Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 17-июлундагы № 13/2 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М
Кербен шаарынын мэриясынын “Кербен-Суу канал”
муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясына караштуу “Кербен-Суу канал”муниципалдык
ишканасынын директору М.Токтомушевдин “Кербен суу канал”ишканасынын
штаттык бирдигин бекитүү, Кербен шаарынын мэриясына караштуу
муниципалдык мекеме-ишканаларынын 2018-жылга ичүүчү таза сууну
пайдалануу үчүн шаардын бюджетинен каражат бөлүү,“Таза-Суу”долбоорунун
алкагында жеке турак жай үйлөргө суу түтүгүн киргизүү, жеке суу
эсептегичтерди орнотууда кеткен чыгымдары жана техникалык шартка
алынуучу акча каражатын белгилөө.Кашка-Суу айыл аймагынын
тургундарына ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн уруксат иш кагаздарын
берүү маселелери кеңири талкууланды.
Кербен шаарынын муниципалдык “Таза-Суу”ишканасы шаардык Кеңештин
21.12.2017-жылдагы № 8/2 токтому аткарылбай жатат. Аткарылса да чала
болуп, мүлкүн өткөрүп алууда,кемчилдиктер орун берген.
Кашка-Суу айыл аймагынын тургундарынын ичүүчү сууну пайдалангандыгы
уруксат кагаздарды берүү жөнүндө иш чаралар жүргүзүлбөгөн.
Өздөрү берген же өз алдынча киргизип алышкан.Кашка-Суу айыл
аймагынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүрбөгөн. Таза суу трассасы
менчигинде болгондон кийин, бул маселелерди чечип берүүчү органдарга
кайрылбаган. Кашка – Суулуктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлбөгөн.
Кербенде Таза-Суунун жаңы долбоору иштеп жатат. Бул проект 2-3-жыл
аралыгында бүтүп калат. Жеке турак-жайларга таза суу киргизүү боюнча,
эгерде ишкананын эсебинде турган таза-суу пайдалануучуларга бекер,
ал эми жаңы киргизгендерге 2500 сом акы төлөөнү,суу киргизген ар бир
кожолук суу эсептегичтерди өздөрү камсыздайт же болбосо эсептегичтин
баасын төлөп берүү жана орнотуу кеткен чыгымдарын кошуп
төлөнү сунушталды.
Жогорудагы маселе боюнча шаардык Кеңештин финансы,бюджет боюнча
туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 43 токтомун
карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык Кеӊешинин
VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Кербен шаарынын «Кербен-Суу канал» муниципалдык ишканасынын
2018-жылга штаттык бирдиги жана бюджети тиркемеге ылайык
бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Кербен шаарынын мэриясы:
-Муниципалдык ишканалары жана мекемелеринин 2018-жылга ичүүчү
таза сууну пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрүн 21.12.2017-жылдагы шаардык
Кеңештин кезектеги сессиясынын № 8/2 токтомунун талаптары
аткарылгандан кийин жүргүзсүн
-Кербен суу канал муниципалдык ишканасы менен биргеликте
Кашка-Суу аймагынын жетекчилери,укук коргоо органдары менен,
Кашка-Суу айыл аймагында ичүүчү суу пайдаланып жаткан
турак-үйлөрдүн эсебин таканыктап чыксын. Абономент катары каттоо,
эсептегичтерди орнотуу сууга болгон төлөмдөр боюнча иш-чараларды
жүргүзсүн. Мындан ары уруксат берилбесин.Уруксатсыз киргизип
алгандар боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлсүн.
3.Жаңы «Таза-Суу» долбоорунун алкагында курулуп жаткан ичүүчү сууну
турак жайларга киргизүү төмөнкүдөй белгиленсин.:
– «Кербен суу канал» ишканасы эсебинде турган, сууга болгон төлөмдөрдү
төгүп жүргөн турак жайлар үчүн, суу эсептегич орнотуу чыгымдарынан
бөлөгү акысыз жүргүзүлсүн.
– Ичүүчү сууну жаңы суу түтүгүн киргизүүчү турак-үйлөр үчүн техникалык
шартка төлөнүүчү 2500 (эки миң беш жүз) сом жана кошумча эсептегич
аны орнотуу чыгымдарынын төлөмдөрү киргизилсин.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн
Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. - Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан
кийин күчүнө кирет. - Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет
боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Тиркеме № 1
Кербен шаардык Кенешинин 2018-жыл
17-июлундагы № 13/2 токтому менен
бекитилген
«Кербен сууканал» муниципалдык ишканасынын бюджетинин
киреше бөлүгү
2018 – жыл
К/н | Суу пайдалануучу кожолуктардын саны бардыгы-3234 | Сумма
план |
|
үйүндө колонкасы бар кожолуктун саны
Двор 1217колонка*150сом=182550*12= 2190600
|
|||
Көчөдөн ташып ичкендердин ,кожолуктун саны
2017кож*40сом=80680*12=968160
|
|||
үйүндө колонкасы бар суу пайдалануучулардын кирешеси 1 айда (сом) 182550 сом
үйүндө колонкасы бар суу пайдалануучулардын кирешеси 1 жылда (сом) |
2190600 |
|
|
Көчөдөн ташып ичкен суу пайдалануучулардын
кирешеси 1 айда (сом) . 80680 сом Көчөдөн ташып ичкен суу пайдалануучулардын кирешеси 1 жылда (сом) |
968160 |
|
|
Ашкана,мончолордон киреше
|
200000
|
|
|
Мекеме ишканалардан киреше
|
1752234 | ||
Жалпы : киреше сом .
