Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 8-сентябрындагы № 6/2 токтому

Админ
Автору Админ September 26, 2017 10:12

       Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын   кезектеги   алтынчы сессиясы

                                         Т О К Т ОМ

Кербен шаарынын А.Бегимкулова атындагы Жетиген жана Н.Мамбетов  
атындагы орто мектептердин көмөкчү чарбалары боюнча жүргүзүп жаткан  иштери
жана 2017-2018-окуу жылына карата ремонт иштеринин абалдары   жөнүндө

          Н.Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуу-тажрыйба аянттарынын окуучуларды окутуп тарбиялоодо
ото чон ролу бар. Окуу-тажрыйба аянтчалары окуучулар учун айыл-чарба эмгеги жана биология боюнча окуу базасы теориялык  
алган билимдерин практика жүзүндө эмгекке үйрөнүү менен активдүү байланышын камсыз кылуучу ачык лаборатория болуп саналат. Окуу тажрыйба аянтчасын иштетүү боюнча ата-энелер комитети менен биргеликте   2015-2016-окуу жылында көмөкчү чарба уюштурула   баштады. Мектеп 2014-2015-окуу жылдан баштап “Бүткүл   дүйнөлүк азык-түлүк программасы” боюнча долбоорго кирип   1-4-класстын окучуларына ыссык тамак бериле баштаган.   Ушул башталгыч класстын окуучуларына берилүүчү ыссык тамакка ата-энелердин салымы болсун деп көмөкчү чарба уюштурулду. Мэриядан 1га жер алынып, беде себилди. Азыркы күндө 4 кой, 4 козу бар. Мектептин 0,30 га жеринде кайналы багы бар. 2015-2016-окуу жылында кайналыдан 25000 сом киреше түшкөн. Анын 23000 сомуна бир кабинеттин терезеси пластик терезеге алмаштырылды   жана калган 2000 сомуна окуучуларга спорттук форма жана топтор алынып берилди. Мындан сырткары мектепке 0,04 га жерге күнөскана салынды. Ата-энелердин ыктыярдуу фондунун эсебинен 43500 сомго көмөкчү чарбаны өнүктүрүү максатында   аткана салынды.   Мектептин короосунда өскөн   чөп орулуп жыйылат, сатылбайт.
Быйылкы окуу жылында кайналыдан түшкөн акчага мал алабыз деген план бар.
А.Бегимкулова атындагы Жетиген орто мектебинде22 мугалим эмгектенет, медкароодон өтүшкөн.Мектеп ашканасы ылайыкташтырылып курулган, окуучулардын ичүүчү шашке чайына стол жасатылган.Мектепте окуучуларга тереӊ билим татыктуу тарбия берүүдө мугалимдер талыкпастан эмгектенип келүүдө, аны менен бирге аларды бир кесипке багыттоо,тарбиялоо максатында, мектепте окуу тажрыйба участогунун иши колго алынып 2 сотых жер иштетишет. Башталгыч окуу тажрыйба участогу 2 бөлүккө бөлүнүп иштетилет. 1 тажрыйба аянтчасы,2 көзөмөлдүк аянтча. Тажрыйба аянтчага да,көзөмөлдүк аянтчага да бирдей өсүмдүк эгилген. Өсүмдүк мугалим жана окуучулар тарабынан каралат жер семирткичтер берилип, ал эми көзөмөлдүк аянтчада өсүмдүктөргө жер семирткичтер берилбей өстүрүлөт.2015-2016-окуу жылында окуу тажрыйба участогунан түшкөн каражат 2000 сомду түздү.
Бул каражатка мектепте уюшулган жандуу бурчка аквариум балыктарын алуу пландаштырылган   Мектепти жаӊы 2017-2018-окуу жылынын ремонтуна 15403 сом бөлүнгөн, азыркы учурда мектепте ремонт иштери бүткөн. Мектепте вентиляция коюлбагандыктан мектептин кабинеттеринин полу жана спорт залынын полу начар абалда. Спорт залына 2013-2014-окуу жылынан баштап   ремонт жасалып келинет, анткени полунун лагалары чирип калган. 2016-2017-окуу жылында камкорчулар тарабынан 39000 сом акча жыйналган. Мектепте чечинүүчү жайдын чатыры сынып кеткендигине байланыштуу чогулган акчага чатыр оӊдолду.
Жогорудагы сунушту карап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги   алтынчы   сессиясы

                                                                      ТОКТОМ   КЫЛАТ :

  1. Кербен шаарынын А.Бегимкулова атындагы Жетиген жана Н.Мамбетов атындагы орто мектептердин көмөкчү чарбалары боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана 2017-2018 -окуу жылына карата ремонт иштеринин абалдары канаттандыраарлык деп эсептелинсин.
  2. Бардык мектептин, бала-бакчалардын жетекчилерине, көмөкчү чарбадан түшкөн каражаттар казына аркылуу эсепке алгандан кийин чыгымдоо жагы катуу эскертилсин.
  3. Мектептерге, бала бакчаларга демөөрчүлөр жана ата-энелер тарабынан алып берилген буюмдар же эмеректер мэриянын балансына алынсын.
  4. Билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, бала-бакчалардагы жана мектептердеги таштандыларды таштоочу жайларды королоо жана 2 күндө бир алып туруу жагын уюштуруу тапшырылсын.
  5. Белгиленген кемчилдиктерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыксын жана аткарууга алсын.

6.Бул токтом мамлекеттик реестрге   киргизүү жана каттоо үчүн   Жалал-Абад   областтык юстиция башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

  1. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.            

8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊешинин  социалдык, маданий, билим берүү   жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Койчубековага   жүктөлсүн.

 

                             Кербен   шаардык
                             Кенешинин   төрагасы :                                        Н.Шадыбеков

Кербен  шаары, 08.09.2017-ж. № 6/2

 

 

 

 

 

 

 

 

Админ
Автору Админ September 26, 2017 10:12