2024-жылдын 30-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 25/13 токтому

Админ
Автору Админ July 29, 2024 15:36

 

     Кербен  шаарына караштуу Ниязалы кѳчѳсүндѳ  жайгашкан “ Токтогул” атындагы паркынын чыгыш тарабынан  Аксы       райондук сотуна жаңы имарат куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жѳнүндѳ

 

« Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кырыгз Республикасынын  мыйзамынын 34- беренесинин 5- пунктуна ылайык Муниципиалдык жерлердин пайдалануусу жөнүндө, Кербен шаарынын мэриясынын 2024- жылдын 14-майындагы № 01-20/715  кайрылуусу жана Кербен шаардык Кеңештин суу ресустары, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-майындагы № 42 токтомун карап жана талкуулап чыгып,  Кербен шаардык Кеңешинин  VIII  чакырылышынын  кезектеги  жыйырма бешинчи  сессиясы

 

              ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаарынын Ниязалы кѳчѳсүндѳ жайгашкан Тотоктогул паркынын чыгыш тарабынан Аксы райондук сотуна жаңы имарат куруу үчүн 0,13 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
  1. Кербен шаарынын мэриясына Аксы райондук сотуна бөлүнүп берилген 0,13 га жер аянтын  тиешелүү мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүү  жагы тапшырылсын.
  1. Токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү   жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад областтык    юстиция   башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
  1. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.
  2. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын тѳрагасы Т.Арзыматовго жүктөлсүн.

 

 

                 Кербен   шаардык 

                Кеӊешинин   төрагасы:                                 Р.Назарбеков

 

Кербен ш. 30.05.24-ж  № 25/13

Админ
Автору Админ July 29, 2024 15:36

Кызмат көрсөтүү