Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/5 токтому

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:42

Аксы  районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын  кезексиз онунчу сессиясы

Т О К Т О М

Кербен шаарынын Мамай айылындагы көрүстөн үчүн ажыратылган 3,0 (үч) га жер аянтын жайыт категориясынан башка категорияга которуу  жѳнүндѳ

Кербен шаарынын мэриясынын 27.03.2023-жылы №01-20/231 «Кербен шаарынын Мамай айылында 3,0 га жер тилкесин кѳрүстѳн үчүн ажыратып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып,   Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз онунчу сессиясы

 ТОКТОМ    КЫЛАТ : 

  1. Кербен шаарынын Мамай айылындагы № 2296-2297 контурундагы 3,0 (үч)га жер тилкесинин багытын ѳзгѳртүп (трансформациялоо) кѳрүстѳн үчүн пайдаланууга макулдук берилсин.
  2. Бул токтом  мамлекеттик реестрге  киргизүү жана  каттоо үчүн  Жалал- Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин күчүнө  кирет
  4. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы суу ресурстары, муниципалдык  мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  А.Турдалыевге жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык

 Кеӊешинин төрагасы                         Ж.Омуралиев

 

Кербен ш. 25.04.2023-ж. Токтом №10/5

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:42