Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2020-жылдын 29-декабрындагы № 26/12 токтому

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:32

2021-жылга  Кербен  шаардык  Кеңешинин иш планы  жөнүндө

      «Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө» КР  Мыйзамынын  31-беренесине  негиз,  2021-жылга  Кербен шаардык   Кеңешинин иш планынын  долбоорун  карап  жана  талкуулап  чыгып,Кербен  шаардык  Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги  жыйырма алтынчы  сессиясы

                                                   ТОКТОМ    КЫЛАТ:

  1. 2021-жылга  Кербен  шаардык  Кеңешинин  иш планы  бекитилсин (тиркелет).
  2. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
  3.  Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  4. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  төраганын  орун  басары Ч.Мамытовго  жүктөлсүн.

Кербен   шаардык Кенешинин   төрагасы :                                   Н.Шадыбеков

   Кербен ш. 29.12.20ж. № 26/11                                                                                    

Кербен  шаардык  Кеңешинин   2020-жылдын  29-декабрындагы   26/12   токтому  менен  бекитилген

                             2021-жылга  Кербен  шаардык  Кеңешинин

                                                  ИШ – ПЛАНЫ

                                                         I квартал

  1. 2020-жылда  Кербен  шаарынын социалдык-экономикалык иш-чараларынын  аткарылышы  жөнүндө.
  2. 2020-жылда Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы  жөнүндө

       II квартал

Жалпы пайдалануудагы жерлерди жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана дем алуу жайларынын, парктардын, спорттук курулмалардын иштерин камсыз кылуу жөнүндө.

      III квартал

Жергиликтүү бюджеттин киреше булагын көбөйтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө.

                                       IV квартал

Муниципалдык менчикти башкаруунун абалы жөнүндө.

Кербен шаардык Кеңешинин   жооптуу   катчысы:                                            Д.Алиев

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:32