Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 8-сентябрындагы № 6/1 токтому

Админ
Автору Админ September 26, 2017 10:17

       Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын   кезектеги   алтынчы сессиясы

                                        Т О К Т ОМ

2017-жылдын алты ай аралыгында Кербен шаарынын
мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

Кербен шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджетти толтуруу боюнча бир топ иштерди аткарды:

  • Киреше салык такталган план – 6424,6 миӊ сом, аткарылганы 6621,0 миӊ сом же 103,1%;
  • Там арка жер салыгы   план – 873,5 миӊ сом, аткарылганы-897,6 миӊ сом же102,8%;
  • Айыл чарба багытындагы жер салыгы план-165,5миӊ сом, факт 171,8миӊ сом же 103,8%;
  • Айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгы план-1082,0 миӊ сом,факт 1289,8 миӊ сом же 119,2%ке аткарылды.

         Бирок   айрым салыктар боюнча

  • Транспорт каражаттарынан алынуучу салык план – 632,7миӊ сом, аткарылганы – 623,9 миӊ сом же 98,6%;
  • Ыктыярдуу патент салыгы 2128,9 миӊ сом, факт 1957,9 миӊ сом же 92%
  • Такталган   кыймылсыз мүлк салыгы 192,9 миӊ сом, факт 184,4миӊ сом же 95,6% .Ошондой эле жыл башынан бери шаардык Кенештин токтомдорунда Кербен шаарынын мэриясынын атына 40 (кырк) ар түрдүү багыттагы тапшырмалар жана суроо талаптар коюлганына карабастан, анын көпчүлүгү аткарылган эмес.Атап айтканда, калкты тейлөө боюнча “бирдиктүү терезе” принциби ишке ашкан эмес. Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепке сарпталган электроэнергиясы   үчүн мыйзамсыз которулган каражаттарды
    (150 миӊ сом ) кайтаруу боюнча иш жүргүзүлбөгөн. Муниципалдык   жерлерди тактоо, реестрин түзүү ушул күнгө чейин аткарылбаган. Муниципалдык жерлерди ижарага берүү, сатуу шаардык Кеӊештин, аны сатуу жана ижарага берүү   жөнүндө эреже, тартибисиз жүргүзөт . “Барпы” каналын калыбына келтирүү эрежени одоно бузуу менен аткарылгандыгы жөнүндө депутаттар убагында кайрылган. Бүгүнкү күндө суу бергенде  ал кемчилдиктер даана көрүнүп турат. Бул багытта мэрия контролду   жоготуп   койгон. Кербен шаарынын   борбордук   бөлүгү дарактар алынгандан кийин жаӊы көчөт менен толуктоо   маселеси айтылган, бирок аткарылбады. Бир жыл өткөнүнө карабастан ошол жерлер ушул күнгө чейин калыбына келтирилбеди.
    Тратуарга жаткызылган брусчатка шагал -ташка үймөлөнүп турат. Мекеме-уюмдарга тейлөө аянтын көрсөтүп берүү багытында тапшырма берилген, бирок иш уюштурулбаган. Кербен шаарынын борбордук бөлүгүнүн кунары учуп көркү күндөн-күнгө кетип жатканы бир нече жолу   депутаттар тарабынан айтылганына карабастан   сезилээрлик жылыш болбой жатат.
    Кербен шаарында аткарылып жаткан иштердин жалпы абалын карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин
    VII чакырылышынын кезектеги   алтынчы   сессиясы

                                       Т О К Т О М       К Ы Л А Т:

  1. 1. 2017-жылдын алты ай аралыгында Кербен шаарынын мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери кемчилдиктерин белгилөө менен   канаттандыраарлык деп   эсептелинсин.
  2. Кербен шаарынын мэриясы сессияда айтылган сын-сунуштар боюнча иш-чара   иштеп чыгып чукул аралыкта аткарууга алсын.

3.Бул токтом   мамлекеттик реестрге  киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад   областтык юстиция башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

  1. Токтом «www.Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.            

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊешинин  финансы,бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.

 

                             Кербен   шаардык
                             Кенешинин   төрагасы :                  Н.Шадыбеков

Кербен  шаары, 08.09.2017-ж. № 6/1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Админ
Автору Админ September 26, 2017 10:17