2024-жылдын 30-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 25/9 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын борбордук стадиондун жанында жайгашкан көчөсүнө Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, СССРдин социалдык эмгектин баатыры Айтматов Чынгыз Төрөкүловичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 11- майындагы № 3-34/376 кайрылуусу менен борбордук стадиондун батыш тарабындагы экинчи көчөгө Айтматов Чынгыз Төрөкуловичтин 90-жылдык мааркесинин урматынаанын ысмын берүү сунушу менен жаңа бул иш чара боюнча аталган көчөнүн тургундары 2018-жылдын 10-майында жыйналыш өткөрүп бир добуштан макулдугун беришип кол коюшкан арызынын негизинде жана Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика боюнча VII чакырылышында туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 5- декабрында № 32 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын борбордук стадиондун батыш тарабында жагайшкан экинчи көчөсүнө Кыргыз Республикасынын эл жазуучу
“Айтматов Чынгыз Торөкулович атындагы көчө”,-деп аталсын
- Кербен шаарынын мэриясына көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап жана анын туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын. 3.Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш- кагаздарын, маалымат базасына токтомго ылайык келтирсин.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрында № 610 токтому менен бекитилген « КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жообонун 25- пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү катоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресустар, кадастр, геология жана картография боюнча мамлекеттик агенттикин Аксы филиасынын жетекчисине сунушталсын.
- Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал- Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык
Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков
Кербен ш.30.05.24-0ж №25/9