2024-жылдын 8-июлундагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 26/7 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын айрым депутаттарына жана атуулдарына «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Кербен шаарынын жана Жерге-Тал айылынын жашоочуларынын жыйынынын жана сунуштардын ошондой эле өмүр баянын, эмгек жолун, алган сыйлыктары кошкон салымын эске алып «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 28- июнундагы № 58 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кербен шаарынын тѳмѳнкү тургундарына «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамы берилсин:
1. Жапаркулова Касиет Мейманова 2. Бөлөкбаев Султан 3. Мамасадыков Ашимкан 4. Кочкоров Надырбек Калмырзаевич 5. Ашырбеков Жоомарт Сатыбалдиевич 6.Табалдиева Гулайша Муратбековна 7.Муратбеков Алмазбек Качкынбекович
Депутаттар:
- Досалиев КубатбекТаштанович
- Айтмырзаев Мырзаким Арапбаевич
- Султанмиродов Нурсултан Султанмиродович
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков
Кербен ш. 08.07.24-ж. №26/7