Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 8/1 токтому

Админ
Автору Админ December 26, 2017 13:44

Кербен   шаардык Кенешинин   VII чакырылышынын 
 кезектеги сегизинчи сессиясы

                                       Т О К Т О М

2017-2018-жылдардын күз, кыш мезгилине   муниципалдык
мекемелердин даярдыгы   жөнүндө

         2017-2018-жылдардын күз,кыш   мезгилине   карата   Кербен   шаарынын   муниципалдык  
мекемелери 642,0 тонна көмүр, 33,8 м3 отун   менен   камсыздалып, электроэнергиясы   үчүн
1млн 213 миӊ киловат-саат лимит бөлүнгөн. Бирок ташылган 210 тонна көмүрдүн   сапаты   жана
жылуулук   берүүсү начар болгондуктан, тендерди уткан подрядчы менен Кербен шаарынын  
мэриясы сүйлөшүүлөрдү   жүргүзүшүп 100 тоннасы сапаттуу көмүр менен алмаштырылган.
Кербен шаарынын социалдык мекемелерине жылуулук берүү жакшы деӊгээлде кармалууда.
Жогорудагы маселени караган шаардык Кеӊештин социалдык  маселелер боюнча туруктуу
комиссиясынын 2017-жылдын 8-декабрындагы №7 токтомун   карап   жана   талкуулап чыгып,
Кербен   шаардык   Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги   сегизинчи   сессиясы

                                            ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. 2017-2018-жылдардын күз,кыш мезгилине Кербен шаарынын муниципалдык мекемелеринин
    даярдыгы   канааттандырарлык деп эсептелсин.
  2. Кербен шаарынын социалдык мекемелеринде ( мектеп, бала бакча) окуу-тарбия иштери
    мезгилинде түрдүү багыттагы кино, концерттерди көрсөтүүгө чек коюлсун жана билеттерди
    сатуу жана таркатуу иштерине   мекеме-уюмдардын кызматкерлерин тартууга тыюу салынсын.
  3. Кербен шаарынын мэриясы,Кербен шаарынын социалдык мекеме-уюмдарына берилүүчү көмүрдүн
    сапатына жана анын көлөмүнө көӊүл бурсун.
  4. Бул токтом   мамлекеттик  реестрге   киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад   областтык юстиция
    башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
  5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө   кирет.          
  6. Бул токтомдун   аткарылышын   көзөмөлдөө  жагы  туруктуу  комиссиянын   төрайымы
    Г.Койчубековага    жүктөлсүн.

 

                              Кербен шаардык Кеңешинин
                              төрагасынын орун басары:                      Ж.Шакиев

Кербен  шаары, 21.12.2017-ж. № 8/1

 

 

 

 

Админ
Автору Админ December 26, 2017 13:44