Башкы баракка

Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 17-июлундагы № 13/4 токтому

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  үчүнчү  сессиясы

                                    Т О К Т О М

“Таза-Суу  долбоору  боюнча  Кербен  шаарынын  мэриясынын 
атынан 
М.Токтомушевди  өкүл  кылып  дайындоо  жөнүндө 

Кербен  шаарынын  мэринин  19.06.2018-жылдагы № 3-34/477 сандуу 
билдирүүсүндө  жаңы  курулуп  жаткан  “Таза-Суу” долбоорун  жүргүзүүдө 
М.Токтомушевду  Кербен  шаарынын  мэриясынан  өкүл  катары 
дайындоого  шаардык  Кеңешке  билдирген. Бул  өкүлдү  бекитүү  менен 
жаңы  курулуп  жаткан  “Таза-Суу”  долбоору  сапаттуу  бүтүп, көп  жылдар 
бою  шаардын  калкына  ичүүчү  суу  менен  камсыздалат.   
Кербен  шаардык   Кеңештин  финансы,  бюджет  боюнча  туруктуу  
комиссиясынын  2018-жылдын  20-июнундагы  № 45 токтомун  карап
жана  талкуулап  чыгып,Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII  чакырылышынын 
кезектеги  он  үчүнчү  сессиясы

                             Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен  шаарында  ишке  ашып  жаткан «Таза-Суу»долбоорунун  алкагындагы 
жаңы  курулушуна  Кербен  шаарынын  мэриясынын  атынан  М.Токтомушевду
өкүл  катары  дайындоого  макулдук  берилсин.
2.Кербен  шаарынын  мэриясы: «Кербен  сууканал» муниципалдык 
ишканасынын  жетекчисин  дайындоо  боюнча  КРнын  мыйзамдарына 
ылайык  иш  чараларды  жүргүзсүн.
3.Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад
  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин 
күчүнө   кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  
туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

 

                  Кербен   шаардык 
                  Кеӊешинин   төрагасы:                  Н.Шадыбеков

 

Кербен  шаары, 17.07.2018-ж. № 13/4