Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 17-июлундагы № 13/7 токтому

Админ
Автору Админ July 27, 2018 09:28

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  үчүнчү  сессиясы

                                        Т О К Т О М

 Кербен  шаарынынын  «Кербен  сууканал” муниципалдык
ишканасынын  жетекчисинин   талапкерине  макулдук
                                       берүү   жөнүндө 

Кербен  шаарынын  мэринин  16.07.2018-жылдагы  № 3-34/5171 сандуу 
“Кербен  сууканал”  муниципалдык  ишканасынын  жетекчисине  талапкерди
дайындоого  макулдук  берүү  максатында, “КР  жергиликтүү  өз  алдынча
башкаруу  жөнүндө”  Мыйзамынын  31-беренесинин  пунктунун  
4-пунктчасына  ылайык  маселени  карап  чыгып, Кербен  шаардык 
Кеӊешинин VII  чакырылышынын  кезектеги он   үчүнчү   сессиясы

                                 Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен   шаарынын  “Кербен  сууканал”  муниципалдык   ишканасынын
жетекчиси   кызматына  Бактыяров  Мирзавалини  дайындоого  макулдук
берилсин.
2.Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн 
Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
3.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин 
күчүнө   кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча 
туруктуу  комиссиясынын  төрайымы  М.Камбаровага  жүктөлсүн.

                    Кербен   шаардык 
                    Кеӊешинин   төрагасы:                       Н.Шадыбеков

 

Кербен  шаары, 17.07.2018-ж. № 13/7

Админ
Автору Админ July 27, 2018 09:28