Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/13 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
Т О К Т О М
Кербен шаарынын тургундарына таза-суу пайдалангандыгы үчүн жаӊы тарифтердин өлчөмү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына ылайык таза муздак сууну пайдаланууну жөнгө салуу максатында, шаардык Кеӊештин суу жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 30-токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарында ичүүчү муздак таза суу пайдалануу тарифи 1м3 үчүн төмөнкүдөй белгиленсин:
- Калк үчүн – 12,25 (он эки сом 25 тыйын) ;
- Коомдук ашканалар, мончолор, автоунаа жуучу жайлар үчүн -20 (жыйырма).
- Суу пайдалануунун көлөмүнүн нормасы тиркеме ылайык бекитилсин (тиркелет).
- Жаӊы тарифтер 2023-жылдын 1-майынан колдонууга киргизилсин.
- Кербен шаардык Кеӊешинин 2014-жылдын 5-мартындагы “Кербен шаарынын суу пайдалануучуларына таза ичүүчү сууну пайдалангандык үчүн тарифтердин өлчөмдөрү жөнүндө” № 8/5 жана 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 4/3 токтомдору жокко чыгарылсын.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жана суу ресурстары боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Турдалыевге жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Ж.Омуралиев
Кербен ш. 25.04.2023-ж Токтом №10/13
Тиркеме
Кербен шаардык Кеӊешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги
№ 10/13 токтому менен бекитилген
Кербен шаарында таза-суу пайдалангандыгы үчүн жаӊы тарифтердин өлчөмү жөнүндө
№ | Ичүүчү сууну пайдалануучулар | 1 м3 суунун тарифи
(сом) |
Саны | Суу пайдалануу нормасы л/сут. |
1 | Короосунда суу түтүгү барлар үчүн
|
12 сом 25 тыйын | 1 адам | 100 (бир адамга) |
2 | Көчөдөгү суу түтүгүнөн пайдалануучулар үчүн | 12,25 | 1 адам | 35 (бир адамга) |
3 | Короо суугаруу 1м2 | 12,25 | 1м2 | 15 |
4 | Кара мал | 12,25 | 1 баш | 70 |
5 | Жылкы | 12,25 | 1 баш | 40 |
6 | Кой-эчки | 12,25 | 1 баш | 10 |
7 | Автоунаа жуу үчүн | 12,25 | 1 автоунаа | 200 |
8 | Коомдук ашканалар;
-мончолор; -автоунаа жуучу жайлар – ресторандар (тойкана) |
20,00
|
1 орун
1 жуунуучу 1 автоунаа 1 блюда |
300
120 200 25
|
Эскертүү: Башка жайлар үчүн суу пайдалануу нормасы КР мамлекеттик курулуш жана коммуналдык чарба боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бекитилген нормага ылайык белгиленет.
Кербен шаардык Кеӊешинин
жооптуу катчысы: Д.Алиев