2024-жылдын 30-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 25/2 токтому

Админ
Автору Админ July 29, 2024 16:58

                                                  Кербен шаардык Кеӊешинин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө

 

         Кербен шаардык Кеӊешинин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу максатында, эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги №2 протоколуна жана «КР Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 8-пунктчасына негиз, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаардык Кеӊешинин сессиясынын ачык добуш берүүгѳ түзүлгѳн эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги «Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасын шайлоонун натыйжалары жөнүндө» №2 протоколу бекитилсин.
  2. Кербен шаардык Кеӊешинин депутаты Назарбеков Русланбек Абдыкайымович – Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы кызматына шайланды, – деп эсептелинсин.
  3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялансын.

 

 

                     Кербен шаардык Кеӊешинин  

                     тѳрагасынын орун басары:                                                    Ч.Мамытов

 

Кербен ш. 30.05.24-ж   № 25/2

 

 

Админ
Автору Админ July 29, 2024 16:58

Кызмат көрсөтүү