2024-жылдын 8-июлундагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 26/6 токтому

Админ
Автору Админ July 30, 2024 11:26

Кербен шаарындагы жана Жерге-Тал айыл аймыгындагы асыл тукум, айыл чарба кооперативине жана фермердик чарбасына жердин акысынын коэффициентин бекитүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы “ Айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” № 309 жана 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомдорун аткаруу максатында ошондой эле Жалал-Абад облусунун Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 2024-жылдын 10-май чыгыш номери 01-5/23 катынын, Кербен шаардык Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-июнунда № 45 протоколунун   ошондой эле суу ресустары, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-майындагы № 43 токтомун негизинде сунушун угуп, жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

  1. Кербен шаарында айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү үчүн суулуу жердин ижара акысы 20% коэффициент, Жерге-Тал айылында 10% коэффициент болушуна  макулдук берилсин.
  1. Кербен шаарында жана Жерге-Тал айылында кайракы жердин ижара акысынын коэфициенти 30% болушуна макулдук берилсин.
  2. Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан        кийин күчүнө  кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Эсеналиевке тапшырылсын.

 

 

                      Кербен шаардык                                                                                      

                      Кеңешинин тѳрагасы:                                          Р.Назарбеков

 

Кербен ш. 08.07.24-ж.  №26/6

 

 

Админ
Автору Админ July 30, 2024 11:26

Кызмат көрсөтүү