Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/14 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
Т О К Т О М
Кербен шаарынын Курулуш айылында калк үчүн 0,42га жерге уюштурулган эс алуу паркынын жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кербен шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 24-апрелиндеги “Кербен шаарынын Курулуш айылында калк үчүн уюштурулган эс алуу паркынын жер аянтынын багытын өзгөртүп берүү жөнүндө” №01-20/337 кайрылуусун жана жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын 24-апрелиндеги № 31 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын Курулуш айылында калк үчүн уюштурулган эс алуу паркынын 0,42га жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Кербен шаарынын мэриясына, тиешелүү жер аянтынын багытын өзгөртүү боюнча багыттуу иштер жүргүзүлсүн.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал- Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Турдалыевге жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Ж.Омуралиев
Кербен ш. 25.04.2023-ж. Токтом №10/14