Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/10 токтому

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:36

Аксы  районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын  кезексиз онунчу сессиясы

Т О К Т О М 

 Кербен шаарынын Ак-Дѳбѳ айылынын тургуну Урустемов Калыбек Абдылдабековичке «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Кербен шаарынын  тургуну Урустемов Калыбек Абылдабековичке «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кербен  шаардык  Кеӊешинин  мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу   комиссиясынын  2023-жылдын 29-мартындагы  № 28 токтомун  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын  кезексиз  онунчу сессиясы 

 ТОКТОМ    КЫЛАТ : 

  1. Кербен шаарынын тургуну  билим берүүнүн отличниги  Урустемов Калыбек Абдылдабековичке «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамы берилсин.
  2. Бул токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  шаардык Кеӊештин  мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү  жана  этика  маселелери  боюнча туруктуу  комиссиянын  төрайымы Г.Дербишовага  жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык

  Кеӊешинин төрагасы:                              Ж.Омуралиев

 

Кербен ш. 25.04.2023-ж. Токтом №10/10

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:36