Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 22-февралындагы № 27/4 токтому

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:56

Кербен шаарынын Стамкулов көчөсүнүн тургуну Б.Асилбековдун менчик жер аянтын өз ыктыяры менен муниципалдык менчикке өткөрүп берүү тууралуу кайрылуусу жөнүндө.

            Кербен шаарынын Стамкулов көчөсүнүн тургуну Б.Асилбековдун менчик жер аянтын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү тууралуу кайрылуусун, Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин 28.12.2020-жылдагы № 3-34/730  билдирүүсүн жана Кербен шаардык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 11-февралындагы № 25-токтомун карап жана

талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII-чакырылышынын  кезектеги  жыйырма жетинчи сессиясы

                                               Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

1.Кербен шаарынын Стамкулов көчөсүнүн тургуну Б.Асилбековдун жеке менчик жер участогунун 0,04га жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин жана кабыл алынган 0,04га жер аянтына Кербен шаарынын тургундары үчүн коомдук мечит курууга уруксат берилсин.

2.Кербен шаарынын мэриясына, муниципалдык менчикке өтүүчү 0,04га жер аянтын баланска алып, тиешелүү мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.

3.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

4. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ы.Сарыевге  жүктөлсүн.

Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы:                                       Н.Шадыбеков

Кербен ш. 22.02.21ж. № 27/4

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:56