Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 17-июлундагы № 13/5 токтому

Админ
Автору Админ July 27, 2018 10:26

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  үчүнчү  сессиясы

                                 Т О К Т О М

Кербен  шаарында  таза-суу  долбоорунун  алкагында 
 аткарылып  жаткан  иштердин  абалы жөнүндө  

Кербен  шаарындагы  таза-суу  долбоорунун  курулушун  эки  компания 
жүргүзүп  жатат. Курулуш  иштери  башталбай  жатып, таза-суу  долбоорунун 
курулуштарынын  технологиялары  бузулуп  жаткандыгы  боюнча  маалымат 
каражаттарынан,  интернеттерден  кабарланган. Бул  боюнча  КР  таза-суу
департаменти  да  тастыктаган. Бул  технологиясы  бузулган  курулуштун 
жумуштары  боюнча  Кербен  шаардык  Кеңешинин  да  22.06.2018-жылы 
депутаттык  отурумунда  талкууланган. Депутаттык  отурум  курулуштарды 
технологиясын  бузбай  жүргүзүүнү  сунуштаган. Депутаттык  отурумдун
№ 3 протоколунда  проект  институтка   иликтөө  боюнча  депутаттардан 
өкүл  дайындашкан. Иликтөө  жумуштары  жүрүп  жатат.
Жогорудагы маселе  боюнча  шаардык   Кеңештин  өнөр  жай, транспорт,
курулуш,архитектура  жана соода  маселелери  боюнча туруктуу 
комиссиясынын  2018-жылдын  26-июнундагы  № 2 токтомун  карап жана 
талкуулап  чыгып,Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII  чакырылышынын 
кезектеги  он  үчүнчү   сессиясы

                                  Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен шаарындагы жаңы  курулуп жаткан таза-суу  долбоорунун 
алкагындагы  аткарылып  жаткан  жумуштарынын  кетирген  кемчилдиктери 
белгиленсин. 
2.Кербен  шаарынын  мэриясы:

-Таза-суу  долбоорунун алкагында курулуп  жаткан  курулуш  жумуштары 
проект, сметалары  өзгөртүүсүз  аткаруу  боюнча  иш  чараларды  жүргүзсүн

-Кетирген  кемчилдиктерди  кайра  калыбына  келтирүү, курулуш  нормаларына 
ылайык  жүргүзүүнү  көзөмөлдөө  жагы  курулушту  жүргүзүү  боюнча  Кербен 
шарынын  мэриясынын  өкүлүнө, техникалык  көзөмөлдөө (технадзор) адистерине 
тапшырмалар  берилсин.
3.Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад 
областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
4Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин 
күчүнө   кирет.
5.Токтомдун   аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы өнөр  жай, транспорт, курулуш, 
архитектура  жана соода  маселелери  боюнча туруктуу  комиссиясынын  төрагасы 
А.Ормоналиевге  жүктөлсүн.

                        Кербен   шаардык 
                        Кеӊешинин   төрагасы:                              Н.Шадыбеков

 

Кербен  шаары,17.07.2018-ж. №13/5

 

Админ
Автору Админ July 27, 2018 10:26