Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 8-сентябрындагы № 6/4 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
Т О К Т О М
Күлүк-Дөбө айылындагы Турпак-Бел-Таш-Дөбө
каналына ат коюу жөнүндө
Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук жана этика маселелери боюнча
туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 9-августундагы “Кербен шаарынын
Күлүк-Дөбө айылындагы Турпак-Бел-Таш-Дөбө каналына ат коюу жөнүндө”
№ 9 токтомун карапжана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин
VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө айылындагы Турпак-Бел-Таш-Дөбө каналына Ташыбеков Ашырбектин
ысмы ыйгарылсын. Ал канал “Ташыбеков Ашырбек атындагы канал”- деп аталсын
2.Аксы райондук суу чарба башкармалыгына, тиешелүү иш кагаздарын токтомго ылайык келтирсин.
3.КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «КР даректерди ыйгаруу
жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө”жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча
даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо
башкармалыгына сунушталсын .
4.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция
башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб – сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын
төрайымы М.Камбаровага тапшырылсын.
Кербен шаардык
Кенешинин төрагасы : Н.Шадыбеков
Кербен шаары, 08.09.2017-ж. № 6/4