Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 22-сентябрындагы №7/5 токтому

Админ
Автору Админ October 6, 2022 10:53

 

 Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин   VIII чакырылышынын  кезексиз жетинчи сессиясы

   ТОКТОМ

Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө-9  көчөсүнө эмгек ардагери, коомдук ишмер

Сулайманов Тургунбайдын ысмын ыйгаруу жөнүндө.

             Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө айылындагы Күлүк-Дөбө-9  көчөсүнө эмгек ардагери, коомдук ишмер Сулайманов Тургунбайдын  ысмын ыйгаруу жөнүндө Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана этика маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  2022-жылдын 12-сентябрындагы № 13-токтомун  карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз   жетинчи сессиясы

Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

 1.Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө айылындагы Күлүк-Дөбө-9  көчөсүнө эмгек ардагери,коомдук ишмер Сулайманов Тургунбайдын  ысмы берилсин жана ал көчө

  “Сулайманов Тургунбай атындагы көчө”, – деп аталсын.

2.Кербен шаарынын мэриясы, көрнөктөрдүн формасын,өлчөмүн аныктап жана анын туура жайгашуусун жана  жазылуусун көзөмөлгө  алсын.

3.Ат коюу салтанатын уюштуруу, ат коюуга байланыштуу пайда болгон чыгымдардын ордун толтуруу жана Кербен шаарынын мэриясы менен  макулдашылган формадагы,                өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап илдирүү жагы аты   коюлуп жаткан  инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.

4.Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.

5.КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.

6.Токтом КР Өкмөтүнүн 22.10.2021-жылдагы № 228 токтомунун 6-пунктуна ылайык, калкты жана турак үйлөрдү каттоо өнөктүгү аяктагандан кийин мараторий алынганда күчүнө кирери белгиленсин.

7.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык   юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

8.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында жарыялансын.

9.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана этика маселелери туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Дербишовага  тапшырылсын.

 

Кербен шаардык

Кеӊешинин төрагасы:                                          Ж.Омуралиев

Кербен ш. токтом №7/5, 22.09.2022-ж.

Админ
Автору Админ October 6, 2022 10:53