Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 15/4 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кеңешинин
VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
Т О К Т О М
2019-жылга Кербен шаардык Кеңешинин
иш-планы жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын
31-беренесине негиз, 2019-жылга Кербен шаардык Кеңешинин
иш-планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып,Кербен
шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи
сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2019-жылга Кербен шаардык Кеңешинин иш-планы бекитилсин
(тиркелет). - Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун
басары Ж.Шакиевге жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеңешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Тиркеме
Кербен шаардык Кеңешинин
2018-жылдын 25-декабрындагы
№ 15/4 токтому менен бекитилген
2019-жылга Кербен шаардык Кеңешинин
ИШ – ПЛАНЫ
I квартал
- 2018-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык
иш-чараларынын аткарылышы жана 2019-жылга планы жөнүндө - 2018-жыл да Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
- 2019-жылга Кербен шаарынын бюджетинин түзүлүшү жана
2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө
II квартал
1.Кербен шаарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча
аткарылып жаткан иштер жөнүндө
III квартал
1.Кербен шаарынын бала-бакчаларындагы балдарга көрүлүп
жаткан камкордуктар жөнүндө
IV квартал
1.Муниципалдык жерлерди, мүлктөрдү башкаруунун абалы жана
алардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө
Кербен шаардык Кеңешинин
жооптуу катчысы: Д.Алиев
Кербен шаары, 25.12.2018-ж.