Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2020-жылдын 29-декабрындагы № 26/7 токтому
Окшош макалалар
2020-жылда “Санарип аймак” долбоорун турмушка ашыруу алкагында Кербен шаарынын мэриясына убактылуу 3 (үч) айлык мөөнөткө 3 (үч) адамды контракт менен иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясы 25.09.2020-жылдагы № 3-34/551 сандуу катында бардык мекеме-ишканалар “Түндүк” системасына кирип жаткандыгына байланыштуу “Санарип аймак” программасын ишке киргизүүгө даярдоо үчүн убактылуу 3 адистиишке тартып, аларга 73,0 (жетимиш үч) миӊ бөлүп берүү боюнча сунуш киргизген.
Маселе бюджет, финансы боюнча туруктуу комиссияда каралып 16-декабрь 2020-жылда № 79-токтом кабыл алынган.
Жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- “Санарип Аймак” программасын турмушка ашырууга 2020-жылда 3 (үч) ай мөөнөткө 3 (үч) адисти кармоого макулдук берилсин.
- Кербен шаарынын мэриясы 2021-жылга чейин “Санарип аймак” долбоорун ишке киргизсин.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш жана өнөр жай боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Ормоналиевге жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Кербен ш. 29.12.20ж. № 26/7