Кербен шаардык кеңешинин кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы №27/1 токтом

Админ
Автору Админ September 24, 2024 10:14

                   Кербен  шаарынын Кара-Дөбө айылындагы фельдшердик- акушердик  пунктун 3 (үч) сааттык бала-бакчага                                                                                                             айландыруу  жөнүндө

                         

Кербен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 26-августундагы № 01-20/1465  катынын жана Кербен шаарынын Кара-Дөбө айылындагы №29 Кара-Дөбө жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Г.Турдубаеванын арызына негиз “ Кара-Дөбө” Фельдшердик-акушердик пункту 1742,78м.кв. жер аянты менен “Мектеп алдындагы 3(үч) сааттык бала-бакчага” айландыруу максатында  Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын  2024-жылдын   3 – сентябрындагы № 61 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин  VIII  чакырылышынын  кезексиз  жыйырма жетинчи  сессиясы

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаарынын Кара-Дөбө айылында мурунку Фельдшердик-акушердик пунктун “Мектеп алдындагы 3(үч) сааттык бала- бакчага” айландырууга макулдук берилсин.
  1. Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш- кагаздарын, маалымат базасына токтомго ылайык келтирсин.
  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрында № 610 токтому менен  бекитилген « КР даректерди ыйгаруу жана  даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жообонун 25- пунктуна  негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресустар, кадастр, геология  жана картография боюнча  мамлекеттик агенттиктин  Аксы  филианынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.
  1. Токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү   жана  каттоо  үчүн  Жалал-  Абад  областтык  юстиция   башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
  1. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.
  2. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө Кербен шаардык  кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика боюнча туруктуу  комиссиянын  төрайымы М.Камбаровага  жүктөлсүн.

 

 

Кербен   шаардык 

                кеӊешинин   төрагасы:                                               Р.Назарбеков

 

Кербен ш. №27/1  04.09.2024-ж.

Админ
Автору Админ September 24, 2024 10:14

Кызмат көрсөтүү