2024-жылдын 30-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 25/14 токтому

Админ
Автору Админ July 29, 2024 15:31

      Жетиген каналын  СПАнын карамагынан Кербен шаарынын мэриясынын балансына убактылуу алуу жана оңдоп түзөө жөнүндө

 

Кербен шаарындагы Жетиген каналын оңдоп түзөбөсө канча деген сугат жерлер кайракы болуп калды. Жылдан жылга суу тартыштыгы көбөйүүдө. Азыркы маалда Кербен шаарына суугат суу Өзбекистан аркылуу келет, жарымынан көбү ошол жакта калып кетип жатат. Каналды камыш басып суугат сууну алып келиш өтө чоң көйгөй жаратып жатат. Ошол себептерден Кербен шаарынын мэриясынын  карамагына убактылуу алууга жана оңдоп түзөтүүгө   макулдук берүү каралган.

Кербен  шаардык  Кеңешинин  суу ресурстары, муниципалдык  мүлк, экология  жана  агрардык   маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын 2024-жылдын 29-майындагы № 43-токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаарындагы Жетиген каналын убактуулу СПАдан Кербен шаарынын мэриясынын карамагына алынсын жана оңдоп түзөтүүгө макулдук берилсин.
  2. Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн  Жалал- Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан  кийин күчүнө  кирет.
  4. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  Кербен  шаардык  Кеңешинин  суу ресурстары, муниципалдык  мүлк, экология  жана  агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Т.Арзыматовго жүктөлсүн.

 

 

         Кербен шаардык

         Кеӊешинин төрагасы                                          Р.Назарбеков

 

Кербен ш. 30.05.24-ж  № 25/14

Админ
Автору Админ July 29, 2024 15:31

Кызмат көрсөтүү