Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 22-сентябрындагы №7/2 токтому

Админ
Автору Админ October 6, 2022 11:31

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын 

кезексиз жетинчи сессиясы

Т О К Т О М

2022-жылга Кербен шаарынын бюджетине өзгөртүүлөрдү- толуктоолорду киргизүү жөнүндө

            Кербен шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 7-сентябрындагы “Кербен шаарынын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү жөнүндө” №3-34/514 кайрылуусун жана шаардык Кенештин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 15.08.2022-ж. №15, 18.08.2022-ж. №16, 09.09.2022-ж. №17 токтомдорун карап жана талкуулап чыгып, Аксы   районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы

ТОКТОМ     КЫЛАТ :

1.2022-жылга Кербен шаарынын бюджетине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр-толуктоолор киргизилсин:

            – 2022-жылдын сегиз айында кошумча түшкөн каражаттар – 8730,2 миӊ сом, анын ичинен

            киреше салыгы – 6000,0 миӊ сом; 

            бирдиктүү салык – 700,0 миӊ сом;

            республикалык бюджеттен келген максаттуу трансферт – 2030,2 миӊ сом бюджетке кириштелсин.

2.2022-жылдын иш-чарасында инвестицияларды каржылоого бөлүнгөн каражаттан калган -5300,0 миӊ сом жана башка иш-чаралардан үнөмдөлгөн каражат -5093,8 миӊ сом, бардыгы -10393,8 миӊ сом экендиги белгиленсин.

3.2022-жылга Кербен шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнө чегерилген кошумча түшүүлөр жана үнөмдөлгөн жогорудагы каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоого багытталсын:

– Кербен шаарынын мэриясынын административдик имаратын оӊдоп-түзөө иштерине кошумча – 1186,0 миӊ сом;

– Светофорлорду оӊдоого – 300,0 миӊ сом;

– Арканы сырдоого – 200,0 миӊ сом;

– Столба, фонарь, мамыча сатып алууга – 500,0 миӊ сом;

– А/б трубаларын сатып алууга, 40 даана – 360,0 миӊ сом;

– Мавлянов көчөсүнө адам өтүүчү көпүрөнү курууга кошумча – 358,4 миӊ сом;

– Уметалиев көчөсүндөгү лицей мектебинин жанындагы каналга адам өтүүчү көпүрө курууга – 344,2 миӊ сом;

– Кербен шаарынын «Ак элечек айымдар» фольклордук тобун колдоого – 50,0 миӊ сом; 

– «Алтынгүл» мектепке чейинки билим берүү мекеменин астындагы кошумча жер тилкесин сатып алууга – 1600,0 миӊ сом;

– №5 «Наристе» мектепке чейинки билим берүү мекеменин астындагы кошумча жер тилкесин сатып алууга – 2000,0 миӊ сом;

– Муниципалдык менчиктерди тактоо, мамлекеттик акты алууга – 500,0 миӊ сом;

– Дөӊ-Кыштак айылындагы каналга автомашина, жөө адам өтүүчү көпүрө курууга кошумча 350,0 миӊ сом;  

– Стамкулов, Шатманов көчөсүндөгү жолго жөө адам өтүүчү көпүрө курууга – 350,0 миӊ сом;

– Маданият үйүнөн Өмүралиев мектепке чейин тротуар курууга кошумча 1200,0 миӊ сом;

– Мэриянын залына эмерек-жабдууларды алууга – 450,0 миӊ сом ;

– № 18 Арча-Бешик балдар бакчасынын кошумча курулушуна 100,0 миӊ сом;

– Жуманазаров, Оролбаев көчөлөрүнө таза суу киргизүүгө кошумча 110,0 миӊ сом;

– №6 “Ак-Куу” мектепке чейинки билим берүү мекеменин чатырын оӊдоо үчүн 2022-жылдын иш-чарасынын № 54 пунктунда каралган – 620,0 миӊ сом;

– Курулуш айылындагы бүтпөй калган спорт залга – 2500,0 миӊ сом;  

– Кербен шаарынын мэриясына канц.товар алууга – 100,0 миӊ сом;  

– Өмүралиев жана Ш.Таштанов мектептерине кампа куруу үчүн – 445,0 миӊ сом;

– № 5 Наристе мектепке чейинки билим берүү уюмунун ички ажатканасын курууга – 160,0 миӊ сом;

– Жеӊиштин 30 жылдыгы көчөсүндө жайгашкан мазарга дубал курууга – 530,2 миӊ сом,

-Кербен шаарынын бюджетиндеги сапар чыгымдары үчүн – 350,0 миӊ сом кошумча бөлүнүп берилсин.

 жалпысы – 14043,8 миӊ сом;

– Республикалык бюджет тарабынан келген максаттуу трансферт 2030,2 миӊ сом каражат маданият жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акыларын көтөрүүгө жумшалсын.

4.Кербен шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы ФЭБ башчы Ыманбай уулу Бакытбекке милдеттендирилсин.

5.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

6.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

7.Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Б.Мавляновго   жүктөлсүн.

 

 Кербен  шаардык 

Кенешинин  төрагасы                           Ж.Омуралиев  

Кербен ш. токтом №7/2 22.09.2022-ж.

Админ
Автору Админ October 6, 2022 11:31