2024-жылдын 8-июлундагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 26/2 токтому

Админ
Автору Админ July 30, 2024 11:45

               Кашка-Суу айылынын Жаӊы-Айыл, Чарбак жана Сөгөт айылдарынын Башкы планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агентигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кашка-Суу айылынын Жаӊы-Айыл, Чарбак жана Сөгөт айылдарынын Башкы пландарынын долбоорун бекитүү жөнүндө сунушун угуп, жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

                                                                                       Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

  1. Кашка-Суу айылынын Жаӊы-Айыл, Чарбак жана Сөгөт айылдарынын Башкы пландарынын долбоору бекитилсин.
  2. Тийиштүү документтерди даярдап, жыйынтыктоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн мурунку өкмөт башчысы Камчыбек уулу Шекербекке милдеттендирилсин.
  3. Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө  кирет.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык кеӊешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Арзыматовго тапшырылсын.

 

 

                           Кербен шаардык

                          кеӊешинин төрагасы:                                                      Р. Назарбеков

 

Кербен ш. 08.07.24-ж.  №26/2

Админ
Автору Админ July 30, 2024 11:45

Кызмат көрсөтүү