Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 22-сентябрындагы №7/3 токтому

Админ
Автору Админ October 6, 2022 11:24

Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы

Т О К Т О М

Кербен шаарынын жергиликтүү  Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө

             Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байлынышын чыӊдоо максатында, КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” № 284 Жарлыгына жана биринчи Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы “Биринчи Элдик Курултайга КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин НУСКАМАСЫНА”,шаардык Кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 16.09.2022-ж.№18 токтомуна ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз  жетинчи сессиясы

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.Кербен шаарынын жергиликтүү Курултайы 2022-жылдын 5-ноябрына саат 10-00гө чакырылсын.

2.Кербен шаарынын жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык – 150 делегаттан турары белгиленсин.

3.Кербен шаарынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы – 9 адамдан бекитилсин (№ 1-тиркеме).

4.Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар

15-октябрдан 20-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№2-тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.

5.Кербен шаарынын мэриясы Курултайды уюштурууга, жумушчу топко ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө жана белгиленген мөөнөттө графикке ылайык жыйындарга калктын келүүсүн, жыйын өтүүчү жайды тиешелүү аппараттар менен камсыздоого милдеттендирилсин.

6.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

7.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө кирет.

8.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу комиссиянын  төрайымы Г.Дербишовага  жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык

Кеӊешинин төрагасы:                                          Ж.Омуралиев

Кербен ш. токтом №7/3, 22.09.2022-ж.

 

Тиркеме № 1

Кербен шаардык Кеӊешинин 2022-жылдын

22-сентябрындагы №  7/3 токтому менен бекитилген

Кербен шаарынын жергиликтүү курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы

к/№                               Ф.А.А.           кызматы
1 Омуралиев Жеӊишбек Кубатбекович төрага
2 Алиев Доолбек Жумашович Катчысы
3 Нармырзаева Бурул Матмырзаевна Мучосу
4 Акматбек уулу Энербек Мучосу
5 Сагынбек уулу Санжар мүчөсү
6 Жапаров Дайырбек     -/-
7 Абдыкаар уулу Нурлан -/-
8 Чаканова Гүлмира -/-
9 Момунова Айганыш -/-

 Кербен шаардык Кеӊешинин

жооптуу катчысы:                                             Д.Алиев

 

Тиркеме № 2

Кербен шаардык Кеӊешинин 2022-жылдын

22-сентябрындагы №  7/3 токтому менен бекитилген

Кербен шаарынын жергиликтүү курултайына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын (жыйындардын)

Г Р А Ф И Г И

Өткөрүлүүчү орду Убактысы Калк

тын саны

Делегат тардын саны Жооптуулар
күнү сааты
1 Курулуш а. 15.10 10.00 4280 24 А.Турдалыев,  Г.Мамырова

М.Жолдошова  Амадалиев Б.

 

2 Мамай-Устукан а. 15.10 14.00 516 3 Айтмырзаев  М.Базарбаев А.М.Камбарова, Нышанов Ш.
3 Акдөбө 17.10

 

10-00 4224 23 Кутманов М.  Мамытов Ч.

А.Асанов, Н.Абдыкаар уулу

4 Жетиген 17.10

 

14-00 2246 12 Мамытова З. Досалиев К.

Б.Абылкасымов Б.Апсаматов

5 Күлүк-Дөбө 20.10

 

10-00 3265 18 Айтматов А. Бекмурзаев М

М.Убраим уулу Ө.Алимбекова

 

4.

 

Кербен ш.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

70

 

 

 

 

-Дөӊ-Кыштак э.к.

 

 

18.10

 

 

10-00

 

 

4300

 

 

24

 

 

Тасмаев Т.  Апсаламов Ф.

Б.Парпиев  К.Асылбекова, Юсупов Н.

-Беш-Коргон ж.

 

 

 

18.10

 

 

 

14-00

 

 

 

4400

 

 

 

24

 

 

 

Собурбекова У. Акматбек у.Э

Э.Артыкбаев   А.Аккулиев

 

-Жардуу-Колот

 

 

19.10

 

10-00

 

 

4000

 

 

22

 

 

Мавлянов Б.  Жоробаев Э.

Т.Бузурманкулов Сагынбек уулу С.

Бардыгы  

 

27231 150

 

Кербен шаардык Кеӊешинин

жооптуу катчысы:                                             Д.Алиев

Админ
Автору Админ October 6, 2022 11:24