Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 15/2 токтому

Админ
Автору Админ December 27, 2018 16:05

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  бешинчи  сессиясы

                                    Т О К Т О М 

      2016-2018-жылдарда  Кербен  шаардык  Кеӊешинин  кабыл  алган 

                токтомдорунун  аткарылышы  жөнүндө

Кербен   шаардык   Кенешинин  он  бешинчи  сессиясы  белгилейт:

2016-2018-жылдары Шаардык  Кеӊештин  сессияларында  жүздөн  ашык 
маселе  каралып, анын  ичинен  36 (отуз  алты) маселени  аткаруу, иш-чарасына 
киргизүү  шаардын  мэриясына  тапшырылган. Бирок  анын  80%  аткарылбай 
калган.  Же  болбосо  бюджеттик  чыгымдарды  оптималдаштыруу  бала 
бакчаларды  нормалап  ашыкча  алынган  тарбиялануучулар  боюнча  иш 
жүргүзүү  болгон  эмес.  Ж.Бөкөнбаев  жалпы  билим  берүүчү  мектеби 
ашыкча  энергия  сарптап  жатат. Бала-бакча  жетекчилери  ондогон  жылдар 
бою  бир  жерде  иштеп, ал  жерде отурукташып  калгандай. Ротация  жолу 
колго  алынса  жаӊылануу, өзгөрүү  болуп,кемчилдиктер  жоюлат  эле.
Кербен  шаарында  жайгашкан  мекеме  ишканалар  жана  арендадагы 
ишканалардын  алды  тазаланбайт. Мисалы: Акын  ордонун  алды,
Цумдун  алды, Бишкек  аялдамасы, шаардын борбору  кейиштүү  абалда.
Шаардык  Кеӊештин  21.11.2017-жылдагы  өткөн  кезектеги  сессиясында 
муниципалдык  жерлерди  сатуу  жана  ижарага  берүүнү  КР  Мыйзамдарына,
КР  Өкмөтүнүн  токтомдоруна  ылайык  жүргүзүү боюнча  комиссияны  бекиткен.
Бул  комиссиянын  жүргүзгөн  иштери  боюнча  30.05.2018-жылдагы    кезектеги 
сессиянын  №12/1  токтому  менен “2016-2017-жылдарда  Кербен  шаарынын
ФПС жерлерин  башкаруунун  абалы  жөнүндө  маселе  чийки  сапатсыз 
даярдалгандыктан  туруктуу  комиссиянын  токтому  артка  кайтарылган.
Бул  комиссияга  маалыматтарды  тактап  берүү  жагы  жер  адистерге  жүктөлгөн. 
Жер  адистери  айыл  чарба жана  айыл чарба багытында эмес жерлерди,
ошондой   эле  муниципалдык  жерлер  боюнча  башкарууну  жолго  коё 
албай  келет.
Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар  бирикмесине  шарт  түзүү  жана
иш  орун  менен  камсыздоо  да  ушул  күнгө  чейин  жоопсуз  кылып  келет. 
Муниципалдык  жерлер  боюнча  реестр  түзүү  жумуштары  жөнүндөгү 
токтом, тапшырмалар  чийки аткарылган. Бизнес  чөйрөсүндө реестрге 
түшкөн  жер  аянты  менен  натуралай ээлеп  турган жердин  аянттарынын 
айырмасы  өтө чоӊ. Комиссия  жакшы  иштеп  жерлердин  реестрин  тактаса 
бюджеттин  кирешеси  эбегейсиз  жогоруламак.

-Барпы  каналы,Питомниктин  аймагындагы Кербен- Күлүк-Дөбө  жолунан
бизнес  үчүн   берилген  жерлердин  токтомдорун, келишимдерин  тактап 
шаардык  Кеӊешке  сунуштоо  тапшырмалары  толук  аткарылган  эмес.
Мэрия  бюджеттин  киреше  булактарын  жогорулатуу  боюнча  кошумча 
иш  чараларды  иштеп чыккан  эмес.Адистердин  квалификациялык билим 
деӊгээлдери  төмөн. Мамлекеттик  кызматты  аткарууга  кайдыгерлик  менен 
мамиле  жасашат. Мэрияда  пайдаланган  электр энергиялардын  учёту 
так  эмес. Кербен “Таза-Суу”  ишканасынын  инвентаризациясында  жердин,
мүлктүн  баалары  так  болбогондуктан  ар  кандай  талап  тоноочулукка 
жол  берилүүдө. Шаардык  Кеӊештин   токтомдорун  аткаруу  маселеси 
начар.  Шаардын  бюджеттик  киреше  булактарын  кеӊейтүү  багытында 
жана  баалуу  жер  аянттарына  аукцион  өткөрүүдө  кемчилдиктерге 
жол  берилген  жана  келишимдер  сапатсыз  түзүлгөн.
Кербен  шаардык  Кеӊештин  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  
комиссиясынын  18.12.2018-жылдагы  № 53; социалдык  маселелер 
боюнча  туруктуу  комиссиясынын  17.12.2018-жылдагы № 8;  жер  жана 
агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  20.12.2018-жылдагы
№ 8; өнөр-жай, транспорт  боюнча  туруктуу  комиссиясынын 
17.12.2018-жылдагы № 9 токтомдорун  КР “ЖӨБ  органдары  жөнүндө” 
мыйзамынын  44-беренесинин 1-бөлүгүнө  негиз  маселени  карап  жана 
талкуулап  чыгып, жогорудагы  мыйзамдын  31-беренесине  таянып,
Кербен  шаардык  Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги 
он  бешинчи  сессиясы

                              ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.КР  ЖӨБ  мыйзамынын 44-беренесинин 1-пунктунун  талаптарына 
негиз  шаардык  Кеӊештин  токтомдорун  аткарууда жетишерлик 
деӊгээлде  иш  алып  барбагандыгы  үчүн  Кербен шаарынын 
мэри  Н.Эсеналиевге  эскертүү  берилсин.

2.Мэриянын  адистеринин  квалификациялык  деӊгээли  төмөн  экендиги 
белгиленип, кайрадан  аттестациядан  өткөрүү  жана  баалоо  жагы 
мэр Н.Эсеналиевден  суралсын.

3.Кербен  шаарынын мэриясы:

-Токтомдорду  аткарбаган  адистерге  чара  көрсүн;

-Аксы  РБББ  менен  биргеликте  Кербен  шаарындагы бала-бакча 
жетекчилерин  ротациялоону  уюштурсун.

4.Кербен  шаарынын  мэри,  шаардык  Кеӊештин  токтомдорун   аткарууну
уюштуруп, 2019-жылдын  I кварталында  кезектеги  сессияга  отчёт  берсин.

  1. Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн 
    Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  2. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан 
    кийин  күчүнө  кирет.
  3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  Кербен  шаардык 
    Кеӊешинин  төрагасынын  орун  басары  Ж.Шакиевге  жүктөлсүн.

 

Кербен   шаардык 
Кеӊешинин   төрагасы:                        Н.Шадыбеков

Кербен  шаары, 25.12.2018-ж.

 

 

Админ
Автору Админ December 27, 2018 16:05