Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 20/4 токтому

Админ
Автору Админ November 18, 2019 09:19

     Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VII чакырылышынын  кезектеги  жыйырманчы сессиясы

                                                 Т О К Т О М    

      Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин алдындагы жол чарба департаментинин директору Шабданбек Маданбековичке  жана жол чарба департаментинин бөлүм башчысы Базаралиев Бекназар Токтосуновичке “Кербен   шаарынын ардактуу  атуулу” наамын берүү  жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин алдындагы жол чарба департаментинин директору Иманкулов Шабданбек Маданбековичти жана жол чарба департаментинин бөлүм башчысы Базаралиев Бекназар Токтосуновичти  Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө жана инфраструктурасынын жакшыруусуна кошкон салымдарын  эске алып “Кербен   шаарынын   ардактуу  атуулу” наамына көрсөтүү   жөнүндө Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин  2019-жылдын 17-октябрында № 3-34/635  кайрылуусун, Жалал-Абад –Балыкчы автомобиль жолдор башкармалыгынын  № 02-14/232  16.10.2019-жылдагы сунушун,  Аксы райондук № 12 жол тейлөө ишканасынын администрациясынын жана профсоюз уюмунун жалпы чогулушунун 17.10.2019-жылдагы № 02-16/169   токтомун  Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелелри боюнча туруктуу комиссиясынын 22.10.2019-жылдагы № 39-токтомун карап жана талкуулап чыгып,  Кербен   шаардык   Кенешинин VII чакырылышынын  кезектеги  жыйырманчы  сессиясы

                                       ТОКТОМ    КЫЛАТ :      

  1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин алдындагы жол чарба департаментинин директору Иманкулов Шабданбек Маданбековичке жана жол чарба департаментинин бөлүм башчысы Базаралиев Бекназар Токтосуновичке “Кербен   шаарынын   ардактуу  атуулу” наамы берилсин.
  2. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
  3.  Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  4.  Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, регламент  жана этика маселелери  боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага  жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:  Н.Шадыбеков

Кербен ш. 12.11.2019-ж. № 20/4

Админ
Автору Админ November 18, 2019 09:19