Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2020-жылдын 29-декабрындагы № 26/11 токтому

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:33

Кербен шаарынын Курулуш айылынын тургуну, ишкер                          О. Айтмырзаевге логистикалык борбор куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө

            Кербен шаарынын Курулуш айылынын тургуну О. Айтмырзаев Кербен шаарында мөмө-жемиштерди кайра иштетуу жана сактоо боюнча логистикалык борбор   курууга жер сурап кайрылган.  Бул маселе шаардын мэриясынын алдындагы жер комиссиясында жактырылган  жана мэрия 2020-жылдын 7-декабрь № 3-35/677 кайрылуусу менен Кербен шаарынын Курулуш айылынын тургуну О Айтмырзаевге Курулуш айылынан жер ажыратып берууго макулдук беруу сунушун шаардык Кеӊештин кароосуна жөнөткөн.

            Жогорудагы  маселени   карап  жана  талкуулап  чыгып,Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги  жыйырма алтынчы  сессиясы

                                               Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

  1. Кербен шаарынын Курулуш айылынын тургуну ишкер О. Айтмырзаевга логистикалык борбор жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана куруу үчүн Кербен шаарынан узак мөөнөткө 1,5 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
  2. Кербен шаарынын мэриясына:

-Логистикалык борбор жана кайра иштетүүчү жайды курууга жер аянтын КР мыйзамдарына негиз,тиешелүү талаптарга ылайык келген жерден бөлүп берүү жагы сунушталсын.

-Берилип жаткан жер аянтында 2 жыл ичинде долбоорго ылайык жумуштарды оздоштуруу башталбаса келишим бир тараптуу жокко чыгарылаары келишимде белгиленсин.

Мында өзгөчө кырдаал (сел, жер көчкү, шамал,) жаралган мезгил кирбейт.

3. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

 4. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы туруктуу комиссиянын төрагасы Ы.Сарыевге жүктөлсүн.

Кербен   шаардык Кенешинин   төрагасы :                                   Н.Шадыбеков

Кербен ш. 29.12.20ж. № 26/11

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:33