|
5110994 | ||
ТАРИФ. | |||
үйүндө колонкасы бар бир кожолукка -150 сом | |||
Көчөдөн ташып ичкен ар бир кожолукка -40сом. | |||
Мекеме ишканалар – 1 м3- 11,38 сом . | |||
Кафе,мончолорго – короосунда суу бар болсо- 1000 сом | |||
Көчөдөн ташып ичсе- 500 сом |
Кербен шаардык Кенешинин
жооптуу катчысы: Д.Алиев
Тиркеме №2
Кербен шаардык Кенешинин 2018-жыл
17-июлундагы № 13/2 токтому менен
бекитилген
«Кербен Сууканал» муниципалдык ишканасынын бюджетинин
чыгаша бөлүгү
2018 –жыл .
1 | Эмгек акы | 2122200 | |
2 | Социалдык фондко төлөм | 366080 | |
3 | Налогко төлөм | 320000 | |
4 | Электр энергияга чыгым | 380000 | |
5 | Насос сатып алууга | 260000 | |
6 | Техникаларды жалдап иштетүүгө (наем) | 324000 | |
7 | Хлор үчүн чыгым | 60000 | |
8 | Кызматтык сапарга чыгымдар | 80000 | |
9 | Канц. товарга чыгым | 36000 | |
10 | Запастык тетиктерди сатып алууга (ремонт) | 523864 | |
11 | Атайын кийимдер | 20000 | |
12 | Байланыш кызматы. | 40000 | |
13 | Атайын инструменттер | 15000 | |
14 | Бензин жана күйүүчү майлар | 220000 | |
15 | Унаа учун запастык тетиктер | 40000 | |
16 | Гигиеналык жуучу каражаттар | 10000 | |
17 | Лечебный | 176850 | |
18 | Келишим менен иштегендерге эмгек акы | 72000 | |
19 | Премиалный (контролерлорго) | 30000 | |
20 | Ар түрдүү | 15000 | |
Жалпы (сом). |
5110994 |
|
Кербен шаардык Кенешинин
жооптуу катчысы: Д.Алиев
Тиркеме № 3
Кербен шаардык Кенешинин 2018-жыл
17-июлундагы № 13/2 токтому менен
бекитилген
Штат бирдиги 2018 -жы
К/н | Аталышы | Саны | Бир айлык
Эмгек акы |
Бир жылдык
Эмгек акы |
1
2 3
4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26 27
|
Торага
Башкы эсепчи Ондуруш б-ча орун басар, материалдык жооптуу кызматкер . Мат.жооптуу кызматкер Абоненттер боюнча бөлүмүнүн башчысы Абоненттер боюнча адис Кассир отдел кадр –кассир Жардуу-Колот участкасынын жооптуу кызматкери, суу бөлүштүрүүчү Жетиген боюнча жооптуу кызматкер Нач.участка «Ак-добо» Нач.участка «Беш-Коргон» Нач.участка «Курулуш » Нач.участка «Стамкулов» Кулук-Добо боюнча жооптуу кызматкер Электрик Слесарь Слесарь сан-техник канализац. Сварщик Контролер Негизги суу бөлүүчүлөр Суу бөлүштүрүүчү (Кулук-Добо) Суу бөлүштүрүүчү (Живпром ) Ак-Терек кароолчусу Линейный слесарь Кашка-Суу трассасынын суу бөлүүчүлөр (водовод) Жетиген скважинасынын кароочусу Больница боюнча жооптуу кызматкер |
1
1 1
1 1 1 1
1 1 1 1 1 1 1 1 1 1 1 6 2 1 1 3 1
1 1 1
|
11000
9500 9500
5500 7000 5600 7000
5000 5100 6000 6000 6000 6000 4000 3750 5000 5000 6000 24000 8000 3400 3000 12000 3500
5000 2000 3000 |
132000
114000 114000
66000 84000 67200 84000
60000 61200 72000 72000 72000 72000 48000 45000 60000 60000 72000 288000 96000 40800 36000 144000 42000
60000 24000 36000 |
|
Бардыгы : – | 35 | 176850 | 2122200 |
Кербен шаардык Кенешинин
жооптуу катчысы: Д.Алиев
Тиркеме №4
Кербен шаардык Кенешинин
2018-жыл 7-июлундагы № 13/2
токтому менен бекитилген
Келишим менен эмгек акы 2018 -жыл
К/н | Аталышы | Саны | Бир айлык
Эмгек акы |
Бир жылдык
Эмгек акы |
1
2 3 4 |
СЭС кызматкери
Уборщица Типовой караул Канторанын кароолчусу |
1
1 1 1 |
1000
1000 2000 2000 |
12000
12000 12000 24000 |
|
Бардыгы : – | 6000 | 72000 |
Кербен шаардык Кенешинин
жооптуу катчысы: Д.Алиев
Кербен шаары,17.07.2018-ж. №13/2