунун  алдын  алууга  ыңгайлуу  шарт  түзүлөт С.Кенжебаев  мектепке  чейинки  уюмдардын  жетекчилери  
Бардыгы: 1228,7  
ЖАЛПЫ: 16596,9  

 

Мэрия  тарабынан  16596,9
  Жыйынтыгы : 16596,9


Кербен  шаардык  Кеңешинин
                                                        жооптуу   катчысы:                                      Д.Алиев

 



Админ
Автору Админ April 23, 2018 11:03